
Адам Атанын күнөөгө батышы
Ыйык Китеп, Башталыш, 3-бөлүм
Кудай асманды жаратып жатканда, Ал периштелерди да кошо жараткан. Алар асманда Кудай менен жашашчу жана Ага кызмат кылышчу. Күндөрдүн биринде алардын бири Кудайга каршы чыкты, анткени, ал өзүнүн Жаратуучусундай кудуреттүү болгусу келди. Бул козголоңго көптөгөн Периштелер катышты. Ошондо Кудай аларды асмандан ылдый карай тозок деп аталган караңгы туңгуюкка ыргытып салды. Бардык козголоңчу периштелердин башчысы болгон бул бузуку Периште, шайтан деп аталды, же аны башкача ибилис деп койсо болот. Эгерде Адам ата менен Обо эне күнөө кылса, алар өлүп, тозокко түшөрүн шайтан билген. Ал адамдарды жек көргөндүктөн, аларды Кудай менен болгон бактылуу мамилелешүүдөн ажыратуу үчүн мындай ойго келди: «Мен аларды Кудай жегенге тыюу салган, жакшылык менен жамандыкты таанытуучу дарактын жемишинен жедиргенге аракет кылам». Анан ал жыландын кейпин кийип алып, Эйден багына кирип барды...
Мына ошентип, бир күнү Обо эне ошол жакшылык менен жамандыкты билдирген дарактын жанында турганда, кимдир-бирөөнүн добушун укту:
- Обо!
- Ал чочуй: «Ким бул?» - деп, эки жагын караса, жанында жылан туруптур.
- Кудай силерге бакчадагы бир дагы дарактын мөмөсүнөн жебегиле дептир, бул чынбы? – деп сурады.
- Жок, Ал антип айткан эмес, - деди, жооп берип жатып Обо эне, - биз бардык дарактардын мөмөсүнөн жей берсек болот, бир гана ушул дарактын жемишинен жегенге болбойт. Болбосо өлүп калабыз.
- Ой, силер андан өлбөйсүңөр, – деди жылан, – Кудай силер ага тийбесин деп эле ошентип айтып жатат. Анткени силер андан даам татаар замат, азыркыдан да көптү билип каларыңарды Ал сонун билет. Силер анда Кудайга окшоп, жаман эмне экенин, ошондой эле, жакшы эмне экенин билип каласыңар.
Ушуларды айтып коюп, жылан жок болуп кетти. Ал эми Обо эне жемиштерге суктануу менен карай баштады. “Жөнөкөй эле жол менен Кудайдай болуп калса болот турбайбы”, - деген ой таптакыр андан кетпей койду. Ал мөмөлөрдүн бирине акырын колун тийгизип көрдү. Эч нерсе болбогон соң, ал аны үзүп алып,тиштеп да көрдү. Обо эне андан мүрт кетип өлгөн жок! Мөмө болсо абдан даамдуу экен. Ошол маалда Адам ата анын жанына келип калды.
Адам, кел, Сен дагы ооз тийип көрсөң, – деди Обо, – жебегиле деген дарактын мөмөсүнөн даам татып көрдүм, өзүң көргөндөй, мага эчтеке болгон жок!
Адам ата көпкө күттүрбөй эле мөмөдөн тиштеп алды. Анан экөө тең өлгөн жок, бирок анын кандай кесепет алып келерин алар билишкен жок. бирок, эмнедир бир нерсе ошол замат өзгөрдү, анткени дүйнөгө эми өлүм келди, аны менен кошо адамдын жүрөгүнө жамандык менен күнөө кирди. Күнөө – бул Кудайга баш ийбөө, Анын осуяттарын бузуу. Өлүм – бул күнөөнүн жазасы. Мына ошентип, адамзаты үчүн бактылуу күндөр аяктады. Шайтан болсо, ошону эле көздөп турган. Анан Адам ата менен Обо эне жылаңач экенин байкап, бири-биринен уялып кетишти. Чоң жалбырактардан үзүп келип, аны менен жамынып алышты. Алар бул кырдаалдан өзүбүз эле чыгып кетебиз деп ойлошкон, антсе дагы аларды бир нерсе тынчсыздандырып жатты. Биринчи кишилер эмне кыларын билбей турушту, аларды ушул убакка чейин болуп көрбөгөн сезим – күнөөлүү сезим каптады.
