Мекенге кайтуу

Мекенге кайтуу

Ыйык Китеп, Даниел, 9-бөлүм

Даниел Бабыл шаарына кичинекей кезинде алынып келинген, бирок ал карыганда да мекенин жана Кудайдын өз элин кайра алып келем деген убадасын унуткан эмес.

Ийбадаткана калыбына келтирилип, бардык жүйүттөр Кудайга сыйынуу үчүн кайрадан чогулса кана! Даниел үйүнө келип, орозо кармап, Кудайга сыйынды:

- Теңирим менин, Сен улуу жана ыйык Кудайсың, Сени сүйгөндөргө абдан ырайымдуусуң. Биз, Сенин элиң күнөөгө баттып, көп туура эмес иштерди жасадык. Ошондуктан Иерусалимдин талкаланышына, биздин бөтөн жерге туткундалып кетүүбүзгө жол бердиң. Бирок, Сенин боорукер жана кечиримдүү экениңди билип, мен Сага сыйынам: Өз элиңдин күнөөсүн кечир жана мекенине кайтара көр!

Ошондо Кудай бул сыйынууга кулак салды. Даниел өзү Ысрайылга кайтып келе алган эмес, анткени мекенге кайтуу уруксаты ал көз жумгандан кийин гана чыккан. Бабыл падышасы жүйүттөрдүн өз мекенине кайтып баруусуна гана уруксат бербестен, Иерусалимдеги ийбадаткананын алтындан жана күмүштөн жасалган бардык ыйык идиштерин да кайтарып берген. Ысрайылдыктардын кубанычы чексиз болгон. Эми алар боштондукта!

Бирок, баары эле өз мекенине кайтууну каалаган эмес. Анткени, бул өлкөдө кээ бирөөлөрүнүн үйлөрү жана бакчалары, кошуналары жана достору болгон. Ал эми Ысрайылда азыр урандылардан башка эч нерсе жок эле! Бардыгын жаңыдан куруу үчүн алар талыкпай эмгектениши керек эле.

Бирок кыйынчылыктардан коркпогондор да көп болду. Алар Иерусалимге кайтып келип, Теңирдин ийбадатканасын кайрадан калыбына келтирүүнү чечишти.

Ысрайылдыктардын өз жерине кайтып келишине көп убакыт керектелди. Алар эмнеден коркушса, ошол нерсе аткарылды: алардын үйлөрү талкаланып, жараксыз абалга келген, ал эми аман калган үйлөрдө башка адамдар жашашкан. Айдоо жерлерди, жүзүмзарларды отоо чөптөр басып кеткен, же болбосо аларды чоочундар иштетип, өздөрүнүн менчиги деп эсептешкен. Аларга дагы канча деген күрөш жана талыкпаган эмгек керек эле!

Алар үчүн эң негизгиси тазалоо же жер айдоо, себүү же оруу, жаңы үйлөр жана кампалар болгон эмес. Эң негизгиси, туткунда жүргөндө кыла албаган нерсеси: ийбадатканада Теңирди даңктоо мүмкүнчүлүгү кайрадан ачылды!

Бирок ийбадаткана да жок болчу. Бир кездеги кооз Иерусалим шаары урандыга айланыптыр.

Балким, Кудайдын үйүн калыбына келтирүүгө көп убакыт талап кылынар, бирок биз курмандык чалынуучу жайды азыр курушубуз зарыл, - деди ыйык кызматчы. – Ал мурунку турган жеринде курулушу керек.

Ошондо элдер курмандык чалынуучу жайдын жерин тазалай башташты. Көп өтпөй алар өз мекенине кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк берген Кудайга ыраазычылык билдирүү үчүн курмандык чалышты. Көп жылдар өткөндөн кийин, жаңы ийбадатка ыйыкталып, ишке берилген. Иерусалим кайрадан бийик дубалы бар кооз шаарга айланды.

Ысрайылдыктар Бабыл туткунунан кайтып келгенден кийин, Кудай Өзүнүн осуяттарын эскертүү максатында аларга пайгамбарларды улам жөнөтүп турду; Аларды кайра-кайра жазалап, кайра-кайра кечириш керек болуп жатты. Качандыр бир убакта Кудай, баары мурункудай болбой, башкача болорун пайгамбардын оозу менен айткан эмес беле?

«Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен Ысрайыл жана Жүйүт менен жаңы келишим түзөм.

Бирок бул келишим алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимдей эмес. Мен ал келишимди алардын ата-бабаларын Мисир жеринен алып чыгыш үчүн, аларды колдорунан алган күнү түзгөм. Мен алар менен түзгөн келишимимди бузбасам да, алар Менин ошол келишимимди бузушту… Бирок ошол күндөрдөн кийин Мен Ысрайыл менен мындай келишим түзөм, – дейт Теңир, – Мен Өзүмдүн мыйзамымды алардын ичине салам, аны алардын жүрөктөрүнө жазам, алардын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болот… Анткени Мен алардын мыйзамсыздыктарын кечирем, ошондон кийин алардын кылган күнөөлөрүн эстебейм " (Ыйык Китеп, Жеремия, 31-бөлүм, 31-34-аяттар) .

Талкуулоо үчүн суроолор

1 суроо
  1. Кудай бул убадасын качан ишке ашырууну ойлогон?

49. Мекенге кайтуу00:00 / 04:55