
Ишенимдин жеңиши
Ыйык Китеп, 1 Шемуел, 17-бөлүм
Шемуел менен жолуккандан кийин Дөөт кайра койлорду кайтарганын улантты. Койлорду кайтарып кеткенде, көбүнчө ал өзү менен гусли алып алчу. Койлор тынч жайылып жаткан учурда, ал арфада ойноп, жаңы ырларды жазчу. Бирок кээ бир учурларда чабан кыйынчылыкка да дуушар болчу. Мисалы, бир жолу ал койлорду аюудан коргоп калган.
- Мен койлорума кандай мамиле кылсам, Кудай мага ошондой мамиле кылат, - деп Дөөт козусун жоготуп коё жаздаганда ойлонуп отурду. - Ал мени карап турат, мага кам көрөт жана коркунучта болсом мени коргойт.
Дөөт арфасын алып, бир аз ойлонуп, кылдарын терип, мынтип ырдады:
-Теңир менин Кайтаруучум. Мен эч нерсеге муктаж болбойм. Ал мени оттуу жайытка жаят жана жай аккан суу боюна алып барат. Өз ысымы үчүн жаныма күч берип, чындык жолуна салат. Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң. Сенин бийлик таягың менен койчу таягың жанымды тынчтандырат.
Шабул падыша бир жаман рухтан аябай кыйналчу, ал кармаган кезде аябай ачууга алдырчу, кийин өзүнө келгенде кайра өкүнүп, кайгыга батчу. Күндөрдүн биринде аны кайрадан катуу ачууланып жатканда, жанындагы отургандардын баары коркконунан титиреп кетишти. Ошондо, Шабулдун кызматчыларынын бири арфада жакшы ойногон Дөөттү сарайга алыр келүүнү сунуштады. Анын ойногону падышаны тынчтандырышы керек эле. Ошентип, Дөөт падышанын короосуна келди. Шабул анын алдында Шемуел падышалыкка майлаган жигит отурганын билсе кана! Бирок ал бул тууралуу эч нерсе билген эмес жана көп өтпөй жаш Дөөттү бүт жүрөгү менен жакшы көрүп калды. Ал эми анын арфада ойногону Шабулдун жүрөгүнө жакты.
Качан Шабул падыша пелиштиликтерге каршы согушка кеткенде, Дөөт үйүнө кайтып келген. Согушта арфада ойногон жаш баланын эмне кереги бар? Дөөт, кайрадан койлорун кайтарып баштады, анын, бир туугандары Шабул менен бирге согушка кетишти.
Бир күнү Дөөттү атасы чакырды:
- Биздин аскерлер жайгашкан жерге чурка да, бир туугандарыңа тамак алып барып бер.
Дөөт ал жерге бир нече сааттын ичинде жетип барды. Ал бир туугандарына тамак-аш алып келип, алар менен чогуу отуруп, аскерлердин аңгемелерине кулак салды. Бир маалда баары унчукпай калышты да, алыс жакты тиктеп карап калышты. Бир пелиштилик ысрайылдыктардын аскерлерине жакындап келе жатты. Бул эмне деген жоокер! Күчтүү жана булчуңдуу, бою үч метрдей! Анын аты Голийат эле. Ал оор соот кийген жана колунда чоң найза кармаган жоокер болчу.
- Менин талаптарып мудагыдай эле! - деп кыйкырды. - Мага бир киши чыксын, биз экөөбүз согушабыз. Эгер ал мени жеңсе, анда биз барыбыз жеңилген болобуз. Эгер мен утуп алсам, анда силер жеңилген болосуңар. Эмне, коркуп жатасыңарбы, коркоктор?
- Бизди буга чейин салгылашууга чакырды беле? – деп сурады Дөөт бир туугандарынан.
- Ооба, бир нече жолу. Бирок, эч ким жооп кайтара алган жок. Бул чоң адам менен күрөшүү – түз эле өлүмгө баруу дегенди билдирет!
- Бирок Кудай биз тарапта да! – деп Дөөт таң калды. Жоокерлер күлүштү.
- Мунун Кудай менен кандай тиешеси бар? Кеп күч, шамдагайлык жана жакшы куралда болуп жатпайбы. Шабул падыша атүгүл кызын Голийатты жеңген кишиге аялдыкка берүүнү убада кылган. Бирок эч ким батынган жок.
Шабулга гусли черткен жаш Дөөт, аскер станына келгенин айтышты. Шабул аны чакырууну буйруду.
- Пелиштилик менен согушууга уруксат этиңизчи, - деди Дөөт.
- Аны ойлобой эле кой! – деп жооп берди падыша. - Сен али жашсың, Голиат болсо күчтүү жана тажрыйбалуу жоокер.
Бирок үйүрүмдүн козуларын уурдайын деген аюуну да, арстанды да мен жеңип алчумун. Эгер Кудай мага ошондо жардам берген болсо, анда азыр да жардам берет, – деди жигит ишенимдүү түрдө.
- Сенин ишенимиң мени кубандырат, — деди Шабул. – Чакырыкты сенден башка эч ким кабыл алгысы келген жок... Менин соотумду кий, куралымды ал, Кудай сени менен болсун!
Дөөт Шабулдун курал-жарагын кийүүгө аракет кылды, бирок өтө оор болгондуктан, араң эле кыймылдап калды. Ошондо, Дөөт аларды чечип салды да, салмоорун (таш ыргытуу үчүн жасалган жипти) алып, беш жылмакай таш тандап, койчу таягын колуна алды да, пелиштиликтерди көздөй жөнөдү.
- Ха ха ха! – деп, өзүн көздөй салмоор менен келе жаткан жигитти көрүп күлүп жиберди Голийат. - Мени менен сен согушасыңбы?
- Сен мага каршы найза, кылыч, калкан менен келе жатасың, мен болсо сага каршы Ысрайыл аскеринин Кудайынын атынан келе жатам! – деп Дөөт кыйкырды.
Ал салмооруна ташты сала калып, анан аны айлантып-айлантып туруп, пелиштиликти сокту. Таш дөөнүн чекесинин так туулга жаппаган жерине тийди. Голийат жерге жыгылды. Дөөт чуркап барып, пелиштиликтин кылычын кынынан сууруп алып, аны өлтүрдү. Муну көргөн ысрайылдыктар Дөөттүн жеңишине шыктанышып, пелиштиликтерди өз жеринен кууп чыгышты.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооШабул Дөөткө кандай куралдарды берген?
Голийат Дөөттү кантип шылдыңдаган?
Дөөт Голийатты кантип жеңген?