
Топон суу
Ыйык Китеп, Башталыш, 6—9 бөлүмдөрү
Адам ата менен Обо эненин көптөгөн укум-тукуму болгон. Адам ата, Обо эне, Кабыл жана Шет каза болгон учурда, жер бетинде адамдар көбөйүп калышкан болчу. Ал кездеги адамдар карыганга чейин ден соолугу таза жана алдуу-күчтүү болуп, абдан узак өмүр сүрүшчү.
Адам 930 жыл, Шет 912 жыл, Энохтун уулу Матушал 969 жыл жашаган. Биз Энохтон башка бул адамдар тууралуу дээрлик эч нерсе билбейбиз. Ал эми Энохтун адил адам болгону жана Кудайга кубаныч менен кызмат кылганы тууралуу Кудай Сөзүндө айтылат. Энох 365 жашка чыкканда Кудай аны жерден алып кетти, ал өлгөн эмес же денеси жерге берилген эмес. Ал тирүү бойдон асманга, Кудайдын жанына алынган. Анын уулу Лемектен Нух (бул ысым "сооронуч" дегенди билдирет) төрөлөт, анткени ата-энеси андан эмгектеринин акыбетин көрүп, сооронуч алышкан.
Нухтун учурунда, Шеттин урпактары Кабылдын урпактары кылганды кыла башташты: алар Кудайды унутушуп, көп жаман иштерге барышты. Алар кылган күнөөлөрүн Кудай көрүп турарын ойлошкон жок. Алардын жүрөгү көрө албастыкка, жек көрүүгө, атаандаштыкка толуп, бири-бирине каршы күрөшүшкөн. Алардын көбү Теңир туралуу эч нерсе билгиси келбей, өздөрүнүн күч-кубатына таянышкан. Бирок ал күч-кубат дагы Кудайдан болорун ойлонгулары келген жок. Алар, жыл мезгилдерин орноткон, дан жана мөмө-жемиштердин өсүшүнө мүмкүнчүлүк берген, ошондой эле, жамгырды жаадырган, күндүн нурун жана шамалды жөнөткөн Кудай экендигин унутуп коюшту.
Өз Жаратуучусун жана бири-бирин сүйбөй калган адамдарды көрүп, Кудай аябай капаланды. Аларды жаратканына өкүндү. Ошондо, жамандыкты токтотуш үчүн, бардык тирүү жандыктарды жер жүзүнөн жок кылууну чечти. Ал эми Нух болсо Теңирдин алдында ырайым тапты, анткени ал адил жана кемчиликсиз адам болгон. Ал 500 жашка чыкканда, үч уулу болгон: Шем, Хам жана Жепет.
Нух адамдарды жаман иштерин таштап, Кудайга кайрылууга үндөйт. Эгер алар өз жашоолорун өзгөртүп, Теңирге кайрылышпаса, дүйнөнү топон суу каптап, жер үстүндө кыбыр эткен бардык жандар жана бардык адамдар жок болорун айтып, эскертип жатты, бирок аны уккан киши болгон жок.
Кудай алардын өзгөрбөгөнүн, тескерисинче, ыпылас иштерди мурдагыдан да көбүрөөк жасай баштаганын көрүп, Нухка мындай деди:
- Убакыт келди. Мен чоң топон суу каптатам. Адамдар абдан бузулушту, бирок Мен сени менен келишим түзөм: топон суудан сенин гана үй-бүлөң куткарылат – сен, аялың, уулдарың жана алардын аялдары. Бул үчүн сен чоң кеме курушуң керек. Кунт коюп угуп, бардыгын Мен айткандай жаса. Гофер жыгачын ал, анын ички бетин жана тышын суу өткөрбөгөн чайыр менен майла. Бул кеме абдан чоң болушу керек: узундугу жүз отуз метр, туурасы жыйырма эки жана бийиктиги он үч метр. Кеменин капталына бекем жабылгыдай кылып эшик жаса, ал эми жогору жагына кичинекей терезе жаса. Кеме үч кабаттуу болот. Мындай чоң кеменин курулушунун себеби, кемеге төрт аяктуу ар кандай жаныбарлардын эркек-ургаачысынан, ошондой эле бардык канаттуулардан, бардык курт-кумурскалар, чоң жана кичинекей тирүү жандыктардан жуп-жуп болуп сени менен кошо кириши керек.
