Камыштан жасалган кол себет

Камыштан жасалган кол себет

Ыйык Китеп, Мисирден чыгуу китеби, 1, 2-бөлүмдөр

Жакып уулдары менен Мисирге көчүп баргандан бери көп убакыт өттү. Эми алар жөн эле бир үй-бүлө эмес, чыныгы бир улут, Ысрайыл эли болуп калышты. Мисирликтер Жусупту жана анын жардамын эчак эле унутуп коюшкан. Фараондор биринин артынан бири алмашышты, эми мисирликтерге келгиндер коркунучтуу көрүнө башташты. Ошондуктан, жаңы фараон ысрайылдыктарды кулга айландырып, чоподон жана самандан кыш жасоого мажбурлап, алардын жашоосун азаптуу кылып жиберди. Ошондой эле, аларды оор жумушка салып эзиш үчүн, алардын үстүнөн башчыларды койду. Керектүү сандагы кыштар жасалбай калган учурда, башчылар аларды мыкаачылык менен сабашчу.

Ысрайылдыктарды канчалык кемсинтип эзген сайын, алар ошончолук көбөйүп, жыл сайын күчтөнө беришти. Ошондо фараон үрөй учурган бир нерсени: ысрайылдыктардын бардык эркек балдарын төрөлөрү менен өлтүрүп салыш керек, - дегенди ойлоп тапты.

Ошол учурда бир такыбаа эврей аял эркек бала төрөдү. Баласын Кудай гана куткара аларын билгендиктен, Ага аябай сыйынды. Ал баласын мисирликтерден көпкө жашырды. Бирок, бала үч айга толгондо, аны мындан ары жашыра албасын түшүндү. Ошондо ымыркайдын эжеси Мириям, энеси экөөлөп, ичине суу кирбегендей кылып чайыр шыбалган кол себетке кичинекей инисин жаткырды. Анан алар себетти көтөрүп алып, Нил дарыясына жөнөштү да, дарыянын жээгиндеги камыштын арасына коюп коюшту. Бул жерде аны суунун агымы агызып кетмек эмес, ошол эле учурда жээке жакын жерде калмак. Эмне болор экен деп, Мириям жакын жерден себетти карап турду. Ал көп өтпөй дарыяны көздөй келе жаткан кыздарды көрдү. Баарынын алдында кымбат баалуу кийинген жаш мырзайым басып келе жатты. Ал фараондун кызы эле. Калгандары, анын кызматчылары окшойт. Бул жерде падышанын кызы сууга түшмөкчү болду окшойт. Ал кийимдерин чечип, сууга акырын басып кирди. Ошол убакта, жүрөгү катуу соккон Мириям ал кыздын себет турган жерге улам-улам жакындап келатканын карап турду. Себеттин жанына жеткенде: - Бул эмне?! — деп фараондун кызы таң кала кыйкырып жиберди.

Себетти суудан алып чыгып, анын бетин ач, - деп күңүнө буйруду.

-Бул эврейлердин баласы болсо керек. Апасы аны атамдын жоокерлеринен жашыргысы келген окшойт, - деди фараондун кызы жанындагыларга.

- Эми аны эмне кылабыз? – деп алар сурады.

- Бул баланын өлтүрүлүшүн каалабайм!

Анан ал этияттык менен жакын келген Мириямды көрдү.

- Сен бул жерде кайдан пайда боло калдың? – деп сурады фараондун кызы.

Мириям кекечтене:

- Менби?..Мен жакын жерде ойноп жүргөм. Кааласаңыз баланы эмизе турган аял чакырып келе алам.

Фараондун кызы ага макул болду, ал эми баланын эжеси буту-бутуна тийбей жүгүргөн бойдон өз үйүнө бет алды. Чуркоодон күйүккөн Мириям, энтиккени басылгандан кийин баарын апасына төкпөй-чачпай айтып берди.

- Кудай сыйынуубузду укту - деди апасы кубануу менен. Анан алар чогуу дарыяга шашылышты.

- Бул баланы алып, жакшылап кам көр – деп буйруду фараондун кызы. - Акысын төлөп берем. Ал эми бала чоңойгондо аны мага алып кел, ал менин багып алган балам болот.

Апасы сүйүнгөнүнөн, бир да сөз айта албады. Ал жөн гана башын ийкеп жатты. Фараондун кызы наристени өөп:

- Көрүшкөнчө уулум! – деди да, өзүнүн арабасына жөнөдү.

