Шабылдын Теңирге кайрылышы

Шабылдын Теңирге кайрылышы

Ыйык Китеп, Элчилердин иштери, 9-бөлүм, 1-30-аяттар

Степандын өлүмүнө өзгөчө кубанган бир киши бар эле, ал Ыйсанын жолдоочуларын куугунтуктаган жаш мыйзам окутуучу Шабыл болчу. Жаңы эле түзүлө баштаган жыйынында маанилүү ролду ойногон Степандын өлгөнүнө Шабыл кубанганын жашырган жок. Степан өлгөндөн кийин, ишенгендерге каршы өтө катуу куугунтуктоолор башталган. Шабыл анын жигердүү катышуучусу эле. Ал мындай кылуу менен, Кудайга кызмат кылып жатам деп ойлогон.

Шабыл бир күнү, Ыйсанын жолдоочулары көп болгон Дамаск шаарына сапар тартты. Ал жактан ишенгендерди кармап, Иерусалимге алып келип, кылмышкерлер катары түрмөгө камоону каалаган. Жада калса, ал буга алдын ала даярданып, башкы дин кызматчынын уруксатын алган.

Ал Дамаскка жакындап калганда, анын жашоосун түп-тамырынан бери өзгөрткөн окуя болду. Күтүлбөгөн жерден жаркыраган жарык пайда болуп, анын көзүн сокур кылды.

Шабыл жерге жыгылды, анан асмандан үн угулду:

- Шабыл, Шабыл! Эмне үчүн Мени кубалап жатасың?

Шабыл коркконунан:

- Сен кимсиң, Теңир? – деди.

Үн жооп берди:

- Мен, сен куугунтуктап жаткан, Ыйсамын.

Шабыл, Ал жалган пайгамбар жана алдамчы деп айткан, Ыйсанын алдында үрөйү учуп, титиреп турду. Ошентип, Ыйсага ишенгендерге каардуу куугунтук көрсөткөн Шабыл өзүнүн жаңылганын түшүндү. Эми ага асмандан сүйлөгөн Ыйса- Кудайдын Уулу, пайгамбарлар алдын ала айткан Машаяк экени ачылды.

Ыйса ага мындай деди:

- Тур да шаарга бар! Ал жерден сага эмне кылуу керек экенин айтып беришет.

Шабыл ордунан турду, бирок көзү ачык болсо да эч нерсе көрбөй карама сокур болуп калды. Жанындагылар анын колунан кармап, Дамаскка алып келишти. Ал жерде үч күн бою көзү көргөн жок, атүгүл, эч нерсе жеп-ичкен да жок. Бул убакыттын ичинде ал Теңирге жалынып-жалбарып, Андан кечирим сурады. Үч күндөн кийин Кудай Шабылга Анания деген кишини жиберди. Ал Шабылга колун коюп, Кудайдан анын көзү көрсүн деп тиледи. Ошондо, Шабыл кайрадан көрө баштады, анан ал сууга чөмүлүп, Машаякчылардын жыйынына кабыл алынды.

Талкуулоо үчүн суроолор

4 суроо
  1. Шабыл Дамаскка кандай ниет менен бара жаткан?

  2. Ал кимден уруксат алган?

  3. Дамаскка жакындап калганда, Шабылду эмне токтоткон?

  4. Жолдо сокур болуп калганда Шабыл эмнени түшүндү?

95. Шабылдын Теңирге кайрылышы00:00 / 02:57