
Ыйык Рухтун түшүүсү
Ыйык Китеп, Элчилердин иштери, 2-бөлүм, 1-41-аяттар
Ийбадаткананын алдындагы аянт көп сандаган адамдарга жык толгон. Бул күнү жүйүттөр түшүм Майрамын белгилешкендиктен, Иерусалимге көптөгөн элдер чогулушкан. Майрамдоо салтанаты Пасахтан кийин элүүнчү күнүнө туура келет.
Ыйса менен дос болгондордун баары бир үйдүн кенен бөлмөсүндө чогулушту. Алар Кудайга сыйынышып, сүйлөшүп жатышты. Бир маалда асмандан катуу шамалдын добушундай болгон үн угулду. Добуш күчөгөндөн-күчөп, бүт бөлмөнү толтурду.
Анан жалындай болгон тилдер бөлүнүп-бөлүнүп, алардын ар биринин үстүнө түштү. Бул чыныгы күйгөн от эмес, Ыйык Рухтун белгиси болгон.
Бул окуянын өзгөчөлүгү - көрүнүштүн өзү эмес, адамдардын жүрөгүндө болуп жаткан өзгөрүүлөр болду. Алар ошол маалда кубанычка толуп, катуу үн менен Кудайды даңктай башташты. Алар Кудайдын аларга канчалык кең пейилдик менен батасын бергенин, Ыйса канчалык жакшы сөздөрдү айтканын жана кылганын түшүнүштү. Ыйсаны көрө алышпаса да, Анын алар менен экенин сезишти. Рухка толгон элчилер Кудайга ыраазычылык билдирип жатышты – алар шаттанып, сыйынып жана даңктап жатышты.
Бир аздан кийин гана алар Кудайды эне тилинде да, такыр тааныш эмес тилдерде да даңктап жатышканын байкашты. Бир гана элчилердин өздөрү эле эмес, башка шаарлардан, жада калса, чет өлкөлөрдөн келген адамдар да тилдерди түшүнүп жатышты. Римдиктер – латын тилин, гректер - грек, перстер - перс, арабдар - араб, африкалыктар эне тилдерин угуп жатышты.
Кээ бирөөлөрү мында керемет болуп жатат деп коркушса, башкалары күлүп:
- Ой, алардын баары мас болуп алышкан тура! – дешти.
Ошондо элчилердин бири өйдөрөөк жерге чыгып, колун көтөрүп, сүйлөгүсү келгенин белги менен көрсөттү. Бул Петир болчу.
- Жүйүттөрдүн эркектери жана алыстан келгендер, менин сөздөрүмө кулак салгыла! - ал насаатын баштады. - Алар, силер ойлоп турганыңардай, мас эмес, себеби азыр таң эрте убакыт. Эчак эле Жоел пайгамбар бүгүн эмне болгонун алдын ала айткан: биз Ыйык Рухту кабыл алдык. Акыркы апталарда Ыйык Жазууда алдын ала айтылгандардын көбү аткарылды. Ал эми бүгүн болуп өткөн нерсе - Ыйык Рухтун бизге түшүшү. Назареттик Ыйса менен болгон окуялардын бардыгын байыркы убактагы пайгамбарлар алдын ала айтышкан. Ал Кудайдын Уулу экенин көптөгөн кереметтер менен далилдеген. Бирок, ага карабастан, силер римдиктердин жардамы менен Аны айкаш жыгачка кададыңар. Бирок Кудай Аны тирилтти.
Биз буга ишенебиз, анткени өзүбүз күбө болгонбуз. Биз Аны өлүм жазасына тартылгандан кийин өз көзүбүз менен көрдүк жана анын тирүү экенин билебиз. Ошондой эле, биз Анын асманга көтөрүлүп жатканын да көрдүк. Ошентип, Ал бизге Ыйык Рухту жиберди. Баарыңар билип алгыла: Кудай Ыйсаны бардыгынын үстүнөн Теңир кылып койду!
Чогулгандардын көбү Кудайдын Өзү алар менен бул адам аркылуу сүйлөп жатканын байкабай коюшпады. Алар Элчинин сөздөрүнүн чын экенинен шек санашкан жок, анткени анын насааты жүрөктөрүнүн тереңине чейин жетип жатты.
- Биз эми эмне кылышыбыз керек? — деп сурашты алар Петирден.
- Тобо кылгыла, ар бириңер Кудайдын жардамы менен жаңы жашоо баштап жатканыңардын белгиси катары чөмүлгүлө, - деп жооп берди ал, - ошондо силер да Ыйык Рухтун белегин аласыңар. Анткени пайгамбарлардын айткандары силерге да тиешелүү.
Петирдин насаатын миңдеген адамдар угуп, ошол эле күнү үч миңге жакын адам чөмүлүү алышты. Алардын баары Ыйса Машаяктын Жакшы Кабарын кубаныч менен кабыл алышты.
Ошентип, Элүүнчү күн майрамында, Ыйык Рух түшкөн күнү, биринчи жыйын түзүлдү.
Талкуулоо үчүн суроолор
4 сурооЭлчилер Ыйык Рухту кабыл алганын эмне ачык далилдеди?
Петир насаатында эмне жөнүндө айткан?
Ошол күнү канча адам чөмүлүү алган? Эмнеге алар мындай кылышты?
Кайсы майрам жыйындын туулган күнү деп эсептелет?