Нух дароо эле уулдары менен кемени кура баштады, курулуш көп жылдарга созулду. Ары-бери өткөн элдер: «Нух эмнени куруп жатат?» — деп сурап жатышты. Аларга кеме куруп жатканын билдиргенде, аны шылдыңдап күлүп жатышты.
- Бул таштекти кантип деңизге сүйрөп барасың? - дешти алар.
- Бул жерге суу өзү келет, анан кеме калкып сүзөт - деп жооп берди Нух.
- Бул жергеби? Ой, сен акылыңдан айнып калган турбайсыңбы, Нух!
Нухка жана анын үй-бүлөсүнө мындай шылдыңдоолорду угуу жеңил болгон жок, бирок алар Кудайга таянып, аларга мындай деп жооп берип жатышты: "Ыпылас иштерди ойлогон, жамандык кылган адамдарды жок кылыш үчүн, Кудай чоң топон суу жиберет".
Качан зор кеме курулуп бүткөндө, Кудай Нухка мындай деди:
- Кел, бүт үй-бүлөң менен кемеге кир. Өзүң менен кошо Мен сага айткандай жаныбарларды ала кир. Бир жумадан кийин мен чоң суу ташкынын жиберем. Кырк күн, кырк түн жамгыр жаап, бүт жер суу астында калат.
Нух чоң эшикти ачты, жаныбарлар жуп-жубу менен кеменин ичине кире башташты. Ошондой эле, ал өзүнүн үй-бүлөсүнө жана жаныбарларга тамак-аш болуш үчүн, эгиндерди, мөмө-жемиштерди чөп-чар да ала кирди. Анан Нух, аялы, үч уулу жана келиндери болуп кемеге киришти. Ошентип, кемеде сегиз киши болду. Кеменин эшигин Нух жапкан жок, аны Кудай Өзү жапты; Кудай Өзү уруксат бермейинче, эшикти ачпаш керектигин Нух толугу менен түшүнгөн.
Андан кийин, алар жамгырдын жаап баштаганын угушту. Алгач дыбыратып эле акырын башталган, анан жаан чакалап төгүп кирди. Бул жамгыр көп саат жана күндөр бою жаады. Бир канча убакыт өткөндөн кийин, чулк эткен үндөн улам, суунун деңгээли кемеге жеткенин түшүнүштү. Ошентип, суу кемени көтөрүп, анан ал калкып сүзө баштады.
Жамгыр кырк күн бою жаады. Кемеде болгон сегизөөнө бул эч качан бүтпөчүдөй сезилди. Бир маалда бардык адамдар жана жаныбарлар эмнедир бир нерсени тыңшап калышты. Бул эмне болду экен? Коркунучтуу жымжырттык! Жамгыр токтоду! Бирок алардын кемеси суу үстүндө калкып, термелип жатты. Бүт жер жүзү, жада калса эң бийик тоолор суунун астында калган.
Ошентип, жүз элүү күндөн кийин гана Кудай суунун тартылышына уруксат берди. Бирок бул дагы бир топко чейин уланды.
Капыстан кеме кандайдыр бир нерсеге урунду, кырчылдаган үн чыгып, ошол жерге токтоп калды. Дагы эмне болуп кетти? Бул топон суу башталгандан тартып, жетинчи айдын он жетинчи күнү болчу, ал эми кеме келип урунган жер Арарат тоосунун үстү экен. Нух дагы кырк күн күткөн соң, терезени ачып, бир карганы коё берди.
- Эмнеге антип жатасың? — деп сурады аялы.
- Эгерде карга кайра учуп келсе, анда кеменден сырткары жашоого ылайык кургак жер жок экендиги билинет, - деп жооп берди Нух.
Карга кайтып келген жок. Ошондо баары сүйүнүп кетишти. Бирок, Нух мындай деди:
- Карга – чыдамкай куш. Ал көпкө чейин учуп жүрө алат, ал эми эс алганга ага таштын кыры деле жетиштүү болот. Эми мен көгүчкөндү коё берейин.
