Жусуптун бир туугандары менен жолугушуусу

Жусуптун бир туугандары менен жолугушуусу

Ыйык Китеп, Башталыш, 42, 43, 44, 45-бөлүмдөр

Кийинки жети жыл бою Мисир жеринде эгин деңиздин кумундай мол болду. Андан кийин жети жылдык ачарчылык келди. Бүт Мисир жеринде ачарчылык башталганда, эл фараондон нан сурап баштады:

- Жегенге эч нерсебиз калбай, ачкадан өлүп жатабыз.

Ошондо фараон мындай деди:

- Жусупка баргыла, ал силерге жардам берет.

Ошондо алар Жусупка барып, кампалардагы эгиндерден сатып ала башташты. Бөтөн жерлерден да эгин сатып алуу үчүн, Мисирге көптөгөн элдер келип баштады. Алар эгинди күмүшкө сатып алып жатышты. Жусуп алардын акчасын алып, каптарын данга толтуруп берип турду. Мисирдин кампаларында эгин ушунчалык көп болгондуктан, Жусуп аны бардык муктаж болгондорго коркпой эле сата берди.

Жакып үй-бүлөсү менен жашаган Канаан жеринде да ачарчылык башталды. Мисирде эгин бар деп угуп, уулдарын ошол жакка жиберди. Алар узак, татаал жол жүрүп, акыры, фараондун короосуна келишкенде, аларды бир кишиге алып келишти. Ал кишинин турган турпаты аларда коркунуч менен урмат-сыйды туудурду. Бир туугандардын улуусу Рубейин: Ал кандай гана сонун кийим кийген! «Бул, фараондун вазири, Мисирдин эң күчтүү, бийликтеги экинчи адам болушу керек», — деп ойлоду. Бирок ал анын бир тууганы Жусуп экенин тааныган жок. Ошондо бир туугандар урматтоо менен жерге чейин ийилип, ага таазим этишти.

- Мырза, бизге кайрымдуу болуп, эгиниңен сата көр! Биз жакшы төлөп беребиз!

Жусуп бир туугандарын тааныды. Бир аз маалкаткан болуп, анан мындай ойго келди: «Бир туугандарымдын жүрөгү өзгөрүптүрбү же өзгөрүлбөптүрбү, байкап көрөйүн? Кылган кылмыштары эсинде бекен, өкүнүштү бекен?» Анан, ал катаал үн менен мындай деди:

- Силер чалгынчысыңар! Силер бул жерди изилдеп көрүп, бизге кол салыш үчүн келдиңер!

- Жок жок! – деп ишендирүүнүн айласын таппай, бир туугандар жалбарып, ого бетер төмөн жүгүнүштү.

Ошол маалда Жусуп мурдагы көргөн түшүн эстеди: бир туугандардын боолору аныкына жүгүнүп жатышат.

Рубейин батына, мындай деди:

- Биз бардыгыбыз бир атанын балдарыбыз. Он эки бир тууган болчубуз. Бири жок болуп, кенжебиз үйдө калды.

- Болуптур, - деди Жусуп, - бирок силер чын айтып жатканыңарды билишим керек. Бул үчүн бирөөңөр камакта каласыңар, калганыңар ачка отурган үй-бүлөңөргө азык жеткиресиңер да, инииңерди мага алып келесиңер. Кенже бир тууганыңар келгенде, дагы эгин сатып алып үйүңөргө кете берсеңер болот. Эгер кайра келбесеңер, анда калп айткан болосуңар жана баарыңар чалгынчысыңар.

Ошентип, алар бир туугандардын бири Шымонду калтырып, өздөрү эгин толтурулган каптар менен өз жерине кайтып кетишти.

Атасы Жакыпка кайтып келишкенде, алар менен болгон бардык окуяны айтып беришти. Бирок Жакып кичүү уулу Бенжеминди такыр коё бергиси келген жок, анткени аны да жоготуп алуудан коркту.

Бир нече ай өткөндөн кийин, алардын тамак-ашы түгөнүп калганда, кичүү уулун аргасыздан аларга кошуп, Мисирге жиберди. Жүйүт Бенжеминди кылдаттык менен карап, ага эч кандай жамандык болбойт деп сөз берди.

Алар Мисирге эптеп жетери менен, аларды вазирдин үйүнө алып келишти. Бул бир туугандарды тынчсыздандырды. Бирок андан да таң калыштуусу, аларды дасторкон жайылган чоң жайга алып киришти. Эмне үчүн фараондун вазири тойго аларды чакырды? Ар бирине, алардын жаштарына жараша отурууга орундар көрсөтүлдү. Мисирликтер алардын жашын кантип билишкен? Дасторкон үстүндө отурушканда, вазир тилмечи аркылуу бир туугандардан алардын үй-бүлөсү тууралуу мүмкүн болушунча көбүрөөк билгиси келип, суроолорду берип жатты.

Эртеси таң эрте, кербен артка кайтууга даярдана баштады. Шымон кайрадан бир туугандары менен, каптар болсо данга толтурулган. Эми атасы аларды тосуп алганда аябай сүйүнөт болуш керек!

