
Эмауска бара жаткан жолдогу жолугушуу
Ыйык Китеп, Лука, 24-бөлүм, 13-35-аяттар
Ыйсанын капалуу жана маанайы пас эки шакирти Иерусалимден Эмаус шаарына жөө бара жатышкан. Жолдо экөө акыркы күндөрү эмне болгонун түшүнүүгө аракет кылып, өз ара маектешип жатышты. Алар Өз элин куткара турган, улуу жол Башчы болот деп үмүт арткан Ыйсаны ээрчишкен эле. Азыр болсо Ал өлдү... Бирок шаарда Ыйса кайра тирилген деген кеп болуп жатат... Бул кабар аларды аябай таң калдырып жатты.
Алар өз ара сүйлөшүп жатышканда, бир Жолоочу аларга кошулду. Бул Ыйса эле. Теңир шакирттери Аны тааныбай тургандай кылып койду. Бир топко чейин Ыйса алардын жанында унчукпай баратты, анан сурады:
- Жол бою эмнени айтып келе жатасыңар? Эмнеге мынча капалуусуңар?
- Ушул күндөрү Иерусалимде болуп өткөн окуяны жалгыз эле сен билбейт окшойсуң! – деп шакирттердин бири жооп берди.
Ошондо шакирттери Ага акыркы күндөрдөгү окуяларды айтып беришти. Окуяны айтып бүткөн соң, кайгырып унчукпай жолун улантышты. Шакирттерин кунт коюп уккандан кийин, Ыйса акыры Өзү мындай деди:
- Чынында эле Ыйык Жазууда айтылгандарды түшүнө албай жатасыңарбы? Болбосо, мунун баары аткарылышы керек экенин билмексиңер. Кудайдын Уулу Машаяк азап чегип, адамдардын күнөөлөрү үчүн өлүп, андан кийин кайра тирилип, Кудайдын даңкына кириш керек болчу. Бул тууралуу Мусанын китебинде, Забурда жана пайгамбарларда көп жолу айтылган.
Анан Ал Ыйык Жазуудан көптөгөн аяттарды далил катары айтты. Ыйса айткан аяттардын көбүн алар билчү, бирок туура эмес түшүнүшкөн же пайгамбарчылыктарга ишенишкен эмес, балким жөн гана унутуп коюшкан. Эми алардын көзү ачылды. Чын эле! Ыйык Жазууда жазылган нерселердин баары аткарылды! Алардын Теңири жана Устаты Рим императорунун бийлигинен куткаруу үчүн эмес, эл үчүн өлүп, аларды күнөөлөрдөн куткаруу үчүн келген. Ошондой эле Ал кокустан өлүп калган жок, кайра тирилүү үчүн өлгөн. Эмнеге алар муну эртерээк түшүнө алышкан эмес!
Шакирттер Бейтааныш Адам менен сүйлөшүп бара жатып, кайгыргандарын унутуп коюшту. Бирок алар дагы дэле алардын жанында Ким баратканын билишкен жок.
Ошентип, алар Эммауска жакындап калышканда, Аны чогуу тамактанууга жана алардыкында түнөп кетүүгө чакырышты. Бейтааныш макул болду. Бардыгы даяр болгондо, Ал нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирип, сындырып, баарына берди.
- Ыйса дайыма ушундай кылчу. Кызык, - деп экөө тең ойлоно түштү.
Анан күтүлбөгөн жерден алардын көздөрү ачылды: алардын алдында Ыйса отурган эле! Адегенде Аны таанышкан жок, бирок азыр эч шектенбестен – бул Ыйса! – дешти. Ошондон кийин, Ыйса жок болуп кетти. Кантип алар Аны жанатан тааныбай калышты экен! Аларга Ыйык Жазууну түшүндүрүп берип жатканда, жүрөктөрү жалындап жатпады беле! Эми Ыйса алардын жанында жок болсо деле, эки дос кайгырбай калышты. Ыйса тирүү! Алардын жүрөгү кубанычка ушунчалык толгондуктан, ошол эле күнү бул окуяны калган шакирттерге айтып берүүнү чечишти. Алар дароо буюмдарын чогултушуп, Иерусалимге, Ыйсанын бардык шакирттери турган үйгө шашылышты.
Талкуулоо үчүн суроолор
2 сурооЭммауска канча шакирт бара жаткан? Алар эмнеге кайгырышты?
Жолдо алар Кимге жолугушту?