
Күйүп жаткан тикенектүү бадал
Ыйык Китеп, Мисирден чыгуу, 3-12 бөлүмдөр
Бир жолу Муса Синай тоосунун жанында кой жайып жүргөн. Кокусунан, ал бир башкача нерсени байкады: тикенектүү бадал күйүп жатты. «Кызык, бадал жалындап күйүп жатат, бирок такыр күйүп кетпейт!» - деп Муса таң кала, жакыныраак келди. Күтүлбөгөн жерден кимдир бирөөнүн үнүн укту.
- Муса! Муса! Мен Ыбрайым, Ыскак, жана Жакып менен сүйлөшкөн Кудаймын. Мен Өз элимдин Мисирде тарткан азабын көрдүм жана боздогон үнүн уктум. Мен аларды кулчулуктан куткарып, сүт менен бал аккан Канаан жерине алып чыгууну чечтим. Эми сен баргын: Мен сени ысрайыл элин Мисирден алып чыгуу үчүн фараонго жиберем. Коркпо, Мен сени менен болом.
- Менби? Мен азыр Ысрайыл уулдарына барып, силердин ата-бабаңардын Кудайы мени силерге жиберди десем, алар Анын аты ким, деп сурашат?
-Мен Бар Болуп Туруучумун, - деп күйүп жаткан тикенектүү бадалдан жооп угулду. - Мен жалгыз Кудаймын, Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын Кудайымын.
- Мен сөзгө чечен эмесмин, кыйналып сүйлөйм жана кекечмин – деп улантты Муса, - Мени ысрайылдыктар да, андан бетер, фараон да укпайт.
- Адамдарды жаратып, аларга ооз берген Мен эмесминби? – деди Кудай. – Мен сага эмнени айтууну үйрөтүп турам.
Бирок Муса дагы деле каршылык көрсөттү. - Менден башкасын жибер!
Ошондо Кудай ачууланды. - Жок, Муса, муну сен кылышың керек! Эгер сен сүйлөгөндөн коркуп жатсаң, анда бир тууганың Арундун жардамын колдон, ал жакшы сүйлөй аларын билем. Бирок сен Менин элчим болосуң да, Ысрайыл элин кулчулуктан алып чыгасың!
Ошентип, Кудайдын буйругун аткарыш үчүн, Муса Мисирге жөнөп кетти. Бирок Муса менен Арун фараонду ысрайылдыктарды коё берүүгө кантип гана көндүрүүгө аракет кылышпасын, ал таптакыр макул болбой койду. Ошол эле учурда, Ысрайыл элине мурдагыдан дагы көбүрөөк иштөөгө туура келди, ал эми аларды жазалоо катаалыраак болуп баштады. Ошондо Кудай фараонго жана Мисир жерине он жаза: кырсыктарды, өсүмдүктөрдүн зыянкечтерин жана ар кандай илдеттерди жиберди - бирок фараон элге боштондук берип, аларды убада кылынган жерге коё бергиси келген жок.
Анан Кудай Муса аркылуу ар бир үй-бүлөгө кемчилиги жок бирден козу алып, Пасахка багыштап союуга буйруду. Пасах «кыя өтүп кетүү» дегенди билдирет. Ал эми козунун канын бир идишке чогултуп, кечинде эшиктин кашектери менен маңдайчасына сыйпап коюш керек эле. Ошол түнү эч ким сыртка чыкпаш керек болчу, анткени Теңирдин Периштеси Мисирди аралап, бардык тунгучтарды жок кылмак. Ал кашектери боёлгон үйлөрдүн жанынан гана кыя өткөн.
Тамак ичердин алдында дагы бир нерсе жасашыбыз керек, - деди үй-бүлө башчысы. - Ар бирөөбүз узак сапарга чыккандай кийим кийип, колдорубузга таяк алалы жана козунун этин шашылыш түрдө жейли. Бул Теңирдин Пасахы. Кудай бул күндү эстеп, түбөлүккө белгиленген майрам катары, укумдан-тукумга майрамдоону буйруду.
Үй-бүлө дасторконго чогулганда, ачуу чөптөр кошулуп бышырылган эт алынып келинди. Балдарга эттин даамы жаккан жок, ошондо үй-бүлөнүн атасы мындайча түшүндүрдү:
- Биздин Мисирдеги азабыбыз да ушул чөптөрдөй ачуу болчу.
Эт менен нан берилди, бирок ал да адаттагыдай эмес.
- Ал ачыткысыз камырдан жасалган! – деди апасы. - Муса ачыткысыз нан жасагыла деген. Бул биздин жолго чыгууга даяр экенибизди билдирет, анткени узак жолго ачытылган камырдан жасалган нанды алуу мүмкүн эмес.
Акыры, үй-бүлөлөр уктаганга даярданышты.
Таң атпай эртең менен ысрайылдыктар үйүнүн алдында турушту. Бул күн, алар көптөн күткөн улуу күн болуп калар бекен?
Анан бир кабарчы атты чапкан бойдон келди. Ал ысрайылдык болчу.
- Баары Кудай айткандай болуп чыкты! – деп алыстан кыйкырды. - Ар бир мисирликтин тун баласы өлүптүр, анын ичинде фараондун да туну бар. Бүгүн Кудай Фараонго мындан ары Анын эркине тоскоол болушуна жол бербестигин көрсөттү!
- Эми эмне кылышыбыз керек? – деп эл сурады.
- Силер жолго даяр элесиңер да, - деп жооп берди кабарчы. - Өзүңөргө тиешелүү нерселердин бардыгын алып, жолугушуу жерине баргыла.
Элдер керектүүлөрүн алыш үчүн өз үйлөрүнө кетишти. Ал эми аталар, тун уулдарынын колунан алып, эшиктин кашектериндеги жана үстүндөгү канды көрсөтүп:
-Бул деген, ушул үйдө Ысрайылдыктардын жашап жатканынын белгиси. Бул кан сени Кудайдын сотунан куткарды, уулум!
Ошентип, Пасах майрамы мындан ары белгиленүүгө тийиш болду, анткени ушул күнү Теңир Өзүнүн элин Мисирдин кулчулугунан чыгарган.
Фараон Муса менен Арунга мындай деди:
– Тургула, силер жана бүт Ысрайыл уулдары менин элимдин арасынан чыгып кеткиле!
Ошондо мисирликтер аларды өлкөдөн мүмкүн болушунча тезирээк чыгып кетиши үчүн шаштырышты ...
Теңир алып чыкканга чейин, Ысрайыл уулдары Мисир жеринде төрт жүз отуз жыл жашап турушту. Алардын саны аялдар менен балдарды эсептебегенде, алты жүз миң эркек болчу.
Талкуулоо үчүн суроолор
4 сурооМуса чөлдө кандай кереметтүү кубулушту көргөн?
Кудай Мусага эмнени буйруган?
Кудай мисирликтерге канча жаза жиберди?
Пасах эмнени билдирет?