
Күн менен айдын токтошу
Ыйык Китеп, Жашыя, 10-бөлүм
Канаан падышалары Жериходо болгон окуяны укканда, Жашыя менен Ысрайыл уулдарына каршы согушуу үчүн биригишти. Гибон ысрайылдыктар менен келишим түздү. Муну уккан беш падыша шаарды курчоого алды. Шаардын тургундары Жашыядан жардам сурашты, ошондо ал душмандарына каршы чоң аскер менен чыкты. Көп өтпөй Канаан падышаларынын бириккен аскерлери качып жөнөштү.
Теңир Өз эли үчүн да согушкан: душмандын аскерлерине асмандан чоң таштарды жаадырды. Караңгы кирип, душман али жеңиле элек кезде, Жашыя мындай деп кыйкырды:
-Күн, Гибондун үстүнө токто, ай, Айалон өрөөнүнүн үстүнө токто!
Ошондо Теңир бул сыйынууну укту. Күн ысрайылдыктар душманды жеңгенге чейин батпай турду. Мындай көрүнүш эч качан кайталанган эмес. Бул салгылаш учурунда Жашыя аскерлери менен башка шаарларды да басып алган, анткени Теңир Өз элине жардам берип жатты.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооКайсы шаардын жашоочулары ысрайылдыктар менен союз түзүштү?
Гибондун тургундарын ким куткарды?
Караңгы кирип баратканда Жашыя эмне кылды?