Өспүрүм Шемуел

Өспүрүм Шемуел

Ыйык Китеп, Биринчи Шемуел, 3-бөлүм

Ысрайылдыктар убадаланган жерде көп жылдар бою жашап жатышты. Алар үйлөрдү куруп, айдоо жерлерин иштетип, жүзүмзарларды отургузуп, өз жерлерин душмандардан тынымсыз коргоп турушту.

Алар чөлдө жүргөндө Кудайдын он осуяты жазылган таш лоокторду сактап турган ыйык чатыр, же жыйын чатырын бийик тоонун үстүнө тигишти. Кудайга сыйынып же ага курмандык чалгысы келген адамдар ошол жакка барышчу.

Ыйык кызматчы Эйли ыйык жайдын кире беришинин алдында отуруп, келген элди карап отурчу. Ал карып, ыйык кызматчынын милдетин аткара албай калгандыктан, эми анын уулдары кызмат кыла башташты. Бирок алар, тилекке каршы, Кудайга баш ийген эмес жана көп жаман иштерди жасашкан. Эйли муну билген, жана алардын Кудайга каршы күнөө жасап жатышкандарын өкүнүч менен аларга айткан, бирок уулдары атасынын сөзүнө көңүл бурушчу эмес.

Күндөрдүн биринде бир аял Эйлиге кичинекей баланы колунан жетелеп келди.

- Саламатсызбы! Менин атым Анна. Мени эстедиңизби? Бул жерде, жыйын чатырынын алдында, бир нече жыл мурун мен Кудайга уулду болоюн деп сыйынгам. Мен ошондо үмүтүм үзүлүп, абдан кыйналып жаткан кезим эле. Мен арызданып, ыйлаганболчумун, эсиңиздеби? Эми мен бактылуумун. Мына менин уулум, - аял сүйүү менен баласын карады. - Менин сыйынуумду Кудай угат деп, өзүңүз айткансыз. Уулумдун аты Шемуел, ал сиз менен калышы керек. Ал сизге Кудайга кызмат кылууга жардам берет. Мен аны Теңирге арнайм деп, ант бергем.

- Кудай сага батасын берсин, Шемуел, - деди Эйли. - Жүр, мен сага жашай турган жериңди көрсөтөм.

Шемуел Эйлиге жардам бергенди жакшы көрчү.

Бир күнү кечинде чарчаган Шемуел ыйык сандыктын жанында жатып, уктап калды. Бир маалда аны атынан бирөө чакырып жаткандыктан ал ойгонуп кетти.

- Эмне болду? — деп сурады ал.

Эч ким жооп бербегендиктен, ал ордунан туруп, Эйлиге келди.

- Мени чакырдыңызбы? – деди ал.

- Жок, - деди Эйли, - мен чакырган жокмун. Бар, бара кой, укта.

- «Кызык»,- деп ойлоду да Шемуел, кайра барып уктап калды.

- Шемуел! –ал кайра аны атынан чакырганын угуп, коркконунан титиреп кетти.

Ал Эйлиге чуркап жөнөдү.

- Азыр сиз мени чакырдыңыз, туурабы?

- Жок, балам, сени чакырган жокмун, - деп башын чайкады Эйли. - Бар укта!

Шемуел кайра уктап калды. Анан ал кайрадан, Кимдир Бирөө аны катуу үн менен чакырганын укту. «Бул жолкусунда жаңылышым мүмкүн эмес», - деп ойлоп, Эйлиге кайрадан жөнөдү.

- Мына мен, Эйли! Сизге бир нерсе керекпи? Ошондо Ыйык кызмат кылуучу ага Кудай сүйлөп жатканын түшүндү.

- Кайра бар да, жат. Кудай сенин атыңан чакырганда, мындай деп жооп бер:

«Сүйлө, Теңирим, кулуң угуп жатат!»

Шемуел төшөгүнө тынч жатып калды да, Кудайдын чакырганын күттү. Анан

күтүлбөгөн жерден бир Үндү укту:

- Шемуел, Шемуел!

- Сүйлө, Теңирим, кулуң угуп жатат! – деп титиреген үнү менен Шемуел акырын жооп берди.

Ошондо Кудай ага мындай деди:

- Мен Эйлинин үйүнө өкүм чыгардым. Уулдарынын Кудайды жаманатты кылып жатышканын көрүп турса да, аларды тыйбаганы үчүн мен аны жазалайм. Эки уулу тең бир күндө өлөт.

Теңирдин бул коркунучтуу кабарын уккандан кийин Шемуел таң атканча уктабай чыкты. Күн чыкканда, Шемуел ыйык чатырдын эшигин ачты.

- Түндө Кудай сага эмне деди? — деп сурады Эйли.

Шемуел Теңирдин коркунучтуу өкүмү жөнүндө айткысы келбей, жооп берүүдөн тартынды, бирок кийинчерээк, Эйлиге баарын айтып берүүнү чечти. Ыйык кызматчы бир аз унчукпай турду да, башын ийкеп, кайгыра мындай деди:

- Кудайым кандай айтса, баары ошондой болот. Анткени Ал - Теңир. Бир нече жылдан кийин, Кудай ошол түнү Шемуелге эмне деп айтса, баары так ошондой аткарылды.

Жылдар өтүп, Шемуел чоңойду, Теңир аны менен болду. Бүт ысрайылдыктар Шемуелдин Теңирдин пайгамбары болууга татыктуу экенин билишчү. Теңир Ысрайыл элине айтчу маанилүү чындыктарды Шемуел аркылуу ачып берип жатты.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Эмне үчүн Кудай Элийге нааразы болгон?

  2. Жыйын чатырда Теңир Шемуелге канча жолу кайрылды?

  3. Кудай Шемуелге эмне деди?

31. Өспүрүм Шемуел00:00 / 04:43