
Жакандын Теңирден алган аяны
Ыйык Китеп, Аян, 1-22-бөлүмдөр
Көптөгөн Ыйса Машаяктын элчилери, Кудайга болгон ишенимдүүлүгүн акырына чейин сактап, Жакшы Кабарды таратканы үчүн өлтүрүлгөн же азапка тартылган. Бирок элчилердин бири карыганга чейин жашап, токсон жашында Эфес шаарындагы машаякчылар коомунун мүчөсү болгон. Сөз Жакан жөнүндө болуп жатат. Ыйсага ишенгени үчүн куугунтукталса да, ал өлтүрүлгөн эмес. Анын ордуна ал Жер Ортолук деңизиндеги Патмос деген ээн аралга сүргүнгө айдалган. Ал аралдын калкы туткундардан жана аларды кайтарган сакчылардан гана турган. Аралда өкүм сүргөн жымжырттыкта, Кудай Жакан менен сүйлөшкөн. Ал Жаканга Ыйсанын Падыша экенин жана Ага ишенгендерге куугунтуктоо кеңири жайылган күндө да, алардын тагдыры Куткаруучунун колунда болорун көрсөткөн!
Жакан көргөн аяндарда Кудай дүйнөнүн акыркы тарыхын да көрсөткөн, аны ал ички көзү менен, б.а. көрүнүш аркылуу алган. Мындай аяндан Жакан он экини көргөн эле, алар тууралуу Ыйык Китептин акыркысы - Аян китебинде жазган.
Акыркы көрүнүштө Теңирдин Периштеси Кудайдын эли үчүн даярдалган кооз асман Падышачылыгын көрсөткөн. Элчи Жакан жаңы бейишти, андагы Кудайдын жана Козунун тактысынан кристаллдай жалтылдап агып чыккан өмүр дарыясын көргөн. Ал эми анын жээгинде өмүр дарагы бар эле.
Бул асмандагы бейиште мындан ары эч ким күнөө кылбайт, анткени күнөө Ыйса Машаяк тарабынан жеңилген. Күнөөнүн карааны, ишенбестик жана өлүм эч качан кайтып келбейт, анткени Кудай-Теңир аларды жок кылат. Ал эми куткарылууга ээ болгон ишенгендер Машаяк менен бирге Асман Падышачылыгында түбөлүккө бийлик жүргүзүшөт.
Периште Жаканга уккан жана көргөн нерселеринин баары туура жана чындык экенин айтып берген.
Аяндын аягында Ыйса Теңир Өзү Элчи Жакан менен коштошуп жатып мындай деди:
– Мен Альфамын жана Омегамын, Биринчимин жана Акыркымын, Башымын жана Аягымын... Мен Дөөттүн Тамырымын жана Урпагымын, Жарык жана Таңкы Жылдызмын! Мен жакында кайтып келем!
- Оомийин! Ооба, кел, Теңир Ыйса! - деп жооп берди Жакан.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЫйык Китептин акыркы китебин ким жазган?
Эмне үчүн Ыйса жакында кайра жерге келет?
Ыйса Машаякка ишенген адамдар түбөлүктү кайда өткөрүшөт?