Ыйсанын асманга көтөрүлүп кетиши

Ыйсанын асманга көтөрүлүп кетиши

Ыйык Китеп, Лука 24, 44-53 аяттар; Элчилердин иштери 1-бөлүм 9-11-аяттар

Куткаруучу Ыйса Теңир өлүмдөн тирилип, шакирттери менен жолугуп, алар менен сүйлөшкөн күндөр кандай гана сонун болчу. Бирок бул күндөр түбөлүккө созулган жок. Ыйса асманга Атасына кайтып барышы керек болчу.

Зайтун тоосу обочолонуп чогулганга ылайыктуу жер болгондуктан, Ыйса өзүнүн досторун ал жерге алып келди. Шакирттери капа болушту. Анткени Ыйса аларды калтырып кетмек. Пасах майрамынан бери кырк күн өттү.

- Капаланбагыла, - деди Ыйса, - Мен асмандагы Атама бара жатсам да, силер мененмин. Керек болсо, силер Жакшы Кабар таратуу үчүн жердин түбүнө чейин барсаңар да, Мен Ыйык Рухтун жардамы менен ошол жерде силер менен болом. Анткени Мен силерге бир нече жолу айткам: асманга көтөрүлгөндө, силерге Сооротуучуну жиберем.

Шакирттер Устатын суроолуу көздөр менен карап калышты. Ал сөзүн улантты:

Жакан сууга чөмүлдүргөн. Ушундай кылуу менен, адамдар жаңы жашоого болгон каалоолорун күбөлөндүрүштү. Ыйык Рух да ошондой. Ал силерден жаңы адамдарды чыгарат, силерге Жакшы Кабар таратуу үчүн күч берет. Ыйык Рух аркылуу Мен өзүм силерди коштоп жүрөм. Дагы, Мени менен болуп, Мени түшүнүп, сүйүшүңөр үчүн, Ал жардам берет. Силер Кудайдан күч аласыңар жана бардык жерде Мен жөнүндө айта баштайсыңар. Адегенде бул жерде, Иерусалимде, анан бүт Израилде, акыры бүт жер жүзүндө.

Анан Ал колун асманга көтөрүп, шакирттерине батасын берип, күтүлбөгөн жерден жерден көтөрүлө баштады! Ал уламдан-улам жогору көтөрүлө берди. Шакирттери Ал такыр көзгө көрүнбөй, акыры Ыйсаны булуттар жаап калганга чейин карап турушту. Бул коштошуу шакирттер үчүн күтүүсүздөн болду. Ким ойлоптур, Ыйса Атасына ушинтип, бардыгынын көзүнчө асманга көтөрүлүп кетет деп! Эми Ал Атасы менен, башка, көрүнбөгөн дүйнөдө.

Алар таң кала асманды тиктеп тура беришти. Эми алар эмне кылышы керек?

Ошол учурда шакирттеринин алдына жаркыраган ак кийимчен эки адам пайда болду. Булар Периштелер эле. Алар Ыйсанын кайра асмандан жерге келерин, бирок Наристе катары эмес, күч жана даңк менен келерин айтышты. Ыйса экинчи жолу Сот катары, Кудуреттүү Күчтүү Падыша катары келет. Ал күндөр келгенге чейин Ага ишенгендердин жүрөгүндө жашайт жана асманда падышачылык кылат.

Шакирттер Ыйсанын аларга айткан акыркы сөздөрүн жүрөктөрүнө бекем сактап, кубаныч менен Иерусалимге кайтып келишти.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Ыйса шакирттери менен кантип коштошкон? Ал аларга эмне деп айткан?

  2. Теңир алардан кантип кеткен?

  3. Периштелер шакирттерге эмне деп айтышты?

92. Ыйсанын асманга көтөрүлүп кетиши00:00 / 03:13