Пабыл жана Сылас

Пабыл жана Сылас

Ыйык Китеп, Элчилердин иштери, 16-бөлүм, 19-40-аяттар

Мурда Пабыл Ыйсанын жолдоочуларын жек көрүп, куугунтукка алса, ал эми азыр Жакшы Кабарды таратуу үчүн көп күч жумшап жатты. Анын өзгөрүлгөнүн ырастагандай, азыр Шабылды көбү Пабыл деп атап калышкан. Бир нече пикирлеш адамдар менен ал Европага чейин барган. Ошол убакта синагога жок болгонуна байланыштуу, Пабыл кайда барбасын, биринчи кезекте ишемби күндөрү сыртта чогулган жүйүттөр менен жолугууга аракет жасачу.

Ушундай жолугушуулардын биринен кийин ага кымбат баалуу кийим кийинген бир аял келди. Анын аты Лидия эле. Ал Пабылдан Ыйса жөнүндө көбүрөөк айтып беришин суранды. Алардын маеги созулуп кетти. Аягында Лидия мындай деди:

- Кудай мени Өзүнүн баласы катары кабыл алышы үчүн сыйынгылачы. Анан мен сууга да чөмүлтүлгүм келет.

Чөмүлүү алгандан кийин Лидия Пабыл менен анын досторун кошо конокко чакырды. Пабыл, Сылас жана шериктеринин бири, аныкында аз убакыт болушту. Анан бир нече күндөн кийин шаардык сот аларды түрмөгө камап салды. Кээ бир шаар тургундары жүйүттөрдүн бул жерде, гректер менен римдиктерге насаат айтып жатканына нааразычылыктарын билдиришкен. Павел менен Сыластын колу-бутун чынжырлап, атайын түрмөгө отургузушту. Экөө ордунан турмак турсун, кыймылдай да алышкан эмес. Бирок Кудай алар менен экенин экөө тең жакшы билишкен. Теңир аларды бекемдеп, күчкө толтурду.

Кудайдын уулдары камакта болгонуна карабай кубанып, Ага даңктоо ырларын ырдашты. Адегенде акырын ырдап жатышты, анан үн кошуп, катуу даңазалай башташты, ошондо алардын ырдаганы коңшу камераларда да угулду. Абакта отургандар уккан кулактарына ишене албай жатышты: кантип түрмөдө отуруп мынчалык кубануу менен ырдап жатышат, - деп.

Бир маалда алардын үнүнө дагы бир үн кошулду: акырын, дүңүлдөгөн чартылдактар. Анан ошол жердегинин баары солкулдап кетти. Жер титирей баштады! Имараттын дубалдары чайпалды, бирок урап түшкөн жок.

Павел менен Сылас түрмөнүн түбүндөгү таштар бир нукка жылып, натыйжада туткундалгандардын колу-буту бошоп калганын байкашты. Сыртка чыкчу эшиктер да ачылып калыптыр.

Жер титирөөдөн улам түрмө сакчысы ойгонду. Ордунан секирип туруп, ал эшиктердин ачылып калганын байкады.

- Бардык камактагылар качып кеткен тура! – деп ойлоп – Мен бул үчүн катуу жазага тартылганча, жанымды кыйып салайын – деп чечти.

Пабыл түрмө сакчысы кылычын кынынан сууруп чыгып, өз жанын кыймакчы болуп жатканын көрүп, катуу кыйкырып жиберди: «Мындай кылба! Биз баарыбыз бул жердебиз!»

Түрмө сакчы баары өз ордуларында экенин көрүп, Пабыл менен Сыласты кучактады. Эгерде бул адамдардын Кудайы, ушу экөөнү бошотуш үчүн жерди титиретсе, анда Ал чыныгы Кудай болушу керек- деди.

- Мырзаларым, куткарылышым үчүн эмне кылышым керек?

– Теңир Ыйса Машаякка ишен, ошондо өзүң да, үйүңдөгүлөр да куткарылат! – деп жооп берди Пабыл.

Ошондон кийин түрмө кызматкери экөөнү тең үйүнө конокко чакырды.

Пабыл менен Сылас аныкына кубаныч менен барышты да, Ыйса жөнүндө көбүрөөк айтып беришти. Ыйса ар дайым жакшылык кылганы тууралуу, Ал Кудайдын Уулу экенин жана кемчиликсиз жашаганын айтып беришти. Ал күнөөсүз болсо да, римдик аскерлер Аны айкаш жыгачка кадаганын айтып беришти. Ошондуктан, алар өздөрүнө болуп жаткан куугунтуктоолорго таң калышпайт. Теңирге жаман мамиле кылып, эми бизге окшогон ишенгендерге жакшы мамиле кылышмак беле?

Ошентип, алар түрмө сакчынын үйүндөгүлөрүнө, Ыйса бардык адамдардын, анын ичинде ошол үйдө болгондордун баарынын күнөөлөрүн жууш үчүн өлгөнүн түшүндүрүштү. Адамдардын Кудай менен болгон мамилеси кайрадан калыбына келиши үчүн, айкаш жыгачта Ыйса бардык күнөөлөрдү Өз мойнуна алган. Пабыл менен Сылас Машаяктын тирилгенин жана ишенгендерге Теңир менен болууга жардам берген, Ыйык Рух жөнүндө да бөлүшүүнү унутушкан жок.

- Мен да Ыйсаны кабыл алгым келет! — деди сакчы.

- Мени Өзүнүн баласы катары кабыл алышын Андан сурангым келет.

- Эгер Кудай аялдарды кабыл алса, анда мен да Ага кызмат кылгым келет, - деди анын аялы.

Пабыл мындай деди:

– Албетте, жакшы кабар аялдарга да тиешелүү! Кичинекей балдарга дагы! Айтып кетчү нерсе, силердин шаарда Ыйсаны кабыл алган бир аял бар.

Маек бүткөндөн кийин жана үйдөгүлөр чөмүлдүрүүдөн өткөндөн кийин, үй ээси Пабыл менен Сыластан алар менен тамактануусун суранды. Алар тамактанууга калышты да, күн чыкканда, алар үчүн абдан тынчсызданып жаткан Лидиянын үйүнө кайра шашылышты. Эми Пабыл менен Сылас Лидияга Кудай аларды кантип коргогону жөнүндө эле эмес, ошол түнү Теңирге кайрылган сакчынын үй-бүлөсү жөнүндө айтып беришти!

Талкуулоо үчүн суроолор

5 суроо
  1. Адамдар Пабыл менен Сыласты каяка алып кетишкен?

  2. Абактагылар качып кетпеши үчүн эмне кылынган?

  3. Пабыл менен Сылас түн ичинде ырдашканын кантип түшүндүрө аласың?

  4. Пабыл менен Сылас кантип эркиндикке чыгышкан?

  5. Түрмө кызматкери менен анын үй-бүлөсүнө эмне болгон?

99. Пабыл жана Сылас00:00 / 05:35