
Ыбрайымдын Кудайга болгон сүйүүсүнүн сыналышы
Ыйык Китеп, Башталыш китебинин, 22-бөлүм
Ыскактын төрөлүшү менен Ыбрайым жана Сааранын үй-бүлөсү аябай бактылуу болуп калышты. Үчөө тең Кудайды жана бири-бирин жакшы көрүшчү. Силер билгендей, Ыбрайым абдан бай адам эле. Бирок анын жүрөгү өзгөчө «байлыкка» - уулу Ыскакка байланган эле. Ыбрайым аны дүйнөдөгү бардык нерседен артык сүйчү, бир гана Кудайга болгон сүйүүсү андан дагы күчтүүрөөк болчу.
Бир күнү Кудай Ыбрайым Аны канчалык сүйөрүн жана Ага канчалык ишенерин сынагысы келди.
Анан Ыбрайым Жараткандын үнүн укту:
- Жакшы көргөн жалгыз уулуң Ыскакты алып, мен көрсөткөн тоолордун бирине барып, аны курмандыкка чал.
Ыбрайымга муну кылуу өтө оор эле. Бирок ал Кудайды чын жүрөгү менен сүйгөндүктөн, Анын буйруктарынын бардыгын аткаргысы келген. Ыбрайым отундарды жарып, эшектин үстүнө артты да, Ыскакты алып, эки малайын кошо ээрчитип, жолго чыкты. Саара болсо үйдө калды. Жол узак эле. Алар анда-санда гана бир аз эс алууга токтогону болбосо, таң эртеден кечке чейин жүрүп отурушту. Ыскак деги кайда бара жатышканын абдан билгиси келди. «Ушуга чейин каякка баратканыбызды атам мага айтпаса, анын бир себеби бар болушу керек», - деп ойлоду ал.
Алардын сапарынын максаты жөнүндө Ыбрайымдын айтпай келе жатканына, чынында эле негиз бар болчу. Анткени бул окуялар болордун алдында, Кудай Ыбрайымга ал түшүнө алгыс, ушунчалык коркунучтуу нерсени айткан болчу. Чынына келгенде, Кудай Ыскактын өлүшүн каалаган эмес. Бирок, Ыбрайым Анын буйругунун маанисин түшүнбөсө да, аны аткарганга даярбы, Кудай ошону көргүсү келген.
Бирок Ыбрайым аны билген эмес. Ал чынында эле сүйүктүү уулумду курмандыкка чалууга туура келет деп ойлоду. Бул аны аябай кайгыртты. Бирок, ага канчалык оор болсо да, ал Кудайдын буйругун аткаргысы келген.
Акыры, алар бийик тоого келишти. Эми Ыскактын кызыгуусу артып:
Ата, от менен отун мына. Сен курмандык чалайын деген турбайсыңбы. А курмандыкка чалынуучу козу кана? - деди ал.
Ыбрайым бир да сөз айталбай калды. Анын тамагы кысылып калгандай сезилди.
- Уулум, — деди ал араң, — бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка керектүү козуну Кудай Өзү караштырат.
Тоого жеткенде, алар таштарды чогулта башташты. Ыбрайым аларды катар-катары менен чоң курмандык чалынуучу жай болгуча тизди. Анан уулу Ыскакты байлап, курмандык чалынуучу жайдагы отундун үстүнө жаткызып, бычакты өйдө көтөрдү!
Ошол учурда асмандан Үн угулду:
- Ыбрайым, Ыбрайым!
Карыя колундагы бычакты баласынын үстүнө көтөргөн бойдон катып калды:
- Мына мен, Теңир.
- Уулуңа кол көтөрбө! – деди Үн. – Мен эми тил алчаак экениңди, атүгүл, Мен үчүн жалгыз уулуңду да аябаганыңды көрдүм.
Ошондо Ыбрайымдын жүрөгүнөн таш түшкөндөй эле болду. Аябай бакытка толгон ал, курмандык чалынуучу жайдын жанына тизелеп отура калды. Калтыраган колдору менен Ыскактын жиптерин чечип, ага ордунан турууга жардам берди. Атасы менен уулу бири-бирин кучактап ыйлашты, ал кайгынын эмес, кубанычтан чыккан ый эле.
Анан жакын жерден койдун маараганын угушту. Ошол тарапты карап, Ыбрайым менен Ыскак мүйүзү менен бадалга чалынып калган бир кочкорду көрүштү. Алар аны курмандык чалынуучу жайда бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалышты. Ошентип, Ыбрайымдын мурда айтылган сөзү орундалды: Кудай Өзүнө чалынуучу курмандык козуну тапты.
Алар тоодон түшүп келе жатып, жеңилдик менен кубанычка толушту. Ыскак атасынын колунан бекем кармады. Экөө тең адамды жана Кудайды сүйүү деген эмне экенин ойлонуп келе жатышты. Ошондой эле, кээде түшүнүүгө кыйын болсо да, эч кандай сүйүү Кудайдын адамдарга болгон сүйүүсүнөн жогору болушу мүмкүн эмес экенидигин, да ойлонуп келе жатышты.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооКудай эмне үчүн Ыбрайымга уулун курмандыкка чалууну буйруган?
Ыбрайым Кудайдын буйругун аткарууга даяр беле?
Ыбрайым Ыскакты курмандыкка чалмакчы болгондо, аны эмне токтотту?