
Жакып менен Эйсап
Ыйык Китеп, Башталыш, 24, 25, 27-бөлүмдөр
Убакыт өттү, Ыскак эр жетип Ребекага үйлөндү. Алардан Эйсап менен Жакып деген эки уул төрөлдү. Алар эгиз болушканы менен, бири-бирине таптакыр айырмаланып турушчу.
Улуусу Эйсап, көз карандысыз, күчтүү жана эркиндикти сүйгөн адам эле.
Ал жаа, жебе менен куралданып, токойлорго жана адырларга ууга чыкканды жакшы көрчү. Көп учурда ал күндөп, жада калса жумалап жоголуп кетчү.
Ал уудан келгенде, сөзсүз түрдө жаа менен атып алган илбээсинди ала келчү. Эйсап Ыскактын сүйүктүү уулу болгон.
Ребека болсо Жакыпты жакшы көрчү. Ал таптакыр жаны тынбаган, качандыр бир нерсенин үстүнөн чыгып жүрчү агасындай эмес эле. Жакып көбүнчө үйдөн чыкчу эмес чатырлардан алыстабай жүрө берчү, атасынын малын кайтарып, улууларга күнүмдүк иштеринде жардам берген бала эле.
Эйсап тун уул болгон. Ал Жакыптан бир нече көз ирмем мурун эле төрөлгөн болсо да, бул ага мураскер болууга укук берген.
Атасы өлөр алдында, өзгөчө батасын уулдарынын бирине гана берерин бардыгы билишчү. Бул бата бакубатчылык, кудуреттүүлүк, ошондой эле үй-бүлөсүнүн, кулдарынын жана кызматчыларынын, малдын жана башка азыр уул эмнеге ээ болсо, ошонун баарынын арттырган бата эле. Ошону менен бирге, бул Кудайдын батасын да билдирген. Ошол кездеги салт боюнча, бул өзгөчө бата тун улуу Эйсапка таандык болчу.
Ал эми иниси Жакып негизги мураскор болгусу келген, анткени ал үчүн атасынын батасы менен кошо Кудайдын батасын алуу манилүү болгон. Эйсап болсо, тескерисинче, тунгучтугунун артыкчылыгы жөнүндө ойлончу эмес.
Ал аңчылыкка көбүрөөк кызыкчу.
Күндөрдүн биринде, Эйсап кайрадан бир жакка кеткен эле, а Жакып болсо апасына жардам берип үйдө калып калган. Ошондо ал эшиктеги казанда даамдуу жасмыктан тамак жасап жатты. Даамдуу тамактын жыты алыстан эле сезилип жаткан. Эйсап аңчылыктан чарчап кайтып келе жаткан. Ал көп убакка айлана-чөйрөнү аралап олжо издеп жүрүп, ошого аябай ачка болуп калган. Аңчылык куралдарын жерге ыргыта салып, мындай деп күбүрөндү:
- Мага жегенге бир нерсе берчи.
Жакып көп ойлонбостон:
- Туңгуч катары сага тиешелүү болгон укуктарыңды мага бер! - деди.
- Эгер мен ачкадан өлүп баратсам ушул тунгучтуктун эмне пайдасы бар? - деп Эйсап күңкүлдөдү.
Ошентип, Эйсап өзүнүн тунгучтугун жасмыктан жасалган, бир табак тамакка алмаштырып салды. Жакып болсо ичинен кубанып жатты. Биринчи кадам жасалды. Эми ал кандай болсо дагы, атасы Эйсапка бере турган батаны, өзүнө алып алууну көздөп калды.
Жылдар өттү. Ыскактын карылыктан көзү начарлап, өзү да алсыз болуп калды. Күндөрдүн биринде ал Эйсапты өзүнө чакырды.
- Уулум, мен эми качан өлөрүмдү билбейм - деди ал. - Ошондуктан, аталык батамды сага берейин, тун уулум. Жаа менен жебеңди ал да, ууга чыгып, мага илбээсин атып кел. Анан мен жакшы көргөндөй кылып тамак жасап, мага алып кел, мен сага батамды берем.
Эйсап эч кимге айтпастан, жаа менен жебелерин алып чыгып кетти. Бирок анын энеси Ребека чатырдын сыртынан Ыскактын сөздөрүн угуп калды.