Көгүчкөн суртка учупчыгып, бирок бат эле кайрылып келди.
- Суу дагы деле көп окшойт, - деп ойлоду Нух, - дагы бир жума күтө туралы.
Жети күндөн кийин Нух көгүчкөндү кайра коё берди. Анын кайтып келишин сегиз адам чыдамсыздык менен күтүп жатышты. Акыры көгүчкөн кеменин ичине учуп кирди. Тумшугунда зайтун дарагынын жаңы үзүлгөн жалбырагы бар эле! Нух дагы жети күн кое туруп, көгүчкөндү кайра коё берди, бирок ал артка кайрылып келген жок.
Ошентип, Нух жер кургап, суу тартылганын билди. Эми ал, Кудайдын буйругун күтүп жатты. Акыры Теңир мындай деди:
- Кемеден сени менен кошо аялың, уулдарың, жана келиндериң чыксын. Жаныңдагы бардык тирүү жандыктарды: жаныбарларды, канаттууларды, малдарды, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларды кошо алып чык.
Ошентип, чоң кеменин эшигин ачууга убакыт келди. Жаныбарлар кубанышып, сыртты көздөй жамырап чыгышты.
Кемеден жаныбарлар чыгып жатышты, канаттуулар болсо кубаныч менен канаттарын жайып, ар кайсы тарапка учуп кетишти. Нухтун үй-бүлөсү мунун барын көрүшүп, жеңилдене үшкүрүштү. Алар кубанычын коюнуна ката албай, бири-бирин кучактай башташты.
Нух кайрадан жашыл адырларды жана жайыттарды көрдү. Ал эми жердин мурдагы ыймансыз тургундары кайда? Алар жок болуп кетишкен экен.
Топон суу Теңирге кызмат кылууну каалабаган жана бузулган адамдар үчүн коркунучтуу жаза болуп калды.
Нух аны топон суудан куткарган Кудайдын ырайымынын тереңдигин толугу менен түшүндү. Ал үйүлүп жаткан таштардан курмандык чалынуучу жай куруп, ар кандай малдан, канаттуудан бир нечесин алып келип, Кудайга курмандык чалды. Кудайга бул курмандык аябай жакты. Анан ал жүрөгүндө мындай деди: «Мындан ары адамдардын күнөөлөрү үчүн жерди каргабайм». Анткени адамдардын кайра эле күнөө жасай турганын Ал билген. Андан кийин Кудай мындан ары эгүү-себүү менен оруу-жыюу, суук менен ысык, жай менен кыш, күн менен түн токтобостугун айтты. Ошондо Кудай Нухка жана анын уулдарына жер бетин толтуруу үчүн укумдап-тукумдап көбөйүүсүнө батасын берди. Кудай Нух, анын уулдары, ошондой эле алардан кийин жашай турган урпактары менен келишим түздү. Мындан кийин эч качан адамдар жана жаныбарлар топон суу менен жок кылынбайт, ошондой эле суу эч качан жерди минтип кыйратпайт, -деп Ал убада берди. Кудай бул келишимди эске салган өзгөчө белгини - булуттун бетине көк желе тартты. Ал ар дайым жамгыр басылып, күн тийип турганда асманда пайда болот. Ошондо Кудай Нухка мындай деди:
- Мына, бул сени менен жана жер бетиндеги бардык тирүү жандыктар менен түзгөн келишимимдин белгиси.
Качан силер асан-үсөндү көргөнүңөрдө анын маанисин эстейсиңер. Ал жөн гана, жамгырдан кийинки асмандагы кооздук эмес, ал жакшылыктын, ишенимдүүлүк жана адамзатка болгон камкордуктун белгиси.
Талкуулоо үчүн суроолор
5 сурооЭмне үчүн Кудай топон сууну каптатууну чечкен?
Нух кантип куткарылды?
Жер бетиндеги адамдардын күнөө кылбай, өзгөрүлүшүнө канча убакыт бар эле?
Жердин кургак экенин билиш үчүн Нух кемеден кандай канаттууларды коё берген?
Кудай Нухка кандай убада берген?, Бизге асан-үсөн эмнени эсибизге салышы керек?