
Кабыл менен Абыл
Ыйык Китеп, Башталыш китеби, 4-бөлүм
Адам ата менен Обо эне Эйден багынан биротоло чыккандан кийин бакчанын сыртында жашай башташты. Алар Кабыл жана Абыл деген эки уулдуу болушту. Алар, атасына окшоп, чеке терин агызып иштей башташты. Кабыл жер иштетчү, Абыл болсо кой кайтарчу.
Эми Кудай мурдагыдай, Эйден багындагыдай тез-тезден келип, адамдар менен көп сүйлөшпөй калды. Бирок мезгил-мезгили менен келип, адамдар менен сүйлөшүп, Ага муктаждыктарын айтып, кайрылып турууга уруксат берди.
Бир күнү Кабыл менен Абыл Кудайга курмандык чалууну чечишти. Кабыл жер жемиштерди, Абыл болсо эң мыкты козуну курмандыкка алып келди. Кудай-Теңир Абылдын курмандыгын кабыл алып, Кабылдыкына назарын салган жок. Анткени Кудайга кишинин кандай жүрөк менен келгени маанилүү. Кабылдын жүрөгү таза эмес болчу. Ал абдан капаланды. Анын жүзү абдан түнөрө, бир тууганына көз артты.
Кудай Кабылдын жүрөгүндөгүнү көрүп, ага токтоп сабыр кылууга жана эсине келүүгө мүмкүнчүлүк берди. «Сага эмне болуп жатат? Жүрөгүңдү карачы, сен опурталдуу абалда турасың. Жаман ойлор сени каптап жатат, аларга орун бербе», - деп эскертти Кудай. Бирок Кабыл тил албай койду. Ал Кудайды Абылдай сүйчү эмес. Ал өзүн гана сүйчү.
Ал Абыл жөнүндө канчалык ойлогон сайын, ошончолук аны жек көрө баштады. Анан минтип жамандык болду. Бир күнү алар талаада жүрүшкөндө, Кабыл өз бир тууганы Абылга кол көтөрүп, аны өлтүрүп салды. Жер бети канга боелду. Абыл жер бетинде өлтүрүлгөн биринчи киши болду. Ошентип, Кабылдын жек көрүү сезими, аны бир тууганын өлтүрүүгө алып келди.
Көп өтпөстөн, Кабыл Кудайдын мындай деген үнүн укту:
- Кабыл, бир тууганың кайда?
– Билбейм, –деп бурк этти Кабыл. - Мен эмне, бир тууганымды кайтарып жүрүптүрмүнбү?
Бирок Кудай мындай деди:
- Мен жердин үстүнөн бир тууганыңдын төгүлгөн канын көрдүм. Бул үчүн, Мен сени жазалайм, анткени сен өзүңдү күнөө ээлеп алышына орун бердиң. Сен өз үйүңдү таштап, бөтөн жерге кетесиң, өмүрүң өткөнчө тентийсиң жана сага эч жерден тынчтык болбойт.
Кабыл өзүнө Кудай сүйлөгөн жерди таштап, башы оогон жакка кетти.
Ошентип, Адам ата менен Обо эне эки уулунан тең ажырап калышты: анткени Кабыл алардан алыска кетти, а Абыл болсо каза тапты. Алар Абылды аябай жоктоп ыйлашса керек! Же, Кабылдын жаман кыялын ойлоп алып, андан бетер ыйлашкандыр. Эмнеге алар Шайтандын азгырыгына кирип, тыюу салынган жемиштен жешти экен? Эгерде алар муну жасабаганда, Кудай менен болгон баарлашуу бактысынан жана Эйден багындагы жашоодон айрылышмак эмес, Кабыл жаман адам болмок эмес жана Абыл тирүү калмак.
Кийинчерээк Кабыл үйлөнүп, балалуу болду. Анын балдарынын жүрөгү жамандыкка толо, таш боор, Кудайды сүйбөгөн, Ага баш ийбеген балдардан болушту. Кудай Адам ата менен Обо энеге боору ооруп, аларга дагы бир уул берди, ага Шет деген ысым берилди. Ал Кудайга ишенимдүү бала болду. Бул Адам ата менен Обо эне үчүн абдан маанилүү болчу, анткени Кудай убада кылган Куткаруучу Кабылдын тукумунан чыкпастыгын түшүнүшкөн. Ал эми Шеттин балдары Кудайды сүйүшкөн.
Ошентип, жер бетинде эки үй-бүлө жашай баштады: Кабылдын уулдары жана Шеттин уулдары. Ыйык Китеп Шеттин уулдарын Кудайдын уулдары деп,
ал эми Кабылдын уулдарын болсо адам баласы деп атайт.
СУРООЛОР
1) Эмнеге Кудай Абылдын курмандыгын кабыл алып, Кабылдыкын кабыл алган эмес?
2) Кабыл эмне кылды? Эмне үчүн ал ошондой нерсеге барды?
3) Эмнеге Шеттин төрөлүшү абдан маанилүү болгон?