
Манна жана аска
Ыйык Китеп, Мисирден Чыгуу, 16; 17:1—7 бөлүмдөр
Ысрайылдыктар чөл кезип баратышып, бир булакка туш болушту. Ал жер жайлуу экен, пальма жана курма дарактарынын көлөсүндө эс алышып, мал-жаны менен суусунун кандырышты. Андан ары алар Син чөлүн көздөй бет алышты. Алар Мисирден чыкканда жанына бир аз гана нан алып чыгышкандыктан, аны бат эле жеп коюшту. Эми алар эмне жешет? Ысрайылдыктар эми Кудайдан тамак сурашы керек эле. Анткени Теңир аларды сүйгөндүктөн, ачкадан кырылып калууга жол бермек эмес. Бирок Кудайга таянууга үйрөнбөгөн ысрайылдыктар кайрадан наалый башташты. Алар Муса менен Арунга барып, мындай дешти:
- Мисир жеринде эле өлүп калсак кана. Ал жерде эт көп болчу жана нанды тое жечүбүз. Силер бизди бул чөлгө ачкадан өлтүрүш үчүн алып чыктыңар.
Алар Кудай менен Мусага эмнеге мынча нааразы болушту экен! Бирок ырайымдуу жана чыдамдуу Теңир Мусага мындай деди:
Мен элимдин үнүн уктум, аларга тамак берем.
Эртеси эртең менен, Ысрайыл уулдары чатырларынан чыкканда, жер үстүнө кандайдыр бир ак нерсе жаап калганын көрүштү.
Муса аларга мындай деди:
- Бул Теңирдин асмандан жиберген наны: аны канча жеп түгөтө алсаңар, ошончо жыйнап алгыла.
Ысрайылдыктар көктөн түшкөн маннаны чогулта башташты, бардыгына жетиштүү болду. Кудай аны эртең менен эрте жибергендиктен дароо чогултуп алыш керек эле, анткение күн тийгенде манна эрип кетчү.
Муса аларга мындай деди:
- Күнүмкүсүнөн ашык чогултпагыла жана жыйнабагыла, анткени Кудай аны күн сайын жөнөтүп турат.
Бирок, кээ бир адамдар Мусаны угушпай, эртеңкиге дагы деп көп манна чогултуп алышты. Эртеси эртең менен жейин дешкенде, аларды курт басып кеткенин көрүштү. Баарын ыргытып салууга туура келди!
Андан көп өтпөй ысрайылдыктар сууга зар боло башташты. Чөлдө дарыялар да, көлдөр да, же суу кудуктары да жок болчу. Бирок Кудай эми алардын чөлдөп, сууга жетпей өлүп калышына жол береби? Албетте, андай эмес. Бирок ысрайылдыктар Кудайга сыйынып-кайрылуунун ордуна, Мусаны кайрадан жемелеп киришти. - Бизди Мисирден эмнеге алып чыктың эле? Балдарыбызды, мал-жаныбызды ээн чөлдө суусатып өлтүрөйүн дедиңби?
Алар абдан ачуулангандыктан, Мусаны таш бараңга алганга даяр болуп калышты. Бирок Муса бул муктаждык менен Кудайга кайрадан кайрылды.
- Бул элди мен эмне кылам эми? – деди ал.
Ошондо Кудай Мусага мындай деди:
- Таягыңды ал да, аскага чык жана сени менен кошо элдердин арасынан бирөөлөр да барышсын. Анан аска ташка келгенде, аны таягың менен чап, ошондо чапкан жерден суу агат. Суусаган элге бул кандай гана жагымдуу болду! Алардын ооздору кургап, кекиртек менен тилдери кургактыктан күйүп жаткан, эми азыр суусуну кангыча ичип, кумураларга суу чогултуп, жада калса бардык малды сугарып алган жетет.
Ысрайыл эли чөлдө жүргөндө Кудайга ишенишпей наалышса да, Теңир ар дайым алар менен болуп, элин такыр калтырган эмес.
Талкуулоо үчүн суроолор
5 сурооЧөл кандай болгон?
Ысрайылдыктар ачка болгондо эмне кылышкан?
Кудай аларды кантип тойгузду?
Эртеңкиге деп сакталган манна эмнеге бузулуп кетчү?
Суусу түгөнгөндө ысрайылдыктар эмне кылышкан? Кудай аларга сууну кайдан берди? Кудай аларга сууну кайдан берди?