Бирок алар шаардан узай электе, аларды куралчан атчан адамдар кууп жетти.

- Эмнеге вазирди тонодуңар? – деп алардын жетекчиси кыйкырды.

– Силерди коноктоп сыйлагандан кийин, күмүш чөйчөгүн уурдагандан уялган жоксуңарбы!

- Мырзабыз, биз ууру эмеспиз – деп Рубейин коргонду. Биздин каптарды текшергиле! Эгерде бирөөбүздөн чөйчөк табылса, ал өлүм жазасына тартылсын жана калганыбыз мырзабызга кул бололу.

Качан алар каптарын ачып башташканда, чөйчөк Бенжеминдин кабынан жерге түшүп калды! Чөйчөктү анын баштыгына салып коюуга Жусуп өзү буйрук бергенин бир туугандар кайдан билишсин? Мындай жол менен Жусуп аларды акыркы жолу сынагысы келген.

Коркунуч баскан бир туугандар, кайра фараондун сарайына бет алышты. Жусуп Бенжеминди Мисирде кул болуп калсын деп буйруду. Ошондо Жүйүт кайраттанып:

- Мырзам, өтүнүч менен кайрылууга уруксат этчи. Кичүү уулуңа эч нерсе болбойт деп атама убада берип келгем. Эгер Бенжемин үйгө кайтып келбесе, биздин атабыз кайгыдан өлүп калат. Ошондуктан суранам: аны кое бер, анын ордуна мени кул кылып ал.

Муну уккан Жусуп бир туугандарынын ага каршы жасаган кылмышы аларга сабак болгонуна көзү жетти. Алар бир тууганын мурдагыдай кулчулукка сатуунун ордуна, аны сактап калуу үчүн өздөрү кул болууга даяр болушту. Алар мурдагыдай эмес эле, Кудай алардын жүрөктөрүн өзгөрткөн. Ошондо, Жусуп күтүлбөгөн жерден катуу ыйлап жиберди, бир туугандары таң калып калды. Бир аз басылгандан кийин, мындай деди:

- Мен силердин бир тууганыңар Жусупмун!

Туугандары аны өмүрү көрбөгөндөй таңдана карап, бир да сөз айта албай элейип туруп калышты. Дээрлик бүткүл Мисир жерин колуна кармап турган, бир кезде атасы аны башкалардан артык сүйөт деп ичтери күйүп, акыры кулчулукка сатып жиберишкен Жусуп, өзүбү?

- Коркпогула, - деди Жусуп, - менин силерге эч таарынычым жок. Кудай мени Мисирге силерди жана башка көптөгөн адамдарды ачарчылыктан куткаруу үчүн жибергени азыр айкын болду. Болбосо бул ачарчылыктан баарыбыз кырылып калмакпыз. Кургакчылык эки жыл мурун башталды, дагы беш жылга созулат. Силер бул жакка келгенде бул Кудайдын планы экенин түшүндүм.

Бир туугандар катып калышты. Бир убакта, жакындарынан ушунча көп азап чеккен, ал эми азыр барктуу бийликте болуп туруп, алардан өч алгысы келбегенине алар ишене албай турушту.

Бирок Жусуп кучагын жайып, мынтип сурады:

- Бенжемин! Мени, байкең Жусупту тааныбайтасыңбы?

Ошондо Бенжемин ага чуркап келип, аны мойнунан кучактап, ыйлап жиберди. Алардын ортосундагы тоскоолдук жок болду. Биринин артынан бири Жусупту кучактап ыйлашты. Алар менен болуп жаткан бул окуянын чындык экенине ишене албай жатышты. Андан кийин бир туугандар Жусуп менен көпкө сүйлөшүштү – алар көп нерселерди айткысы келди!

Жусуптун бир туугандарынын келгенин уккан фараон, аны чакыртты.

Бир туугандарыңа айт, атаңды, өздөрүнүн үй-бүлөлөрүн алып, ачарчылык аяктаганга чейин Мисирге келип жашашсын. Канаан жеринен көчүп келиши үчүн арарбаларды жиберейин. Калып калчу буюмдары үчүн өкүнүшпөсүн, анткени бул жактан мен баарын берем!

Жусуп фараонго таазим кылды: Мага болгон ырайымыңа ыраазымын, мырзам. Буйругуңузду аткарууга шашылайын.

Эртеси күнү, бир туугандары, Канаан жерине барып, атасын, өздөрүнүн үй-бүлөлөрүн жана малк-мүлктөрүн көчүрүп келиш үчүн жөнөп кетишти. Ошондо Бенжемин ага колун булгалап коштошту, Жусуп болсо алардын карааны үзүлгөнчө карап турду.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Жусуптун талаадагы боолор жөнүндөгү түшү кандайча аткарылган?

  2. Жакып Бенжеминди эмнеге бир туугандары менен Мисирге жибергиси келген эмес?

  3. Эмне үчүн бир туугандар каптарынан күмүш чөйчөк табылганда коркушкан?

17. Жусуптун бир туугандары менен жолугушуусу00:00 / 08:16