Ишеним аркылуу чөмүлүү

Ишеним аркылуу чөмүлүү

Ыйык Китеп, Элчилердин иштери, 8-бөлүм, 26-39-аяттар

Аябай кооздолгон араба чөлдү аралап жай бара жатты. Ал арабада бай кийимчен, көрүнүшүнө караганда африкалыктарга окшош бир киши, айланасындагыларга эч көңүл бурбастан түрмөктү окуп бара жаткан.

Өзүнүн мекени болгон Эфиопияда ал казына иштерин башкаруучуларынын башчысы болгон. Ал бай жана жогорку даражалуу төрө катары белгилүү болчу. Бирок ага карабастан ал өзүн бактысыз сезчү. Ал, эмне үчүн жашап жатам? Мен өлгөндө эмне болот? Менин күнөөмдү ким кечирет? Мен кандай болсом, ошо бойдон мени ким сүйө алат? – деген суроолорго жооп таппай кыйналчу.

Казына башчысы байыркы убакта Кудай Ысрайыл элин, алар менен бирге болуп, туура жашоого үйрөтүү үчүн тандап алганын уккан. Ошондуктан, ал Иерусалимге келип, ийбадатканада сыйынып, суроолоруна жооп табууга аракет кылды. Бирок ал ысрайыл элине таандык болбогондуктан, ага ийбадаткананын ичине кирүүгө тыюу салынган. Ошондуктан, көп нерсе ага түшүнүксүз бойдон кала берген болчу.

Бирок, Иерусалимге болгон сапары текке кетпеши үчүн, ал баалуу түрмөк сатып алган. Анда Ышайа пайгамбардын көп жылдар мурун айткан бардык сөздөрү жазылуу эле.

Эми эбнух үйүнө арабада баратты, анан ал бир Киши тууралуу окуду: пайгамбардын айтканы боюнча, ал Өз ыктыяры менен адамдардын күнөөлөрү үчүн азап тартып өлөт жана Ага көпчүлүк адамдар таандык болот. «Бул эмнени билдириши мүмкүн?» — деп өзүнөн сурап бара жатты эбнух. Ошол маалда бирөө андан сурап калды:

- Окуганыңды түшүнүп жатасыңбы?

Бул Филип болчу. Кудай ага чөлгө барууну буйруган. Ал жерде Филип африкалык эбнухтун Ышая пайгамбардын китебин үн чыгарып окуп бара жатканын укту.

- Мен эч нерсе түшүнбөй жатам, - деп жооп берди эфиопиялык адам. – а сенчи, сен бул сөздөрдүн маанисин түшүнөсүңбү, эгер билсең мени менен барып, мага түшүндүрүп бербейсиңби.

Филип арабага түшүп, анын жанына отурду.

- Бул жерде пайгамбар ким жөнүндө айтып жатат? — деп сурады эбнух Филиптен.

- Ыйса тууралуу, - деп жооп берди ал.

– Ыйса? Ал ким?

Ошондо Филип ага Ыйса жөнүндө Жакшы Кабарды айта баштады: оорулууларды кантип айыктырганын, кандай кереметтерди жасаганын, канча адамга жардам бергенин, ошондой эле аны фарисейлер менен дин кызматчылары Аны жек көрүп, акыры римдиктердин колу менен кантип өлтүрүлгөнүн айта баштады.

- Өкүнүчтүү, - деп үнүн чыгарып сүйлөнүп ийди, - мени Аны менен таанышсам, аябай сүйүнмөкмүн.

- Сен аны азыр деле кылсаң болот! - деди Филип. - Анткени Ал тирилген!

Ошондо Элчи эфиопиялыкка шакирттери көргөн нерселердин баарын: Ыйсанын тирилгенин, асманга көтөрүлгөнүн жана Ыйык Рух жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Ыйсанын шакирттери Теңирге таандык экенин көрсөтүү үчүн, сууга чөмүлгөнүн да айтты.

- Мен да чөмүлгүм келет! – деп каржы башчысы кызыгуу менен айтты.

Филип ага мындай деп жооп берди:

- Эгерде сен Ыйсага чындап ишенсең, анда мен сени кубаныч менен чөмүлдүрөм.

Эфиопиялык башын ийкеп макул болду.

- Ыйса Машаяк Кудайдын Уулу экенине ишенем!

Араба суунун жанынан өтүп бара жатканда, алар токтоп, Филип аны сууга чөмүлдүрдү.

Эбнухтун жүрөгү кубанычка толду. Ал Филипке ыраазычылык билдиргиси келгенде, ал көздөн кайым болуп, жок болуп кетти. Ошентип, эфиопиялык адам Ыйсанын дайыма аны менен болорун билип, кубанган бойдон өз жолун улантып кете берди.

Талкуулоо үчүн суроолор

5 суроо
  1. Филип эмне үчүн ээн чөлгө барган?

  2. Эбнух кандай максатта Иерусалимге келген?

  3. Ал Ыйык Жазуунун кайсы китебин окуп бараткан? Ал Филиптен эмне тууралуу сурады?

  4. Эфиопиялык киши чөмүлөрдүн алдында эмне жөнүндө күбөлөндүргөн?

  5. Эмнеге ал жолун кубануу менен улантты?

96. Ишеним аркылуу чөмүлүү00:00 / 04:20