Жаш чабан

Жаш чабан

Ыйык Китеп, 1 Шемуел, 16-бөлүм

Илгери Бейт-Лехем кичинекей айыл болчу, ал жерге жолоочулар дээрлик барышчу эмес. Бирок Кудай дал ушул айылдын тургунуна Шемуелди конокко жиберди. Бул үй-бүлөнүн уулдарынын бири кийин Ысрайылдын падышасы болмок. Үй-бүлөнүн ээси Жышай үчүн, Шемуел пайгамбар өзү аныкына келгени чоң сыймык болгондуктан, ал аны үйүнө тамактанууга чакырды. Дасторкон жайылгандан кийин, Жышай уулдарын тааныштыра баштады.

Бул менин тун уулум - деди сыймыктана атасы.

«Ал падышадай көрүнөт, - деп ойлоду Шемуел. – Мен майлаган Шабулдай бойлуу жана сымбаттуу экен».

Бирок ошол замат Шемуел Кудайдын үнүн укту:

- Анын өңүнө жана боюна караба! Адам баласы өңүнө карайт, ал эми Кудай жүрөгүнө карайт. Бул падыша боло албайт.

Ошентип, Жышай жети уулун биринин артынан бирин тааныштырды. Бирок Кудай тааныштырган сайын: «Жок, бул эмес!» - деп жатты.

- Келгиле эми, тамакка карайлы,- деди дасторконго чакырып.

- Токтой тур, уулдарыңдын баарын мени менен тааныштырдыңбы? — деп сурады Шемуел.

- Дагы эң кичүүсү бар, бирок ал кой кайтарып жүрөт.

- Ал бул жерге келсин! – деди пайгамбар.

Көп өтпөй жаш жигит, Дөөт, Шемуелдин алдына келди. Ал кызыл жүздүү, көздөрү жайнаган жана сүйкүмдүү болчу.

Теңир Шемуелге мындай деди:

- Тур, бул баланы майла, анткени, бул - ошол!

Андан кийин Шемуел зайтун майы куюлган мүйүздү алып, чекесин майлап, мындай деди:

Кудайдын ысымы менен сени Ысрайыл уулдарына падышачылык кылып майлайм. Кудай сага батасын берсин!

Ошол учурда Дөөттүн үстүнөТеңирдин Руху түштү.

Жышай менен анын уулдары таң калгандыктан бир да сөз айта албай туруп калышты, Дөөт болсо эмне болуп жатанынтолук түшүнгөн жок.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Куадй Шемуелге кандай тапшырма берген?

  2. Жышайдын канча уулу болгон?

  3. Ким падышалыкка майланган?

33. Жаш чабан00:00 / 02:12