Ата-энелерге

Ата-энелерге

Урматтуу ата-энелер!

Урматтуу ата-энелер!

Сиздердин колуңуздарда бүт үй-бүлөгө арналган китеп! Андагы Ыйык Китептен алынган окуялар Кудайдын Сөзү менен жана байыркы заманда болуп өткөн окуялар менен таанышуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Белгилүү болгондой, балдар бир гана айлана-чөйрөгө кызыкпастан, рухий чындыктарды да билүү үчүн умтулушат. Балдарыңыздарга кичине жашынан тартып, бул китептеги окуяларды чогуу окуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыздар, келечекте алардын жашоосуна жемиштүү таасир бере турган, Ыйык Китеп менен жакыныраак таанышууну самап калышат. Үзгүлтүксүз Кудайдын Сөзүн окуу жана сыйынуу балдарды туура тарбиялоодо чоң таасирин тийгизет. Бул нерсе үчүн убакытыңыздарды сөзсүз бөлүңүздөр! Уул-кыздарыңыздарды сүйүү менен тарбиялаңыздар, аларга рухий баалуулуктарды жаш кезинен үйрөтүңүздөр. Кудай сиздердин үй-бүлөңүздөргө бул нерседе бир гана азыр эмес, келечекте да жардам берет деп ишенебиз.

Жаш кезинен эле Ыйык Китептеги Чындыкты балдарыңыздар таанып калышын чын жүрөктөн каалайбыз, анткени бул - алардын бир гана балалык чагын эмес, эрезеге жеткендеги жашоосун да өзгөртүп коюучу Чындык!

Сүйүү жана сыйынуу менен,

Библиялык миссиянын кызматкерлери.

Ата-энелерге00:00 / 01:18