Табитанын тирилүүсү

Табитанын тирилүүсү

Ыйык Китеп, Элчилердин иштери, 9-бөлүм, 36-42-аяттар

Бир күнү Элчи Петир Иерусалимден жыйырма чакырым алыстыкта жайгашкан адырлардын ортосундагы айылга барды. Ал жер Лидда деп аталган. Лидданын тургундарынын көбү Ыйса Теңирге ишенишкендиктен, Петир ал жакка барганды жакшы көрчү. Ошол жерде Айней деген бир киши катуу ооруп калыптыр. Ал сегиз жылдан бери шал оорусу менен төшөктө жаткан.

Петир ага мындай деди:

- Айней! Сени Ыйса Машаяк айыктырып жатат. Төшөгүңдөн тургун!

Ал ошол замат өйдө турду. Петир: «Мен сени айыктырам» деп айткан эмес, анткени Машаяктын күчү гана оорулууларды айыктырарын билген. Айнейдин оорусун билгендер аны көрүү үчүн шашылышты. Качан анын айыгып калганын көрүшкөндө, көптөр Теңирге ишенип калышты.

Лиддадан отуз чакырым алыстыкта деңиз жээгинде Жапа шаары жайгашкан. Лидданын кээ бир тургундары Жапага барып, Элчи Петир шал адамды кантип айыктырганын жана Ыйсанын ысымы менен Айнейдин күчү кантип калыбына келтирилгенин айтып беришти.

Муну уккан Жапанын тургундары Элчи Петирди чакыртышты, анткени ошол убакта алардын жыйынынан бир аял ооруп каза болуп калган. Анын аты Табита болчу. Ал кедей-кембагалдарга көп жардам берчү, алар аны жоктоп ыйлап, абдан кайгырышты. Табитанын достору аны акыркы сапарга узатуу аземине даярдап коюшкан, бирок Петирдин аларга келүүсүн суранууну чечишкен. Жапага келгенде, Петир Табита жардам берген жакын достору менен жесирлер чогулган үстүңкү бөлмөгө кирди. Жесир аялдар көзүнө жаш алып, Табита аларга тигип берген кийимдерди Элчи Петирге көрсөтүштү. Алар ага өтө жакын болушуптур, анткени Табита аларды абдан жакшы көрчү экен.

Петир баарын бөлмөдөн чыгышын суранды. Бардыгы чыккандан кийин чөгөлөп, Теңирге сыйынды да, маркумга мындай деди:

- Табита! Тур.

Аял көзүн ачып, Петирди көрүп, отурду. Ошондо Петир ага колун сунуп, турганга жардам берди. Анан чыдамсыздык менен күтүп жаткан ишенгендер менен жесир аялдарды чакырып, аларга тирүү Табитаны кайтарып берди. Табитанын достору кандай бактылуу эле!

Петирдин сыйынуусу аркылуу жасаган Теңирдин бул керемети бардыгына белгилүү болуп, көптөр Ыйсага ишенип калышты.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Петир шал оорудан айыктырган, Лиддада жашаган адамдын аты ким болгон?

  2. Петирди кайсы шаарга чакырышты? Табитаны эмнеге бардыгы жакшы көрүшкөн?

  3. Табитанын тирилүүсү кандайча болгон?

97. Табитанын тирилүүсү00:00 / 02:55