Томастын ишенбестиги

Томастын ишенбестиги

Ыйык Китеп, Жакан, 20-бөлүм, 24-29-аяттар

Ыйса шакирттерине көрүнүп, Өзүнүн жарааттарын көрсөткөн кезде, Анын эң жакын шакирттеринин бири Томас жок эле. Эртеси достору ага болгон окуяны сүйүнүч менен айтып беришкенде, Фома жөн гана башын чайкап койду.

- Мен силерге ишенбейм, - деди ал. - Мен мунун баарына ишенишим үчүн, Анын жараатына колумду тийгизишим керек.

Томасты «ишенимбес» деп айтып коюшат, анткени ал Ыйсаны көрмөйүнчө ишенбейм деп айткан. Томас Ыйсанын колундагы мыктын тагына сөөмөйүн, капталындагы найза сайылган жерге колун коюп ынангысы келди. Томаска ишенүү үчүн катуу далил керек болчу.

Силерге тынчтык болсун! – деп учурашты Ыйса шакирттери менен.

Ошондон кийин Ал Томаска кайрылып, колун сунуп мындай деди:

Мына Менин жарааттарым, Томас. Колдоруңду тийгизип көр! Ишенимсиз эмес, ишенимдүү бол, Кудайга ишен.

Томас өзүнүн ишенбестик көрсөткөнүнө жана мурда айткан сөздөрүнөн уялды. Тирилген Куткаруучуга болгон сүйүүсү артып, Ыйсанын бутуна жыгылып, Ага таазим кылды. Анан ал калтыраган үнү менен:

- Теңирим менин жана Кудайым менин! – деди.

"Сегиз күндөн кийин Ыйсанын шакирттери ошол үйгө дагы чогулушту, алардын арасында Томас да бар эле. Эшик бекитилүү болчу, бирок Ыйса келип, алардын ортосуна турду да: «Силерге тынчтык болсун!» – деди.

Андан кийин Томаска кайрылып: «Менин колдорум менен кабыргаларыма колуңду тийгизип көр да, ишенбеген адам болбой, ишенген адам бол!» – деди.

Томас Ага: «Теңирим менин! Кудайым менин!» – деп жооп берди"!

(Жакан 20: 26-28)

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Томас ишенбестигин кандайча көрсөттү?

  2. Эмнеге аны «ишенбес Томас» деп аташат?

  3. Ыйса Томасты ашкерелегенби?

91. Томастын ишенбестиги00:00 / 01:30