
Петир менен Жакан мүрзөдө
Ыйык Китеп, Жакан, 20-бөлүм, 1-10-аяттар
Шаарга кайтып келип, магдалалык Мариям Ыйсанын шакирттерин - Петир менен Жаканды тапты.
- Теңирибизди мүрзөдөн алып кетишиптир! - деди ал, - Аны кайсы жерге коюшканын билбейбиз.
Ыйсаны өлүмдөн тирилип, азыр Ал тирүүлөрдүн арасында деген ой, үч уктаса да түшүнө кирген эмес.
Албетте, Петир менен Жакан таң калышып, мүрзөгө мүмкүн болушунча тез жеткилери келди.
Жакан эң мыкты жөө күлүк болгондуктан, биринчи болуп ариматаялык Жусуптун багына чуркап келди. Анан ал чындап эле мүрзөнүн оозундагы таштын жылып калганын көрдү. Ал мүрзөнүн ичин карап, бирок кирген жок. Кандай кызык! Сөөгү жок, бирок денеси оролгон кепин ошол бойдон. Жакан кире бериште Петирди күтүп турду. Петир чуркап келип, мүрзөнүн ичине кирип, ошол эле сүрөттү көрдү – Ыйсанын денеси оролгон кездеме тыкандык менен оролуп коюлган, анын жанында өзүнчө баш жагына жапкан чүпүрөк жаткан экен. Магдалык Мариям айткандай, сөөк чындап эле уурдалган болсо, анда уурулар сөөктү жана мүрзөнү ушундай кылып калтырышмак эмес!
Анан Жакан Петирдин артынан мүрзөгө кирди. Ошондо ага күтүлбөгөн жерден: Ыйса тирүү! Мүрзө ошондуктан бош! – деген, ой келди.
Петир менен Жакан шаарга келишкенде, Ыйсанын тирилгенин көрүп тастыктаган аялдаржана Машаяктын башка шакирттери отурушуптур! Ыйсаны жоктоп ыйлаган шакирттердин жана Анын жолдоочуларынын көбү бул кубанычтуу кабарга ишене алышкан жок.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооМагдалалык Мариям Петир менен Жаканга кандай кабар жеткирди?
Петир менен Жакан мүрзөдө эмнени көрүштү?
Иоанн бош мүрзөнү көргөндө эмнеге ишенди?