
Убадаланган уул
Ыйык Китеп, Башталыш, 15; 18: 1—22; 21:1—6 бөлүмдөр
Канаан жеринде Ыбрайым менен Саара чатырда жашап жатышты. Алардын балдары жок болчу. Алар картайып: Ыбрайым дээрлик жүз жашка, ал эми Сара – токсон жашка келип калган эле.
Бир түнү Кудай Ыбрайымга мындай деди:
- Асманды карачы. Эмнени көрүп жатасың?
Асман болсо сан жеткис жылдыздарга толуп турган. Ошондо Кудай Ыбрайымга:
- Сенин тукумуң ушул жылдыздардай көп болот; алар сен турган Канаан жеринде жашашат. Ал эми ыймансыз элдер бул жерден куулуп чыгарылат.
Ошол убакта Ыбрайымдын балдары жок болчу, бирок ал Кудай Өз убадасын аткарарына ишенген. Теңирдин ар бир убадасына ишенген Ыбрайым туура кылган, анткени Ал ар дайым чындыкты айтат жана Өз убадасын дайыма аткарат.
Бир жолу Ыбрайым өз чатырынын кире беришинде отурган. Чак түш болуп калган кезде, анын чатырына жакындап келе жаткан кишилерди көрдү. Ыбрайым чуркап барып, аларга таазим этип, бейтааныш жолоочулардын бирине мындай деди:
- Мырзам, суранам, менин чатырыма кирип, коногум болгула. Суу алып келип, бутуңарды жууп беришет азыр. Тамагыңарга да кам көрөбүз, кубаттанып алып жолго чыгасыңар.
Үч жолоочу Ыбрайымдыкында эс алууга макул болушту.
Силердин оюңар боюнча булар кимдер эле? Алар периштелер болчу. Алар Кудайдан Ыбрайымга кубанычтуу кабар жеткириш үчүн асмандан келишкен болчу. Кудай кээде Өз эркин жарыялоо үчүн адамдарга Периштелерин жиберерин силер билесиңерби?
Периштелер чатырдын жанындагы дарактын көлөкөсүнө отурушту, ал эми Саара чатырдын ичинде эле. Ыбрайым Саарага мындай деди:
- Бол тезирээк, эң жакшы ундан нан жасай кой!
Андан кийин Ыбрайым бир семиз музоону тандап алып, кулдарынын бирине мындай деди:
- Тезирээк даярдай сал.
Баары даяр болгондо, тамак-ашты конокторуна Ыбрайым өзү тартты. Алар тамактанып жатканда, Ыбрайым алардын жанындагы бактын түбүндө турду.
Тамактанып жаткан коноктордун бири:
- Жубайың Саара кайда? – деп сурады. Ыбрайым:
- Ал чатырда, деди.
Анан алардын бири мындай деп жооп берди:
- Мен келерки жылы ушул эле убакта сеникинде болом, ошондо аялың Саара уулдуу болот.
Саара Периштенин сөзүн угуп, карыганда уулдуу болоруна ишене албай, ичинен күлүп жиберди.
Ошондо Периште:
- Саара эмне үчүн күлдү? Ал чынында уулдуу болот! Теңир үчүн кандайдыр кыйын нерсе барбы?
Коноктор сапарын улантуу үчүн ордунан турушту, Ыбрайым аларды бир аз узатып коюп, өз чатырына кайтып келди.
Кудай Өз убадасын эстедиби? Албетте, бир жылдан кийин Саара чынында эле уулдуу болду! Ага Ыскак деген ат коюшту. Ыбрайым менен Саара абдан бактылуу болушту. Ыскак тил алчаак уул болуп чоңоё берди, Кудай аны жакшы көрчү.
Кудай убадасын аткарды. Ал Ыбрайым менен Саарага уулдуу болосуңар деди эле, алар уулдуу болушту. Ыбрайым Кудайдын убадасына ишенип, туура кылды. Кудайга мындай ишеним жакты, ошондуктан Ыбрайымдын «ишенимин ага адилдик катары эсептеди».
Кудайдын убадаларына биз толугу менен ишенишибизге Ал татыктуу, анткени Ал кудуреттүү жана Ага мүмкүн болбой турган эч нерсе жок!
Талкуулоо үчүн суроолор
5 сурооЫбрайымга Кудай канчалык көп тукум берүүнү убада кылган?
Саякатчылар кейпинде келген Периштелерди Ыбрайым кандай кабыл алды?
Алар Ыбрайым менен Саарага кандай кабар алып келишти?
Кудай убадасын аткардыбы?
Кудай эмне үчүн Ыбрайымга өзгөчө мамиле кылган?