Ал коркуп кетти: «Демек, күйөөсү Эйсапка батасын бергени жатат»! Ал эми Кудай батаны Жакып аларын ага мурда айтпады беле! Андан тышкары, Жакып анын сүйүктүү уулу да ... Эми ал эмне кылышы керек?
Ребека Жакыпка чуркап барып, эмне укканын айтып берди. Анан акырын мындай деди:
- Эки козуну союп мага алып кел. Мен аларды Эйсап жасагандай кууруп берем. Анан, Эйсаптын ордуна сен тамакты атаңа алып барасың. Ошондо атаң батасын сага берет.
Баары даяр болгонго чейин жарым күндөй өттү. Ребека Эйсаптын кийимин Жакыпка алып чыгып берди. Ал кийимдерди кийди. Анан Ребека анын колдору менен мойнун, Ыскак кармаганда жылмакай болбошу үчүн, улактардын териси менен ороду (Эйсаптын колдору теридей түктүү болчу). Жакып тамакты алып, атасынын чатырына кирди.
- Мына, ата, мен келдим, - деди ал.
Ыскак башын көтөрүп:
- Бул ким?
Жакып, шилекейин жутуп, калп айтты:
- Бул мен, Эйсап, сенин тун уулуң. Айтканыңды аткардым. Куурулган илбээсиндин этинен же, анан мага батаңды бер.
Уккан сөздөр Ыскакты кооптондурду. Эйсаптын үнү ага башкача, таң калыштуу угулуп жатты.
- Жакын келчи, уулум, мен сени сыйпалап көрөйүн, - деди ал.
Жакып коркуп кеткенинен, чекесинен тер чыгып кетти. Азыр анын алдап жатканын атасы байкап калса эмне болот?
Ыскак уулун кармалап көрдү, бирок анын колу козунун териси оролгон жерлерге гана жетти.
- Кызык, — деди Ыскак. — Үнү Жакыптыкындай, колдору Эйсаптыкындай. Чыныңды айтчы, сен - Эйсапсыңбы?
- Ооба! – деп жооп берди Жакып. – Мен - Эйсапмын!
Ыскак тамактангандан кийин:
- Уулум, жакын келип, мени өпчү! –деди.
Жакып атасын өптү. Ыскак Эйсаптын кийиминин жытын сезди, бул анын акыркы шектенүүсүн жокко чыгарды.
- Балам, сен Теңир батасын берген талаанын жытындай жыттанып турасың. Кел, тизеңди бүк!
Жакып анын төшөгүнүн жанына келип чөгөлөдү, атасы анын башына колун койду. Анан салтанаттуу үн менен мындай деди:
- Кудайым сага мол түшүмүн жана көп мал берсин. Сенин бир тууганың жана башка элдер сага кызмат кылышсын. Сени каргагандар каргышка калсын, батасын бергендер – бата алышсын.
Жакып чатырдан чыгары менен, аңчылыктан Эйсап келди.
- Мына, ата, мен келдим,- деди ал,- сен айткандай тамак жасадым. Мага батаңды берсең болот.
- Эмне? Сага чейин мага келген ким анда? – тынчсыздана сурады Ыскак. - Мен кимге батамды бердим?
Ошондо баары түшүнүктүү болду.
- Жакып мени экинчи жолу алдап кетти! — деп кыйкырып жиберди Эйсап. - Алгач алдамчылык менен менин туңгуч укугумду, эми атамдын батасын дагы алды! Мага дагы батаңды бере албайсыңбы, ата?
- Жок, балам, - деп, капалана Ыскак жооп берди. - Кудай туңгучка убада кылган батаны мен бир эле жолу бере алам. Сага батамды берем, бирок экөөңөрдүн ортоңордо сен биринчи болбойсуң.
Талкуулоо үчүн суроолор
4 сурооЫскактын уулдарынын аттары ким болгон? Алар эмне иш кылышчы?
Көзү жакшы көрбөй калган Ыскак, Эйсапты илбээсин атып кел деп эмнеге жиберди эле?
Ыскактын алданып калышына Ребеканын кандай тиешеси бар?
Жакындарыбызга Жакып бир тууганы менен атасына кылгандай мамиле кылган туурабы? Эмнеге?