
Ыйсанын тирилүүсү
Ыйык Китеп, Матай, 28-бөлүм, 1-8-аяттар
Аптанын биринчи күнү таң эрте, жарык түшө электе кабагы салыңкы бир нече аялдар, эки Мариям жана Саломе, Иерусалимдин тар көчөлөрү менен басып бара жатышты. Эмнеге алардын жүздөрү мынчалык капалуу? Абдан жаман иш болду: алардын ар бирине көп жакшылык кылган Ыйса өлүп калды! Алар мындан ары Анын насаатын уга алышпайт, мурункудай Ага жардам бере алышпайт. Эми алар Устатына акыркы урмат көрсөтүүнү - Анын жансыз денесин жыпар жыттуу май менен майлап кетүүнү каалашкан.
Жолдо бара жатып абдан тынчсызданып жатышты: үңкүрдүн кире беришиндеги чоң ташты кантип жылдырышат? Акыры алар Ыйсанын мүрзөсү турган бакчага келишти. Бирок бул эмнеси? Таш жылдырылып, үңкүрдүн эшиги ачык экен! Аялдар жакын келишти. Айланада эч ким жок. Үч аял этияттык менен мүрзөнүн ичине киришти. Ошол жерден алар Ыйсанын сөөгү жаткан орду бош экенин көрүштү! Эмне болгон? Ыйсанын денесин бирөө уурдап кеттиби?
Алар Ыйсанын кайрадан тирүү экенин билишкен эмес. Ошондуктан мүрзөдө сөөк жок болчу да.
Таң атпай чоң керемет болгон болчу: Машаяк тирилди! Асмандан жаркыраган Периште түшүп келип, ар бир адам Ыйсанын ал жерде жок экенине ынанышы үчүн ташты жылдырып койгон эле. Ал эми мүрзөнү кайтарган жоокерлер корккондорунан качып кетишкен.
Бирок аялдар муну билишкен эмес. Алар болгону бош мүрзөнү көрүшкөн, бул магдалалык Мариямды абдан капа кылды. Ал Петир менен Жаканга бул кабарды айтыш үчүн дароо шаарга чуркап жөнөп кетти, ал эми башка эки аял эмне кыларын билишпей ойлонуп туруп калышты. Бир маалда алар кийими жаркыраган Периштени көрүштү. Анан ал аларга эң сонун кабарды айтты:
- Ыйса тирүү! Коркпогула! Шаарга шашылыш түрдө кайтып, шакирттерге Ыйсанын тирүү экенин айтып бергиле.
Талкуулоо үчүн суроолор
4 сурооАптанын биринчи күнү кандай улуу керемет болгон?
Аялдар ошол күнү эртең менен кайда эмне максат менен барышкан?
Мүрзөнү кайтарган жоокерлер Периштени көргөндө эмне кылышты?
Периште аялдарга эмне деди?