
Пабылдын Римге сапары
Ыйык Китеп, Элчилердин иштери, 21-28-бөлүм
Пабыл менен анын жанындагы шериги Иерусалим жыйынына келгенде, ийбадатканадагылар аябай кубанышты! Кудай бутпарастарга Пабылдын кызматы аркылуу эмне кылганын айтып берди, ошондо бардыгы Теңирди Сөзүнүн күчү үчүн даңкташты. Бирок, кубаныч көпкө созулган жок.
Иерусалимге келгенине жети күн өткөндөн кийин Пабыл убаданын аткарылышына ыраазычылык билдирип, курмандык чалуу үчүн ийбадатканага барды. Ошол жерден жүйүттөр аны көрүп, алар эч уккусу келбеген Ыйса Машайактын окуусун тараткан насаатчы экенин байкашты.
Алар Пабылды кармап алып, бардык жерде алардын мыйзамына каршы окутуп жатканын айтып кыйкырышты, атүгүл ийбадаткананы булгап, бутпарастарды да алып келди деп жалаа жабышты. Алар ачууланган бойдон, Пабылды өлтүрүш үчүн ийбадаткананын сыртына сүйрөп чыгышты, анткени ийбадаткананын ичинде өлтүргөнгө болбойт эле. Рим аскерлеринин башчысы Клавдий Лусий бүт эл толкунданып жатканын көрүп, Пабылды чынжыр менен байлап, аскерлер үйүнө алып кетүүнү буйруду. Жолдо бара жатып, Пабыл элге сүйлөгөнгө уруксат сурады. Ал жүйүттөргө Теңирге кантип ишенип калганын жана күнөөлөрүнөн кечирим алганын айтып берди.
Жүйүттөр адегенде Пабылды кунт коюп угушту, бирок качан Теңир аны башка элдерге (бутпарастарга) Жакшы Кабар таратуу үчүн жибергенин айтканда, алар ызы-чуу салып жиберишти. Анын жашаганга укугу жок, деп кыйкырып жатышты.
Туткундун сөзүнөн эл ого бетер кыжырданганын көргөн Клавдий Лусий Пабылды аскер үйүнө алып кетүүнү буйруду. Ал жоокерлерине Пабылди сабап, суракка алууну буйруду, буга Пабыл мындай деди:
– Силерге Римдин атуулун соттун өкүмүсүз эле сабаганга болобу? – деп сурады.
Римдиктер аң-таң болуп, Пабылды суракка алышкан жок, бирок анын чынжырларын да чечишкен жок.
Эртеси күнү Пабыл синедриондун алдына келди. Сураштыруу жүрүп жатканда фарисейлер менен садукейлердин ортосунда чыр чатак чыгып кетти. Кээ бирлери аны айыпташса, кээ бирлери анын эч айыбы жок деп кыйкырып жатышты. Талаш күчөй берди. Жүйүттөр Пабылды ар тараптан кысымга алышты. Клавдий Лусий эл аны тытып салат деп корккондуктан, жоокерлерине айыпталуучуну аскер үйүнө алып кетүүнү буйрду.
Түн ичинде Ыйса Теңир Пабылга келип, мындай деди:
- Кайраттан, Пабыл, анткени Иерусалимде Мен жөнүндө кандай күбөлөндүрсөң, Римде да ошондой күбөлөндүрүшүң керек!
Узакка созулган териштирүүдөн кийин, жүйүттөр Пабылды өлтүрүүгө бир нече жолу аракет кылгандан кийин, аны императордун алдында сотко тартуу чечими кабыл алынды.
Бул үчүн Пабыл императордун өзүнө Ыйса Машаяктын Жакшы Кабарын таратуу үчүн Римге барышы керек болчу. Ошентип, Ыйсанын айтканы аткарылмак.
Пабылдын Римге карай сапары Кейсареяда токтоп турган кемеде башталган. Аларды узак жана коркунучтуу жол күтүп турган эле.
Жылдын ушул маалында Жер Ортолук деңизде чоң бороон-чапкындар болгондуктан, жыгачтан жасалган кичинекей кемеде сүзүү абдан кооптуу болгон. Пабыл кеменин айдоочуларына бул тууралуу эскертип айткан, бирок алар аны укпай коюшту.
Бир күнү аябай катуу бороон башталды. Бийик толкундар кемени ары-бери ыргытып жатты. Кемени сактап калуу үчүн жүктүн көбүн сууга ыргытышты, бирок кырдаал начарлагандан начарлай берди. Бир нече күн бою кемени деңиздин толкуну алып жүрдү. Кемедегилердин куткарылуудан үмүтү үзүлдү.
Ошондо Пабыл шамал катуу болгондуктан, катуу үн менен кемедегилерге кайрылды:
- Достор! Көңүлүңөрдү чөктүрбөгүлө, баарыңар аман каласыңар, бирок кеме талкаланат. Мен муну билем, анткени мен кызмат кылган Теңирдин Периштеси ушул түнү мага мындай деди:
«Коркпо, Пабыл! Сен кесардын алдына барышың керек!». Достор, кайраттангыла! Мен Теңириме ишенем: баары Ал айткандай болот!
Бороон башталгандан он төрт күн өткөндөн кийин кемедегилер жерди көрүштү, бирок ага жете албай коюшту. Кеме тайыз жерге келип, кыймылсыз токтоп калды, ал эми кеменин арткы бөлүгү толкундун соккусунан талкаланып кетти. Бирок элдин баары куткарылды: алар жээкке сүзүп чыкканга үлгүрүштү.
Теңир Өз Сөзүн аткарды! Эч кимиси сууга чөгүп, же жабыркаган жок. Эми Ыйсанын ысымы Римде даңкталыш үчүн Кудайдын планы аткарылышы керек.
Кудай керемет жол менен Пабылды Римге алып келген, ал жерде Пабыл Ыйса Машаякка болгон ишеними жөнүндө императордун алдында күбөлөндүрдү жана бул мүмкүнчүлүк үчүн Теңирге ыраазычылык билдирди.
Пабыл Рим шаарына туткун катары эмес, Ыйсанын күбөсү, Асмандагы Падышасынын кабарчысы катары кирди!
Талкуулоо үчүн суроолор
4 сурооКлавдий Лусий Пабылды Синедрионго эмнеге алып келген? Ал жерде эмне болду?
Теңир камакка алынган Элчи Пабылга кантип күч берди? Бул Пабыл үчүн эмнеге маанилүү болгон?
Сүзүп баратканда эмне болду?
Пабылдын Римге келишине Кудайдын максаты кандай болгон?