
Жакыптын түшү
Ыйык Китеп, Башталыш китеби, 28-бөлүм
- Сен качышың керек! – Ребека тынымсыз Жакыпты көндүрүп жатты. Анткени ага кулдардын бири, ачууланган Эйсап Жакыпты өлтүргөнү жатканын билдирген эле. - Менин бир тууганым Лабанга, чоң атаң Ыбрайымдын мекенине кач. Сен бул жерде жокболуп турсаң, бир нече жылдан кийин, агаң Эйсаптын ачуусу жазылат. Ошондо мен киши жиберип, сени чакыртып алам.
Ребека күйөөсү Ыскакка, Жакыпты жибериш үчүн, эмне деп айтыш керек экендигин билген.
- Жакып кудайсыз кызга үйлөнгөнгө болбойт, ал Кудайга ишенген кызды алышы керек.
Ыскак буга макул болду. Анткени, анын аялы да көп жыл мурда Ыбрайымдын мекенинен келген. Жакып да ошол жактан колукту тапсын.
Ыскак Жакыпты чакырды.
Жакып, уулум менин, бул жерден өзүңө аял алба, — деди Ыскак. – Апаңдын мекени Харанга бар. Ал жерден өзүңө аял табасың. Кудай сага батасын берсин!
"Ырас болбодубу, - деп ойлоду Жакып. - «Атам өзү жиберип жаткан соң, менин Эйсаптан алысыраак кетип жатканым, андан качкандай болбойт».
Ал ата-энеси жана үйдөгүлөр менен коштошуп, жолго чыгып кетти.
Жакып атасынан эч нерсе сураган эмес. Ал өзү менен кошо же кызматчысын, эч кандай кой, же эчки алган эмес; керек болсо эшегин да алган жок. Ал жалгыз жолго чыкты. Жакыптын жан-дүйнөсү кыйналып бара жатты. Ал бир байкуш жолоочудай, өзү эч качан көрбөгөн алыскы өлкөгө жөнөдү. Жакыптын жата турган чатыры да, үйү да жок болчу; ошондуктан, түн киргенде ал бир ташты алып, башына жаздап, сыз жерге жатты. Ал жерде жапайы жырткычтар бар болчу, бирок Кудай аны жолдо коргоп жүрдү. Ал Жакыптын жан-дүйнөсү канчалык кыйналып турганын көрүп, ага кереметтүү түш берди.
Жакып уктап жатып, түшүндө жерден асманга тийип турган тепкичти көрдү. Периштелер тепкич менен түшүп-чыгып жаткан экен. А Теңир тепкичтин үстүндө туруптур. Ошондо, Ал Жакыпка мындай деди:
- Мен, Ыбрайым жана Ыскак менен сүйлөшкөн Теңирмин. Сен жаткан жерди Мен сага жана сенин укум-тукумуңа берем. Сенин укум-тукумуң көп болот. Алар аркылуу жер бетиндеги бардык элдер бата алышат. Жакып, сен кайда барба, Мен сени менен болом жана сени коргойм.
Жакып ойгонду. «Бул жөн эле түш эмес, — деп ойлонду ал. – Теңир бул жерде экен! Ал мени менен сүйлөштү!»
Жакып башына жазданган ташты алып, аны эстелик кылып койду. Анан ал сыйына баштады:
- Оо, Кудайым, ушул узак жана коркунучтуу сапарымда мени менен болсоң, мени өлүмдөн сактасаң, атамдын үйүнө тынчтык менен кайтсам, анда мен Сага өмүрүм өткөнчө табынып, кызмат кылам жана Сен берген бардык нерсенин ондон бир бөлүгүн берем.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЭмне үчүн Жакып үйүн таштап, алыскы өлкөгө кетти?
Ал кандай түш көрдү?
Кудай Жакыпка эмне деди?