Чыгыштан келген даанышмандар

Чыгыштан келген даанышмандар

Ыйык Китеп, Матай, 2-бөлүм, 1-12 аяттар

Алыскы Чыгыш жеринде даанышмандар жашашчу. Алар эмнеге мындай аталып калган? Балким, ар кандай илимдерди изилдешкендиктен улам. Алардын эң жакшы көргөн иши — жылдыздарды изилдөө эле.

Мына бир түнү даанышмандар асманды карап жатышканда, күтүлбөгөн жерден жаңы нерсени көрүштү. Ал жаркыраган жаңы жылдыз эле. Чыгышта жылдыздар көп болгону менен, бул алардан айырмаланып турду. Алар мурда бул жылдызды көрүшкөн эмес. Ал башка жылдыздардай эмес, өзгөчө болгон.

Кудай аларга жаңы жылдыздын пайда болушунун себебин көрсөттү. Алыскы жерлерде Падыша төрөлгөнүн, акылмандар жылдыздын артынан ээрчишсе, так ошол жерде болушарын ачып берди. Ошондо алар абдан кубанышты! Ошентип, алар сапарга даярдана башташты. Төрөлгөн Падышага белектерди алганды да унутушпады. Керектүү нерселердин баарын алгандан соң, даанышмандар жолго чыгышты.

Бул узак жол болгон, бирок даанышмандар ага карабастан жылдызды ээрчип жөнөштү – ал асманда жаркырап, акылмандарга жол көрсөтүп турду.

Акыркы алар Ыйык Иерусалим шаарына келишти. Акылмандар төрөлгөн Падышаны көрүүгө абдан шашылышкандыктан, дароо эле Аны падыша сарайынан табабыз деген үмүт менен хан сарайга жөнөштү.

Ирод падыша аларды тосуп алып, жакшылап сыйлады. Анан дасторкон үстүндө алардын сапарынын максатын кененирээк сурады, акылмандар болсо ага өзгөчө жылдыз тууралуу жана анын пайда болушу, падышанын төрөлүшүн билдирерин ачык айтып беришти.

Ошондуктан, биринчи кезекте падышанын сарайынан издейли деп, бул жакка келип отурабыз, — деп акылмандар кептерин аякташты.

- Силер туура кылган экенсиңер, - деди Ирод. Тилекке каршы, бул жерде жаңы төрөлгөн ымыркай жок. Бирок мен силердин издөөңөргө жардам берейин. Менин падышалыгымда илимдүү адамдар бар, аларды чогултуп, бул тууралуу сурайын.

Чынында эле бул кабарды мындан аркы изилдөөгө мамлекеттин акылдуу окумуштууларынын жардамы тийди.

- Падыша Бейт-Лехемде төрөлүшү керек. Бул тууралуу Кудайдын Сөзүндө, Михей пайгамбардын китебинде жазылган,- дешти.

- Бейт-Лехем абдан жакын, - деп түшүндүрдү Ирод чет өлкөлүк конокторуна – Эгер түштөн кийин чыксаңар, кеч киргенге чейин жетип каласыңар. Баарын жакшылап сураштыргыла, анан кайтып келе жатып, мага кире кеткиле да баарын айтып бергиле, анткени мен дагы төрөлгөн Падышага белек алып барайын-деди.

Бирок Ирод эптеп жатып, жүрөгүндөгү жаман ниетин билдирбегенге аракет кылды. Ал Балага кандайдыр бир белек бермек тургай, Аны өлтүрүүнү каалаган. Албетте, даанышмандар бул жөнүндө билген эмес.

Шайыр маанай менен алар жолго чыгышты. Алар Бейт-Лехемге жетишкенде, караңгы кирип, асманда жылдыздар көрүнүп калган эле. Даанышмандар көп жылдыздардын арасында аларды узак жол бою жетектеген жылдызды көрүп абдан кубанышты. Жылдыз алардын астында жүрүп отуруп, акыры төрөлгөн Наристеникине келип токтоду.

Ушул жер окшойт, — дешти кубанып. – Дал өзү! Кудай бизди Өзү алып келди!

Жусуп кичинекей үйүнө келген сөөлөттүү кишилерди көрүп, өз көзүнө ишене албай турду. Мариям экөө мындай бай, алыскы өлкөдөн келген конокторду эч качан тосуп көрүшкөн эмес эле.

- Биз Ысрайылдын жаңы төрөлгөн Падышасын издеп жатабыз! — дешти меймандар.

- Бала мына бул жакта, - деп, Наристе жаткан жакты колу менен көрсөтүп жооп берди Жусуп.

Ушундай маанилүү, билимдүү жана адеми кийимчен адамдардын, кичинекей Ыйсанын алдында тизе бүгүп, Ага Кудай катары табынганын көрүү кызык болду.

Андан кийин эмне болду? Даанышмандар кымбат баалуу белектерди: алтын, жыпар жыттуу зат жана мирра алып чыгып, Ыйсага тартуулашты.

Белектерин бергенден кийин, Ымыркай, Мариям жана Жусуп менен коштошуп, жолго чыгышты.

Түн ичинде Кудай түш аркылуу акылмандардын бирине Ироддун чыныгы планын ачып берди.

- Кудай мени менен сүйлөштү, - деди ал досторуна. - Ирод падышанын чынында жакшы ою жок экен. Ал Ымыркайга белек бербей эле, ага зыян келтирүүнүн жолдорун издеп жатыптыр. Ошондуктан кайра падыша сарайга барбай эле коелу.

Ошентип, алар мыкаачы падышага Наристе тууралуу эчтеке айтпастан, мекенине жөнөп кетишти.

Эртеси түнү Кудай Жусуп менен да түш аркылуу сүйлөштү. Ал аялы менен Уулун алып Мисирге качышы керектигин укту. Жусуп ойгонору менен дароо ордунан туруп, дароо убакыт коротпой, Мариям менен Наристе Ыйсаны алып, түн ичинде жолго чыкты.

Мисирге барчу жол узак болчу. Бир нече убакыт өткөндөн кийин гана Кудай аларды чоң жамандыктан куткарып калганы белгилүү болду: Падыша Ирод, акылмандар ага эч нерсе айтпай кетип калганын түшүнүп, абдан ачууланды. Ошондуктан ал Бейт-Лехемде жана анын айланасындагы эки жашка чейинки эркек балдарды өлтүрүүнү буйрду. Кырылган балдардын арасында жаңы төрөлгөн Падыша да бар деп ойлогон, бирок Ыйса эбак эле коопсуз жерде болчу. Ушул окуядан көп өтпөй Ирод көз жумду.

Ирод өлгөндөн кийин, Кудай Жусупка дагы бир түш көрсөттү, анда Периште ага коркунуч өтүп кеткенин жана алар Ысрайылга кайтып келсе болорун айтты.

Жусуп кайрадан Мариям менен Ыйсаны алып, Назареттеги өз мекенине жөнөдү. Дал ушул шаарда Машаяк Өзүнүн балалыгын жана жаштыгын өткөрдү.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Даанышмандар асманда кандай өзгөчө нерсени көрүшкөн?

  2. Алар Иерусалимден Кимди табабыз деп үмүт кылышкан? Алар Кимге келишти?

  3. Алар Ыйсага кандай белектерди алып келишти?

53. Чыгыштан келген даанышмандар00:00 / 06:11