Талаадагы койчулар

Талаадагы койчулар

Ыйык Китеп, Лука, 2-бөлүм, 8-20-аяттар

Бейт-Лехемге жакын жерде койчулар кой кайтарып жүрүшкөн эле. Түн кирди, бирок алар уктап калбашы керек: анткени ар-тараптан шимшиген жырткычтар, ыгы келсе кичинекей козуларды дароо сүйрөп кеткенге даяр. Ар түнү, кандай гана аба ырайы болбосун, чабандар малдарын өзгөчө этияттык менен кайтарууга тийиш эле.

Бирок бул эмне? Көздү уялткан бул кандай укмуштуудай жарык? Аларга асмандан кимдир бирөө жаркырап, жылтылдап түшүп келе жатат! Чабандар коркуп кетишти. Бул мүмкүн эмес! Бул Теңирдин Периштеси! Анан Периште аларга абдан назик сүйлөдү:

- Коркпогула! Мен силерге бардык адамдарды сүйүнтө турган чоң кубанычты жарыялайм!

Ал койчуларга Бейт-Лехемде түн ичинде төрөлгөн кереметтүү Наристе жөнүндө айтып берүү үчүн асмандан келгенин түшүндүрдү. Ал Наристе – Куткаруучу, Машаяк Теңир.

Койчулар көптөн күткөн Куткаруучунун келгенин угушканда, абдан таң калышты. Кандай гана жаңылык! Андан да өзгөчө бир нерсе: Баланы көрүү үчүн байдын сарайына баруунун кереги жок болчу. Алар Аны акырдан табышмак. Демек, биринчи кезекте Аны мал сарайдан издеш керектигин билдирген.

Койчулар бири-бири менен сүйлөшүүгө да үлгүрбөй калышты, анткени күтүлбөгөн жерден, асмандагы Периштелердин даңктоосу угулду:

- Асмандагы Кудайга даңк! Жер үстүндө тынчтык, адамдарга жакшылык болсун!

Бул, балким, жер үстүндө жаңырган эң сонун ыр болсо керек.

Андан кийин Периштелер жок болуп кетишти.

Койчулар бири-бирин карап, мындай чечишти:

- Келгиле, Бейт-Лехемге барып, Теңир айткандай, Куткаруучуну табалы!

Бул кабарды аларга Кудай Өзү айтканына алар толук ишеништи.

Чабандар койлорун Кудай сактарына бекем ишенишип, Бейт-Лехемге шашылышты. Ал жерден мал сарайды таап, Мариямды, Жусупту жана акырда жаткан Наристени жолуктуруп, баары Кудай айткандай экенин көрүштү.

Койчулардын жүрөктөрү терең кубанычка толду, анткени алар көптөн күткөн Машаяк - Куткаруучу Ыйсаны, Кудайдын Уулун биринчилерден болуп көрүшкөн.

Талкуулоо үчүн суроолор

4 суроо
  1. Түнчүндө талаада кимдер болушкан? Алар эмне кылып жүрүшкөн?

  2. Койчулар менен сүйлөшүүнү Периштеге Ким тапшырган? Аларга Периште эмне деди?

  3. Периштелердин мактоосу эмне жөнүндө болгон?

  4. Койчулар периштенин сөзүнө ишеништиби? Алар Наристени көрүүгө шашылыштыбы же таңдын атышын күтүүнү чечиштиби?

52. Талаадагы койчулар00:00 / 02:39