Дүйнөнүн жаратылуусу

Дүйнөнүн жаратылуусу

Ыйык Китеп, Башталыш, 1,2 бөлүм

Эң башында Кудай асман менен жерди жаратты. Ал Ааламды Өз Сөзү менен жок нерседен жаратты. Кудайдан башка, бир дагы адам муну жасай албайт! Ошондуктан биз Кудайды Жаратуучу деп атайбыз. Бизге калтырып кеткен Кудайдын Сөзүндө, бул кандайча болгону тууралуу айтылат. Биринчи күнү Кудай: «Жарык болсун» - деди, ошондо жарык пайда болду. Андан кийин Ал жарыкты караңгыдан ажыратты. Кудай жарыкты «күн», караңгыны «түн» деп атады.

Ошентип, күн менен түн алмаша баштады, азыркыга чейин ошондой болуп турат.

Экинчи күнү Кудай аба мейкиндигин (азыр атмосфера деп атайбыз) жаратып, аны асман деп атаган. Ал суунун бир бөлүгү жерде, бир бөлүгү асманда болгудай кылып койгон. Андан кийин Кудай бүт мейкиндикти биз бүгүн дем алып жаткан аба менен толтурду.

Үчүнчү күнү, Кудайдын Сөзү аркылуу, суунун астынан кургак жер пайда болду; суунун баары бул үчүн Кудай даярдап койгон терең жерлерге чогулду. «Кудай кургактыкты жер деп атады, ал эми чогулган сууларды деңиз деп атады». Бирок Кудай жер бетинин канчалык ээн жана көрксүз экенин көрдү. Ошондуктан Ал: «Жерден чөп, бадал, бак-дарактар өсүп чыгышы керек» - деди. Ошол замат көптөгөн өсүмдүктөр пайда болду. Жер түстүү жана кооз болуп калды! Өсүмдүктөр урук бере баштады, ал эми ошол уруктардан жаңы өсүмдүктөр өсүп чыгып жатты. Дарактардын мөмөсүндө дагы көрүнбөгөн уруктар бар болчу, алар жерге түшкөндө, андан дагы башка дарактар өсүп чыгып жатты.

Төртүнчү күнү Кудайдын буйругу менен Күн, Ай жана жылдыздар пайда болду. Жараткан Күндү эртең менен чыгып, кечинде баткандай кылып койду. Түндө, биз уктап жатканда эшик караңгы болот. Бирок Кудайдын буйругу менен, түнкүсүн ай жана жылдыздар жаркырап тийип тургандыктан, түн ичинде дагы биз көрө алабыз. Асманда жылдыздар ушунчалык көп болгондуктан, биз аларды санай албайбыз. Күн жана Ай бар болгону үчүн биз күндөрдү, айларды жана жылдарды эсептей алабыз. Кудай убакытты ушинтип ирээтке келтирди. Бардыгы Ал ойлогондой тартипке келди.

Бешинчи күнү Кудай тирүү жандыктарды жарата баштады. Ал: «Бардык суулар тирүү жандыктарга толсун!» - деди. Так ошондой болду. Кудай тереңдикте оңой сүзгөн чоң киттерди, чагылгандай ылдам сүзгөн чоң жана кичинекей балыктарды жаратты. Бардык деңиз жандыктары: эң кичинеси, жада калса көзгө көрүнбөгөн жандыктар да Ал тарабынан жаратылды. Кудай ушунчалык көп нерселерди жараткандыктан, аларды санап чыга албайсың!

Асман асты дабыштарга жана жашоого толду. Кудай канаттуулардын бардык түрүн, миңдеген канаттууларды жаратты. Алар көк асманда кооз жердин үстүндө учуп, эс алуу, тамактануу үчүн бак-дарактарга жана жерге конушту. Ошондо Кудай бардык жаныбарларга батасын берди: «Тукумдап көбөйгүлө!» Ал бардык балыктар, жаныбарлар жана канаттуулар тукумдуу болушун каалады. Эми жерде, абада жана сууда турмуш кайнай баштады. Бешинчи күн ушинтип өттү.

Алтынчы күн келди. Кудай жер бетинде дагы көп тирүү жандыктардын пайда болушун каалады: малдар, курттар, жапайы жаныбарлар. Ошондой эле: уйлар, жылкылар, койлор, пилдер, жолборстор жана арстандар, маймылдар жерде өз ордун табышты. Жыландар жана башка сойлоочулар да пайда болду. Эч бир жаныбар башкасына окшош болгон жок.

