
Кызыл деңиздин түбү менен өтүү
Ыйык Китеп, Мисирден Чыгуу, 13: 20-22; 14; 15: 1.22 бөлүмдөр
Ысрайылдыктар кетери менен фараон буга жол бергенине өкүндү.
- Биз аларды кууп жетишибиз керек! – деп жоокерлерине буйрук берди.
- Аларды кайра алып келип, катуу жазалайбыз.
Күлүк аттар чегилген эки дөңгөлөктүү майдан арабаны башкарган аскер менен кошо жаачылар болуп, мисирликтер ысрайыл элин кууп жөнөштү.
Ысрайыл уулдары Канаан жерине бет алышты. Кудай Өзү аларга жол көрсөтүп жатты. Теңир күндүз аларга булут мамынын ичинде, ал эми түн ичинде от мамынын ичинде алардын алдында бара жатты. Күндүзү булут ысыктан коргосо, түнкүсүн жолго жарык берип турду. Булут токтогондо, Мусанын буйругу боюнча эл чатырларын жайып, эс алышты. Качан булут ордунан жыла баштаганда, ысрайылдыктар кайрадан жолдорун улантышты.
Ошентип, алар Кызыл деңизге жетип, жээкке чатырларын тигишти. Алар жаңы эле чатырларын тигип бүткөндө, алыстан катуу чуулдак жана аттардын дүбүртү угулду. Мисир тарапты карашса аттарга чегилген фараондун майдан арабаларын жана көптөгөн атчан аскерлерди көрүштү. Фараон аларды Мисирге кайтарып алып кетүү үчүн кууп келе жаткан.
Алар муну көргөндө селдейип туруп калышты. Эми алар эмне кылышат? Алдыда кызыл деңиз, артта - жоокерлери менен кууп келе жаткан фараон. Ысрайылдыктар аябай коркуп кетишкендиктен, Мусаны жемелеп башташты:
- Сен бизди чөлдө өлүтүргөнү алып келдиң беле? Бул жерде өлгөндөн көрө, мисирликтерге кул болгонубуз жакшы эмес беле.
Ушундай сүйлөп, алар ишенбестик көрсөтүштү, бирок Муса момундук менен аларды тынчтандырып, мындай деди:
- Коркпогула! Теңир силерди кантип куткарарын өз көзүңөр менен көрөсүңөр! Силер үчүн Теңир күрөшөт, тынчсызданбагыла!
Анан укмуштуудай бир нерсе болду. Күндүз ысрайылдыктардын алдында жол көрсөтүп келе жаткан булут мамы ысрайылдыктар менен мисирликтердин ортосуна туруп калды. Мисирликтер алдыларында булуттуу дубалды көрүштү. Алар эмне кыларын билбей калышты, ошондо фараон булуттун тарашын күтүүнү буйруду.
Бул булут мисирликтердин тарабында караңгылык каптатып, ал эми Ысрайыл уулдары тарапта жарык берип турду. Ысрайылдыктар коркпой калышты. Мындан ары эми алар эмне кылышы керек? Бардыгы Мусаны карашты, ошондо Кудай мындай деди:
- Таякты көтөрүп, колуңду деңизге сун, ошондо ысрайылдыктар деңиздин ортосундагы кургак жер менен өтүшөт.
Муса деңиз жээгинде туруп, колун суунун үстүнө көтөрдү. Деңиз буркан-шаркан болуп, барган сайын күчөгөн катуу шамал көтөрүлдү. Ал ушунчалык катуу соккондуктан, сууну эки тарапка бөлдү. Деңиздин ортосунда кургак жол пайда болду. Акыры, алардын оң жагы менен сол жагында суу дубалдай болуп көтөрүлүп, өтмөк пайда болду. Бул Кудайдын керемети! Ысрайылдыктар кайраттанышты. Алар бул нымдуу жол менен биринчи баскан Мусанын артынан ээрчип жөнөштү.
Мисирликтердин алдындагы булут акырын көтөрүлгөндө, алар шашылыш түрдө аттарын чаап, куугунду улантышты. Деңиз аркылуу өткөн жолду көргөндө, ошону көздөй шукшурулуп кирип кетишти. Көп өтпөй, алардын арабаларынын дөңгөлөктөрү нымдуу кумга тыгылды, бирок фараон айласы кетип, аскерлерин алдыга сүрөгөн болду. Ал эми бардык ысрайылдыктар бул учурда деңиздин тигил жээгине жетип калышкан эле. Муса деңизге бурулуп колун сунду. Шамал дароо токтоп, деңиз суулары кайра артка кайтты. Ысрайылдыктар деңизди тиктеп карап калышты. Мисирликтер көрүнбөй калды, арабалардын кээ бир сыныктары гана сууда калкып калды.
Ысрайылдыктардын баары кубанып, Муса менен бирге
салтанаттуу ыр ырдашты.
- Теңир менин тирегим жана даңкым. Ал менин куткаруучум. Ал мени куткарды. Ал менин Кудайым, ошондуктан мен Аны түбөлүк даңктаймын!
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЭмнеге мисирликтер ысрайылдыктарды кууп башташты?
Теңир фараондун аскерлерин кантип токтоткон?
Теңир деңизди кантип экиге бөлгөн?