Мириям менен апасы да аны өөп:

- Үйгө кош келдиң! – дешти.

Бир нече жыл бою бала өз үй-бүлөсүндө чоңойду, аны Кудайды сүйүүгө жана Ага сыйынууга үйрөтүштү. Бала чоңойгондо, энеси аны фараондун сарайына алып келди. Падышанын кызы анын атын Муса деп коюп, фараондун уулу катары билим алып, тарбияланышына кам көрдү.

Мүмкүнчүлүк болгон учурда Муса апасы менен атасы, эжеси Мириям менен Арун агасына барып турчу. Фараондун сарайынан чыгып, ысрайылдыктардын жерлерин аралап өтүп баратканда көргөн нерселери анын жүрөгүн аябай оорутчу.

Мисирликтер ушунча жакшы жашап, менин элимдин жарды болуп, жокчулуктун каарын тартканы адилетсиздик. Ысрайыл уулдары эртеден кечке чейин иштешет, курсактары ач жана өздөрүнө өздөрү ээлик кыла алышпайт.

Бир күнү ал ысрайылдыктын оор жүктү көтөрүп баратканын көрдү, ал эми бир мисирлик аны камчы менен чаап, тезирээк деп кыйкырып жатканын көрдү. Анан ысрайылдык киши жыгылып калды. Мисирлик болсо аны камчы менен сабап, ордунан турууга аргасыз кылды. Муса мындай ырайымсыздыкка жана адилетсиздикке кайдыгер карай алган жок. Ал эки жагын карап, эч ким жок экенин байкады да, мисирликти өлтүрүп салды. Аны өлтүргөндөн кийн гана эмне кылганын түшүндү.

Эртеси күнү эки эврейдин урушуп жатканын көрдү. Ал туура эмес кылып жатканга жакын келип:

- Аны жайына кой! Эмнеге бир тууганыңды уруп жатасың? – деди.

Ал ага мындай деп жооп берди:

- Ишиң болбосун? Жэ кечээ мисирликти өлтүргөндөй, мени да өлтүргүң келип турабы?

Муса коркконунан кубарып кетти. «Бул кантип тез эле белгилүү болуп калды? – деп ойлонду. - Эгер фараон мисирликти өлтүргөнүмдү укса, мени өлүм жазасына тартат. Мен качышым керек!» -деп ойлоду.

Ошондон кийин ал сарайга барган жок. Фараон мисирликтин өлтүрүлгөнүн укканда, Мусаны чын эле өлүм жазасына тартыш үчүн, аны табууга буйрук берди.

Коркунуч менен кайгыга батып, өзүнө нааразы болгон Муса, куугунтуктоочуларынан улам ары качып отуруп, акыры Мисирден алыс жайгашкан Мидиан жерине жетти.

Ал жерде кум менен таштан башка нерсени көрбөгөн Муса кудукту тапканда абдан сүйүндү. Ал жаңы эле суусунун кандырып отурганда, бир нече жаш кыздар койлорун сугарганы кудукка айдап келишти. Ал аларга жардам берди, ошондо ыраазы болгон кыздар аны тамактанууга чакырышты.

Бул жети кыз Итро деген адамдын кыздары болчу. Анын уулу болбогондуктан, ага күчтүү жигит сонун жардамчы болмок. Ал эми Муса болсо жөн эле тентип жүргөн, ошондо Итро ага ал жерде калууну сунуш кылды. Ошентип, Муса фараондун заңгыраган сарайын Мидиан жериндеги чатырга алмаштырды.

Көп өтпөстөн эле, ал Итронун улуу кызы Сипорго үйлөнүп, уулдуу болду. Муса кайнатасынын койлорун багып жүрүп, Мисирди унута баштады. Ал тургай, өз эли жөнүндө да, дээрлик эстебей калды.

Бирок Кудай ысрайылдыктарды унуткан жок. Ал, алардын кыйналганын көрүп, ыйын угуп, сыйынууларына жооп берүүнү чечти. Ошондо Ал Мусаны чакырды.

Талкуулоо үчүн суроолор

4 суроо
  1. Эмне үчүн фараон ысрайылдыктарды оор жумуш менен эзген?

  2. Ысрайыл элин жок кылуу үчүн фараон эмнени ойлоп тапкан?

  3. Мусанын энеси баласы менен эмне кылган?

  4. Мусаны үйүндө тарбиялап жаткан кезде, апасы ага эмнени үйрөтө алган?

18. Камыштан жасалган кол себет00:00 / 07:28