Жебирейил Периштесинин Мариямга көрүнүшү

Жебирейил Периштесинин Мариямга көрүнүшү

Ыйык Китеп, Лука, 1-бөлүм, 5-38-аяттар

Галилеянын Назарет деген шаарында Мариям деген кыз жашачу. Ал жыгач уста Жусупка турмушка чыкканы жаткан. Мариям менен Жусуп жөнөкөй адамдар болсо да, Дөөт падышанын урпактарынан болушкан. Алар жакынкы аралыкта үйлөнөлү деп, жүрүшкөн.

Бир күнү Мариям үйдө оокат кылып жатканда, күтүлбөгөн жерден

Жебирейил Периште ага көрүндү. Аны Кудай жиберген болчу:

- Кубан, Баталуу кыз! Теңир сени менен!

Мариям аябай коркуп кетти жана мындай деп ойлоду: «Мени менен эч ким мурда минтип саламдашчу эмес».

– Коркпо, Мариям, – деди Жебирейил Периште, – сен Кудайдан ырайым таптың. Сен Уул төрөп, ага Ыйса деген ысым бересиң, бул Куткаруучу дегенди билдирет. Ал улуу болот, Бардыгынан Жогору Тургандын Уулу деп аталат. Ага Атасы Дөөттүн тагын берет, Анын падышачылыгынын чеги болбойт.

Мариям Периштенин сөздөрүн араң түшүнүп жатты.

- Бирок, мен турмушка чыга элекмин да... - деп айтты, титиреген үнү менен.

- Ар бир адам баласынын атасы бар, - деди Периште, - Бирок сен төрөй турган Уул жөнөкөй эле бала эмес. Анын Атасы - Кудай. Ошондуктан, Ал Кудайдын Уулу болот дедим.

Мариям Периштенин сөзүнө ишенди. Кудайдын көп кылымдар мурун айткан сөзү жакында аткарылат! Ал эми, Мариям, убадаланган Куткаруучунун энеси болот!

Бирок ал мунун кандай болорун түшүнө албай, Периштеден сурады:

Бул кандайча болот?

Ошондо Жебирейил жооп берди:

- Буга Ыйык Рух кам көрөт. Кудуреттүү Кудайдын күчү Наристеге өмүр берет. Ошондуктан, сен төрөгөн Бала ыйык болот жана Кудайдын Уулу деп аталат!

Кудайга моюн сунгусу келип, Мариям мындай деди:

- Мен Теңирдин күңүмүн. Мага сен айткандай болсун.

Ошондо Периште анын жанынан кетип, асманга кайтты.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Жебирейил периште кимге көрүнгөн? Мариям каякта жашачу? Ал ким менен убадалашып койгон? Алар кимдин урпактары болгон?

  2. Периште Мариямга эмнени кабарлады?

  3. Мариям Периштенин айткандарын кандай кабыл алды?

50. Жебирейил Периштесинин Мариямга көрүнүшү00:00 / 02:33