
Ысрайылдын падышаны талап кылышы
Ыйык Китеп, 1 Шемуел, 8—10 бөлүмдөр
Шемуел карылыкка моюн сунуп калды. Көптөгөн жылдар бою Кудай ал аркылуу ысрайылдыктарды башкарды. Ал талаш-тартыштарды чечүүчү сот жана Кудайга баш ийүүгө элди чакырган пайгамбар болгон. Бирок ысрайылдыктар, аларда сот эмес, башка элдердики сыяктуу өздөрүнүн падышасы болушун каалашкан.
Алар Шемуелге келип, мындай дешти:
- Үстүбүзгө падыша кой!
Шемуел абдан капа болду. Ал Кудайга сыйынып, Андан жооп алды:
- Элдин үнүн ук... алар сени эмес, Мени Падыша болушумду каалабай четке кагышты.
Ошондо Шемуел бүт ысрайылдыктарды чогултуп, аларга мындай деди:
- Кудай силерге падышаны берет, бирок милдеттериңер анын алдында кандай болот: уулдарыңар анын аскери болуп кызмат кылышат, кээ бирлери анын арабасын коштогон атчан болушат. Дагы бирөөлөрү анын арабалары үчүн курал-жарактарды, жабдууларды жасашат, башкалары жерин айдап, эгин жыйнашат.
Кыздарыңар болсо ага тамак жасап, анын нанын бышырышат. Ал силердин эң жакшы жүзүмзарыңарды, эгин талааңарды, бакчаларыңарды тартып алат да, жакын кишилерине берет. Ошондой эле түшүмдүн ондон бир бөлүгүн алып, кулдарына берет. Силердин эң жакшы деген кулдарыңар ага иштешет.
Ошондо силер өзүңөргө падыша сураганыңарга өкүнөсүңөр да, андан куткарууну тиленесиңер, бирок ошондо Кудай силерди укпайт.
Баары бир алар Шемуелдин тилин угушкан жок жана сураганын уланта беришти:
Бизде падыша болушун каалайбыз!
Ошондо Теңир аларга Шабулдун падыша болушун буйруду. Шабул жаш, сулуу, жана бүт элдин арасынан эң узун бойлуусу болгон. Ысрайылдыктар аны кубаныч менен тосуп алып, кыйкырып жатышты:
Жашасын падыша!
Бирок Шабул жакшы падыша болгон эмес. Ал Кудайдын осуяттарын аткарбай, өз билгенин жасаган. Ошондуктан Кудай Шабулдун тукумдарынын Ысрайыл уулдарына падыша болушун каалаган жок.
Кудай Шабул падыша болуп турган учурда эле, Өз элин жетектей турган жаш жигитти тандап койгон.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЭл үчүн Шемуел ким болгон? Ал эмне кылышы керек эле?
Эмне үчүн эл падышаны каалашкан?
Кудай бул жөнүндө эмне деди?