Петир түрмөдө

Петир түрмөдө

Ыйык Китеп, Элчилердин иштери, 12-бөлүм, 1-17-аяттар

Рим императору Гай Цезарь, Улуу Ироддун небереси, Ирод Агриппаны Иерусалимдин жана Палестинанын көпчүлүк бөлүгүнүн башкаруучусу кылып дайындаган.

Анын башкаруусунда Ыйсага ишенгендерге катуу куугунтуктоолор башталган. Ирод жүйүт башчылары менен алардын жактоочулары элчилерди жана Машаяктын бардык шакирттерин жек көрүшөрүн билген. Алардын көңүлүнө жагуу үчүн, элчилердин бирин, Жакандын бир тууганы Жакыпты өлтүрүүгө буйрук берди.

Анын өлтүрүлүшү жүйүттөргө жаккандыктан, ал Петирди камакка алууну буйруду. Аны түрмөгө камап, он алты жоокерге күнү-түнү кайтарууга буйрук берди.

Ирод Элчи Петирди өлүм жазасына тартуу күнүн белгилеген болчу, бирок машаякчылар ал үчүн Кудайга ишеним менен сыйына беришти! Ошол убакта Иерусалимде башка элчилерден эч кимиси жок эле. Алар Ироддун куугунтугунан кутулуу үчүн шаардан чыгып кетишкен. Бирок Иерусалимде элчилерден башка Машаяктын көптөгөн шакирттери бар эле. Алар Жакандын энеси, Мариямдын үйүндө чогулуп, Петир үчүн сыйынып жатышты.

Ошол учурда Петир түрмөдө бейкам уктап жаткан. Анын жанында дайыма эки жоокер болгон. Мындан тышкары, күзөтчүлөр абактын сырткы жана ички эшиктеринде, ошондой эле көчөгө чыгуучу дарбазага да жайгаштырылып коюлган экен. Петир качып кете алганга мүмкүн беле?! Жок. Ал буга аракет кылган да эмес.

Күтүлбөгөн нерсе болду. Капысынан, Теңирдин Периштеси Петирдин жанына келди, андан жарык нуру төгүлүп жатты. Петир катуу уктап жаткандыктан, Периште аны ойготуу үчүн капталынан түрттү да, мындай деди:

- Тезирээк тур!

Ошол маалда анын колундагы чынжырлар түшүп калды. Периште Петирге белин курчанып, бут кийимин жана сырт кийимин кийүүнү буйруду. Жоокерлер бул убакта катуу уктап жатышкан.

Анан Периште:

- Менин артымдан ээрчи! – деди.

Петир анын артынан ээрчиди, түрмөнүн эшиги ачык экен. Периште, уктап жаткан кароолчулардын жанынан өткөрүп, Петирди темир дарбазага чейин алып келди. Дарбазалар өз алдынча алардын алдынан ачылды. Экөө шаарга чогуу чыгышып, бир аз басышты, анан Периште көздөн кайым болуп кетти.

Петир өзүнө келип:

- Теңир Ироддун жана мени өлтүргүсү келген жүйүттөрдүн колунан куткаруу үчүн Өз Периштесин мага жибергенин азыр так билдим - деди.

Анан ал Ыйсанын шакирттери чогулган үйгө барды, ошол убакта алар Петир үчүн сыйынып жатышкан. Петир эшикти тыкылдатканда, бир күң чыкты. Петирдин үнүн укканда, ал кубанганынан дарбазаны ачуунун ордуна үйгө чуркап кирип, Петир дарбазада турганын билдирди. Шакирттер ишенбей, Кудай Петирди коргоо үчүн жиберген периште болуш керек деп айтышты.

Бирок Петир тыкылдата берди. Алар дарбазаны ачып, алардын алдында Петир турганын көрүшкөндө, абдан таң калышты. Алардын кубанычына чек жок эле! Петир колу менен белги берип, душмандардын шектенүүсүн пайда кылбоо үчүн алардан тынчтануусун суранды. Алар тынчыганда, Теңир аны кандай керемет жол менен түрмөдөн чыгарганын айтып берди.

Анан Петир Ироддон качыш үчүн, Иерусалимден чыгып кетти.

СУРООЛОР

1) Иерусалимдеги жыйынга куугунтуктоону кайсы падыша баштаган? Эмне үчүн ал мындай кылды?

2) Элчилердин кимиси Машаяк үчүн биринчи болуп өлгөн? Андан кийинкиси ким болушу керек эле?

3) Бул убакта Жыйын эмне кылып жаткан?

4) Өлүм жазасына тартылган түнү Петир менен эмне болгон?

Талкуулоо үчүн суроолор

4 суроо
  1. Иерусалимдеги жыйынга куугунтуктоону кайсы падыша баштаган? Эмне үчүн ал мындай кылды?

  2. Элчилердин кимиси Машаяк үчүн биринчи болуп өлгөн? Андан кийинкиси ким болушу керек эле?

  3. Бул убакта Жыйын эмне кылып жаткан?

  4. Өлүм жазасына тартылган түнү Петир менен эмне болгон?

98. Петир түрмөдө00:00 / 04:01