Кечинде Кудай бакчага келди. Адам ата менен Обо эне Анын кадамдарын угуп, бейиш дарактарынын арасына жашынып калышты. Мурда Кудай аларга Дос болчу, эми болсо, алар Андан коркуп кетишти. Ушинтип, күнөө кишилер менен Кудайдын ортосундагы эң сонун мамилени жок кылды. Буга чейин алар Кудайга толук ишеним жана сүйүү менен эле келе беришкен болсо, эми аларга жашынууга туура келип жатат.
Кудай жакын келип, Адам атаны бийин үн менен чакырды:
- Адам, сен кайдасың?
Ал аны таппай калгандыктан чакырып жаткан эмес эле, анткени Кудай барын көрүп турат да. Кудай Адам ата менен Обо энени издеп жатканын алар түшүнүшү үчүн атайын кыйкырып чакырды.
- Мен бул жактамын! – деп үн салды Адам ата. Кудайга жооп берип жатып, ал Андан жашынууга аракет кылганы канчалык акылсыздык болгонун ойлоду, – сенин үнүндү укканда, жылаңач экенимди эстеп, уялып кеттим.
- Жылаңач экениңди сага ким айтты? – деп сурады Кудай, – Ушул убакка чейин уялбачу элең го. Жегенге тыюу салган дарактын жемишинен жедиңби?
Адам ата Кудайды кароого батынган жок.
- Сен берген аял мага дарактын жемишинен берди, – деп акырын жооп берди.
- Бул эмне кылганың? – деп сурады Кудай Обо энеден.
- Мага жылан көп нерселерди убада кылып, алдап кетти, –деп Обо эне актанды.
– Мен анын амалкөйлүгүнө алдырып койдум.
Ошондо Кудай жыланга мындай деди:
- Ушуну кылганың үчүн сага каргыш тийсин! Мындан ары адамдар сага дайыма душман болушат. Анан бир кезде сени жеңе турган Бирөө келет!
Адам ата менен Обо эне Кудай эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнүшкөн жок. Анткени, жамандыкты жеңүү үчүн Кудай кийинчерээк Куткаруучуну жиберерин билишкен эмес.
«Эми алар, жаман менен жакшынын эмне экенин билип калышты, – деп ойлоду Кудай.
– Адамдар эми Мендей болгулары келет, бирок алар жамандыкка туруштук бергенге өтө алсыз. Ошондуктан Мен алардын өмүр дарагынын жемишинен дагы татышын каалабайм».
- Силерге Эйден багынан чыгып кетүүгө туура келет, – деди Кудай Адам ата менен Обо энеге.
– Обо, сенин балдарың болот, бирок аларды төрөп жатканда аябай кыйналасың. Ал эми сен, Адам, өзүңдү жана үй-бүлөңдү багуу үчүн кыйналып иштегенге туура келет. Айдоо жериңде тикенек, отоо чөптөр өсөт, сен өмүрүң өткөнчө тынчтыкты билбейсиң. Анткени сен топурактан жаратылгансың, топуракка кайра айланасың.
Биринчи кишилер бейиштен чыгып кетүүгө аргасыз болуп турганда, Кудай-Теңир аларга териден кийим жасап берди. Алар Ага баш ийбестигинин айынан, Анын жанында жашабай турган болгондо да, Кудай аларга ушундайча кам көрдү.
Ошентип, Адам ата менен Обо эне бейиштен куулуп калышкан. Кудай бакчаны жана өмүр дарагын коргоо үчүн Керупту жана жалындаган кылычты койду. Мындан ары адамдар кереметтүү Эйден багынын сыртында жашай башташты. Бирок... Кудай аларга Куткаруучуну убада кылган!
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооАдам ата менен Обо энеге кайсы дарактан жегенге болбойт эле?
Обо энеге ошол дарактан жесе болот деп ким айтты?
Адам ата менен Обо энеге Кудай эмне убада кылды?