Мына ошентип, Кудай бардык иштерин бүтөйүн деп калды. Асман менен жер, күн жана жылдыздар, өсүмдүктөр жана дарактар, балыктар жана канаттуулар, жерде жана сууда жашаган жаныбарлар. Жер бети көрккө толду! Жаратылгандардын эң жогоркусу жана маанилүүсү - Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган киши болуп калды. Биринчи Кудай Теңир топурактан эркекти жаратты. Жараткан ага Өз демин үйлөп, ага жан жана акыл берди. Адамга ой жүгүртүү, бир нерсени жасоо жана Кудай менен сүйлөшүү жөндөмдүүлүгү берилди. Ал өзү жана аны курчап турган дүйнө тууралуу ой жүгүртө алат. Ал сүйүнгөндү, күлгөндү, кайгырганды, ыйлаганды да билген. Ал өзүнүн Жаратуучусу жөнүндө ойлонуп, Кудай аны канчалык сүйөрүн көрдү. Биринчи кишинин аты Адам эле.

Анан Кудай, Эйденге бак дарактарды отургузуп, Адам атаны жайгаштырды. Бул бейиш эле! Эйденден бейиш бактарын сугарып тура турган дарыя агып чыкчу. Ал төрткө бөлүнүп кетет: Пишон, Гихон, Хидекел жана Эвфрат. Теңир бакчага кам көрүүнү Адам атага буйруду. Мындай ишти кылганда ал киши түйшөлмөк тургай, андан кубаныч алып турчу экен. Анткени Кудай ага күч, акыл жана фантазия берген.

Ошондой эле Кудай ага бардык жаныбарлардын атын ойлоп табууну буйруду. Ал бардык жандыктарга ат ойлоп таба алганына абдан кубанды.

Бирок анткен менен, эмнегедир анын көңүлү бир аз чөккөнсүп жүрдү эле. Бир күнү Адам ата эс алганы жатып, бул жөнүндө ойлоно баштады: «Кудай мага көп жакшы нерселерди берди. Демек, Ал мени аябай жакшы көрөт. Ушунчалаган сонун нерселерге карабастан, өзүмдү “жалгыз сезип жатканымды” билет болуш керек». Ушундай ойлор менен Адам ата катуу уйкуга кетти.

Ойгонгондо ал таң калганынан көзүн улам-улам ушалап, ишене албай жатты. Анткени жанында бир аял туруптур. «Эми мен жалгыз эмесмин! Кандай гана сонун, Кудай мага жубай берди! Эми биз дайыма бирге болобуз» - деген ойлор менен кубанып жатты.

Адам ата менен Обо эне бакчада көп сейилдеп, күнүгө жаңы нерселерди үйрөнүшчү. Алар бакчанын ортосунан гана абайлап өтүшчү. Анткени ал жерде эки сырдуу дарак бар эле. Бул дарактарды Кудай Өзү "өмүр дарагы", экинчисин болсо "жакшылык менен жамандыкты таанытуучу дарак" деп атачу. Бирок, жакшылык менен жамандыкты таанып-билүүчү дарактын мөмөсүнөн жегенге Кудай тыюу салган эле.

Кудай Адам ата менен Обо эне бактылуу болгонун жана бири-бирин түшүнүп, сүйүшөрүн көрүп, абдан кубанды.

Алтынчы күн ушинтип аяктады.

Кудай бардык иштерин аяктагандан кийин, Өзү эмнени жаратса баары абдан жакшы экенин көрдү. Теңир кылгандарына ыраазы болду. Анткени баары сонун эле. Ачык асман, жыпар жыттуу аба, кооз өсүмдүктөргө толгон жер. Күндүз нурлары күндүз, айдын ажайып жаркыраганы түндү кооздоп турду. Канаттуулар, жаныбарлар жана бардык жандыктар бири бирине зыяны тийбей, бактылуу болушкан, ал эми Адам ата менен Обо эне баарынан бактылуу эле, анткени алар өз-ара жана Кудай менен сүйлөшүшчү, Аны даңкташчу. Жетинчи күнү Кудай эч нерсе кылган жок, Ал бардык иштеринен эс алды. Кудай бул күнгө батасын берип, аны ыйыктады. Ошентип, жетинчи күн өзгөчө күн болуп калды. Кийинчерээк, Теңир Өз элине: жетинчи күнү, башкача айтканда, жуманын акыркы күнүндө, эс алгыла деп осуят берген. Мындан ары, Ага ишенгендер бул күнү Кудай тууралуу ойлонуп, Аны даңктап, Ага кызмат кылышы керек.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Эмне үчүн Кудай Жаратуучу деп аталат?

  2. Периштелер же адамдар жоктон бир нерсе жарата алабы?

  3. Кудайдын негизги жаратуусу ким/эмне?

1. Дүйнөнүн жаратылуусу00:00 / 08:11