Акырда жаткан Наристе

Акырда жаткан Наристе

Ыйык Китеп, Лука, 2: 1-7-аяттар

Ошол күндөрдө, Кудай бүткүл Рим империясынын алгачкы императору Августка элдерди каттоодон өткөрүш керек деген каалоону берди. Ага ылайык Палестинанын бардык тургундары эл каттоо үчүн ата-бабаларынын шаарына барышы керек болчу.

Ал кезде Жусуп менен Мариям Назарет шаарында жашашчу.

- Менин үй-бүлөм Бейт-Лехемден экенин билесиң, – деди Жусуп Мариямга. - Көп кылымдар мурун өлкөнү башкарган Дөөт падышанын урпактарынан болом, ошондуктан мен ал жакка барышым керек.

- Жөнөкөй күндөрдө бул сапар мени такыр түйшөлтмөк эмес, - деп үшкүрүндү Мариям, - бирок жакында мен көз жарышым керек экенин билесиң да. Жол жүрүү кыйын болот. Анан Бала бөтөн жерде төрөлсө жакшы болбойт го.

- Мен жаныңда болом, Мариям, - деп сооротту Жусуп. – Анын үстүнө, Периште айтпады беле, сен төрөгөн Уул, Кудайдын Уулу болот деп. Кудай биз үчүн кам көрөт.

Ошентип, Мариям менен Жусуп жолго чыгышты. Алар эшек минип баратышса да, жүрүшү жай болуп, жол көп күнгө созулуп кетти. Акыры Бейт-Лехемге жеткенде, чарчаган жолоочулар түнөгөнгө жай издей башташты.

- Кечиресиз, - деп кайрылды Жусуп үйдүн алдында ары-бери чуркап жүргөн мейманканалардын биринин ээсине, - сиздин мейманканаңыздан бир бөлмө алсак болобу?

- Кечиресиз, - деп жооп берди ал, - бош орун жок.

- Бош бөлмө такыр калган жокпу? Анда биз каякта түнөйбүз? Кичинекей эле бөлмө болсо болот эле? Менин аялымдын төрөр маалы да жакындап калды, балким ушул түн ичинде көз жарып калышы мүмкүн!

- Каап... Мен сиздерге чын жүрөктөн жардам бермекмин, бирок менде бош орун калган жок.

Мариям коркконунан Жусуптун колунан кармады:

- Бирок биз ачык асмандын алдында кала албайбыз да! Сыртта күн суук, Бала үчүн кабатырланып жатам!

Мейманкананын ээси жакын келип:

- Ооба, сыртта калуунун кереги жок. Короонун арт жагында малканам бар. Саманды жерге төшөп ынгайлуу жайгашсаңар болот, ал эми жаныбарлардын деми жылуулук берип турат.

- Рахмат, боорукердигиңизге чын жүрөктөн ыраазыбыз! – деп Жусуп менен Мариям ыраазычылык билдиришти.

Ал эми ошол түнү укмуштуудай бир нерсе болду: дүйнөнү жараткан жана бүт ааламды өзүнүн колунда кармап турган Кудайдын Уулу кичинекей алсыз Балага айланып, малканадагы саманга жатууга аргасыз болду. Албетте, Ымыркайдын сырткы келбетин көрүп, аны эч ким Кудайдын Уулу деп айта албайт болчу. Мариям Аны уйлар менен эшектер чөп жей турган акырга жаткырды. Эми болсо Бала анын ичинде ооналактап, кадимки жаңы төрөлгөн ымыркайлардай эле бир аз чыйылдап жатты. Жусуп Мариямды карап:

- Бул Наристе тууралуу Периште эмне деп айтканы эсиңдеби? Буга ишениш кыйын болуп жатат, анткени Ал абдан кичинекей жана азыркы жагдайыбыз аянычтуу.

- Бирок мунун баары чындык, Жусуп, - деп Мариям акырын үнү менен жооп кайтарды, - баары Кудай айткандай болот.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Ким Рим империясынын күчтүү императору болгон?

  2. Жүйүттөр кайда барышы керек эле?

  3. Ыйса кайсы «бай мейманканада» төрөлгөн?

51. Акырда жаткан Наристе00:00 / 03:26