
Ыйсанын айкаш жыгачка кадалуусу
Ыйык Китеп, Лука, 23-бөлүм, 33-49-аяттар
Рим аскерлеринин бир тобу Ыйсаны жана айкаш жыгачка кадала турган эки кылмышкерди камчы менен сабап жана түрткүлөп, батыраак басууга мажбурлап жатышты. Көп сандаган адамдар аларды ээрчип, римдиктер кылмышкерлерди айкаш жыгачка кадаган жерге чейин барышты.
Бул жер Голгофа же Баш сөөгү деп аталчу. Римдиктерде дагы кошумча жаза бар болчу: өлүм жазасына тартылган жана сабалган адам өзүнүн айкаш жыгачын көтөрүп барышы керек болчу. Ошондуктан, Ыйса оор айкаш жыгачты аркасына көтөрүп барган.
Жолдун ортосунда Ал такыр алдан тайып калгандыктан, желдеттердин башчысы Шымон деген киренеялык бир кишиге, Ыйсанын айкаш жыгачын мажбурлап көтөртүп койду. Ыйсанын артынан ээрчиген элдин арасында Анын азап чегип жатканын көрүп ыйлап, боздогон көптөгөн аялдар бар эле.
Өлүм жазасына тартыла турган жерге келген жоокерлер, Ыйсаны жерде жаткан айкаш жыгачка кадап, өздөрүнүн ырайымсыз кызматын аткарышты. Алар чуңкур казып, ага айкаш жыгачты тургузуп туруп бекитип коюшту. Берки эки соттолгон кылмышкерлерге да ушундай кылышты. Алардын айкаш жыгачтары Ыйсанын оң жана сол жагына коюлду.
Ыйсаны өлүм жазасына тартылчу жерге анын бир нече жакын достору - эркектер да, аялдар да коштоп келишкен. Аялдар ыйлап жатышты. Бир аз алысыраак жерде Ыйсаны шылдыңдап жаткан адамдар да бар эле.
- Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда Өзүңө жардам бер, айкаш жыгачтан түш! Ошондо биз Сага ишенебиз!
Айкаш жыгачка кадалган каракчылардын бири Ыйсаны шылдыңдады. Экинчиси болсо аны тыйып:
- Кудайдан корксоң боло! Бизге го туура өкүм чыгарышты, анткени биз кылган иштерибизге жараша жазабызды алып жатабыз. Бул болсо эч кандай жаман иш жасаган жок да!
Анан бул каракчы Ыйсага кайрылып:
- Ыйса! Өзүңдүн Падышачылыгыңа барганда, мени эстей көр!
Ыйса мындай деп жооп берди:
- Сага сөз берем: бүгүн сен Мени менен бейиште болосуң!
Анан күтүлбөгөн жерден, бүт жерди караңгылык каптап калды. Жер титиреди.
Ыйсанын денелик азап тартуусу абдан оор болду, ал эми андан да кыйыны, бул жанынын кыйналганы эле. Бүт дүйнөнүн күнөөлөрү Анын мойнунда болчу.
Бир нече саатка созулган кыйналуудан кийин, жалгыздыктан Ал кыйкырып жиберди:
- Кудайым, ай! Кудайым, ай! Мени эмнеге жалгыз калтырдың?
Ыйса бардык адамдардын күнөөлөрү үчүн Асмандагы Атанын бардык каарын, эч бир күнөөкөр адам көтөрө албаган каарын сезди. Аны бир гана Машаяк, Кудай жана Киши көтөрө алат.
Караңгылык тарагандан кийин, Ыйса Өзүнүн акыркы сөздөрүн айтты:
- Аткарылды! Ата! Жанымды Сенин колуңа тапшырамын!
Ушуну айткандан кийин Ыйса жан берди. Башы шылкыйды. Ыйса өлдү.
Ошол эле күнү кечинде Ыйсаны жакшы көргөнүн жашырган, ариматиялык бай жана барктуу Жусуп деген адам, Пилатка барып, Ыйсанын сөөгүн айкаш жыгачтан алып, жүйүттөрдүн салты боюнча көмүүгө уруксат сурады. Рим башкаруучусу уруксат берди.
Теңирге түнкүсүн келип, ошондон бери Анын жашыруун шакирти болуп калган Никедим, Жусупка жардам берип жүрдү.
Ал өлгөндөрдү көмүүдө жүйүттөргө керек болгон нерселердин баарын: маркумдун денесине оролчу кездеме, мирра менен алоэден жасалган жыпар жыттуу заттарды алып келди. Ыйсанын денесин кылдаттык менен зыгыр буласына ороп, май менен майлашты. Анан аны айкаш жыгачка кадалган жердин жанындагы аскага оюлуп жасалган жаңы мүрзөгө алып барышты. Мүрзөнүн кире беришине чоң жалпак ташты тоголотуп алып келишти да, кире беришке атайын чуңкур казып, тигил ташты орнотуп бүткөндөн кийин, үйлөрүнө кетишти.
Эртеси күнү башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер, Теңирдин үчүнчү күнү тирилем деп айтканын эстешти. Алар Пилатка Ыйсанын мүрзөсүн кайтарууга аскерлерди берүүсүн өтүнүштү. Алар Ыйсанын шакирттери Анын денесин уурдап, Аны тирилди деп айтышат деп коркушкан. Пилат аларга мүрзөнү кайтарууга жоокерлерди берди.
Андан тышкары, жүйүттөр мүрзөгө жашыруун кирип кетпесин деп, атайын мөөр басып коюшту. Ошентип, бийликтегилер өлгөн Ыйсанынын сөөгүн кылдаттык менен кайтарышты, анткени алар Анын айынан өздөрүнө жаман болбосун деп коркушкан болчу.
СУРООЛОР
1) Ыйсаны айкаш жыгачка кадаш үчүн кайсыл жерге алып барышкан? Ага айкаш жыгачты көтөрүүгө ким жардам берди?
2) Машаяктын: «Ата! Аларды кечир, анткени алар эмне кылып жатышканын билишпейт!» - деп айткан сөздөрүн кантип түшүнсө болот?
3) Эмнеге Ыйсанын өлүмү биз үчүн абдан маанилүү?
4) Ариматаялык Жусуп Ыйсаны сүйөрүн кантип далилдеген? Ал эмне кылды?
5) Теңир өлгөндөн кийин синедриондун мүчөлөрү эмне үчүн ушунчалык тынчсызданышкан?
Талкуулоо үчүн суроолор
5 сурооЫйсаны айкаш жыгачка кадаш үчүн кайсыл жерге алып барышкан? Ага айкаш жыгачты көтөрүүгө ким жардам берди?
Машаяктын: «Ата! Аларды кечир, анткени алар эмне кылып жатышканын билишпейт!» - деп айткан сөздөрүн кантип түшүнсө болот?
Эмнеге Ыйсанын өлүмү биз үчүн абдан маанилүү?
Ариматаялык Жусуп Ыйсаны сүйөрүн кантип далилдеген? Ал эмне кылды?
Теңир өлгөндөн кийин синедриондун мүчөлөрү эмне үчүн ушунчалык тынчсызданышкан?