Машаяк үчүн азап тарткан биринчи адам

Машаяк үчүн азап тарткан биринчи адам

Ыйык Китеп, Элчилердин иштери, 6, 7-бөлүмдөр

Иерусалим жыйыны өсүп жатты. Ал жерде миңдеген адамдар чогулушчу. Элчилер көп убактысын жумшап, муктаж болгондорго кам көрүп жатышты, анткени бул көп убакытты талап кылчу. Ошондуктан бул маселелерди чече турган атайын адамдарды, диакондорду шайлоо керек деген тыянакка келишти. Диакондор муктаж болгон адамдарга эле жардам бербестен, насаат сөздөрдү да айтышчу.

Ошондой кызматчылардын бири Степан эле. Ал Ыйык Рухка толуп алып, көптөгөн адамдарды тобо кылууга алып келген. Степан Ыйса Теңирдин атынан кереметтерди көрсөтүп жүрчү, бирок бул көптөгөн жүйүттөрдүн көрө албастыгын жана жек көрүүсүн жаратты.

Бир жолу Степанды Синедриондун, ошол убактагы жүйүттөрдүн жогорку диний сотуна, алып келишти. Анын сүйлөгөн сөзү насаат сыяктуу эле. Степан Кудайдын Өз эли - Ысрайыл менен болгон мамилеси жөнүндөгү окуяны айтып берип жаткандыктан, адегенде синедриондогулар анын сөздөрүнөн айыптуу эч нерсе таба алышкан жок. Бирок бир аздан кийин Степан алардын айыбын ашкерелеп баштады:

- Тоң моюндар! Жүрөктөрү менен кулактары Кудайдын Сөзүнө жабык адамдарсыңар. Ата-бабаларыңар пайгамбарларды кабыл албагандай, силер да Ыйсаны кабыл алган жоксуңар.

Анан Степан асманды карап, мындай деди:

- Кудай менин көзүмдү ачты, мен ачылган асманды жана Кудайдын оң жагында турган Адам Уулун көрүп жатам.

Бул сөздөрдү уккан Синедриондун мүчөлөрү ачууларын баса албай калышты. Алар ыргып тура калып, Степанды көздөй атырылышып, аны шаардын көчөлөрү менен сүйрөп алышып, түртүп, ур-соккуга алышты. Шаардын сыртына чыкканда, аны курчап алып, өлтүрүш үчүн таш бараңга алышты. Оор жаракат алган Степан мындай деп сыйынды:

- Теңир Ыйса! Менин рухумду алчы!

Таштар ушунчалык катуу тийип жаткандыктан, ал тизелеп жыгылып калды.

Ошондо ал катуу кыйкырып жиберди:

- Теңир! Аларды бул күнөөлөрү үчүн жазалай көрбө!

Ыйса да айкаш жыгачта так ушундай сыйынган. Айкаш жыгачка кадалганда Ыйса душмандары үчүн сыйынгандай, Степан да аны ур-токмокко алгандар үчүн сыйынып үлгүрдү да, андан соң, көз жумду. Степан Ыйсанын жолдоочуларынын ичинен, биринчи болуп Куткаруучу Ыйса Теңирге ишенгендиги үчүн өмүрүнөн ажыраган.

"Ыйык Рухка толгон Степан болсо асманга көз жиберип, Кудайдын даңкын жана Кудайдын оң жагында турган Ыйсаны көрдү.

Ошондо ал: «Ачылган асманды жана Кудайдын оң жагында турган Адам Уулун көрүп жатам», – деди.

Бирок алар кулактарын жаап алып, катуу кыйкырып, аны көздөй жапырт умтулушту. Алар аны шаардын сыртына алып чыгып, таш бараңга ала башташты.... Степан: «Теңир Ыйса! Менин рухумду алчы», – деп сыйынды.

Анан чөгөлөп, катуу үн менен: «Теңир! Бул күнөөнү алардын күнөөсү катары эсептебе», – деди. Ушинтип айткандан кийин, ал жан берди".

Ыйык Элчилердин иштери 7:55—60

Талкуулоо үчүн суроолор

4 суроо
  1. Кайсы маанилүү кызматка элчилердин убакыттары жетишпей калган?

  2. Бул кыйынчылыктарды элчилер кантип жеңген?

  3. Степан ким болгон? Жүйүттөр ага эмнеге ачууланышкан?

  4. Степанды таш бараңга алып жатышканда, ал эмне деп сыйынган?

94. Машаяк үчүн азап тарткан биринчи адам00:00 / 03:07