
Ыйса Пилаттын алдында
Ыйык Китеп, Лука, 23-бөлүм, 1-25-аяттар
Эртеси эртең менен аскерлер Ыйсаны Рим императорунун өкүлү Пилатка алып келишти. Ал Ыйсаны өлүм жазасына тартып же бошотуу өкүмүн чыгарышы керек болчу. Анын сарайынын алдына эбак эле көп эл чогулуп калган. Пилат чогулгандарга катуу жар салды:
- Мен бул Адамды өлүм жазасына тарткыдай айып таба албадым. Ошондуктан мен Аны жазалап туруп, коё берем.
- Жок, жок! – деп чогулган эл ызы-чуу болушту. - Аны айкаш жыгачка када, айкаш жыгачка када!
Пилат антпегенде эмне кылмак эле? Бул адамдар Ыйсаны өлүм жазасына тартууга мажбурлашты. Бирок Пилат Анын күнөөсү жок экенин түшүнгөн. Ошондо ага мындай ой келди:
«Жүйүттөрдүн Пасах майрамында бир туткунду бошотуу салты бар. Эгер мен алардан адам өлтүргөн Барабба же Ыйсаны тандагыла десем, алар сөзсүз Ыйсаны тандашат». Анан Пилат элге кайрылды:
- Быйыл силерге кимге коё беришимди каалайсыңар: Ыйсаныбы же Бараббаныбы?
- Барабба, Барабба, Барабба! – деп кыйкырышты эл.
Кыйкырык падыша сарайынын ички короосуна чейин жаңырды. Ал жерде чогулган римдик жоокерлер Ыйсаны шылдыңдап жатышты. Катуу ур-токмокко алгандан кийин, жоокерлер Аны мазакташты. Алар Ага падышанын сырт кийимин – кызгылт көк түстөгү кийимди кийгизип, тикенектен таажы жасап, башына кийгизишти. Анан шылдыңдап, кыйкырышты:
- Жүйүттөрдүн Падышасы, кубан! - Анан ушунчалык катуу сабашкандыктан, Анын бүт Денесинен кан ага баштады.
Пилат бардык шылдың менен азаптарды момундук менен көтөргөн Ыйсага, элдин боору ооруйт деп үмүттөнгөн. Ал Аны элге алып чыкты, бирок эч кимдин боору ооруган жок. Тескеричинчн чогулган эл кыйкырып жатты:
- Аны айкаш жыгачка када! Аны айкаш жыгачка када!
Ошондон кийин Пилат эч кандай чыгуу жолун таппай калды. Кол жуугучту алып келүүнү буйруду да, элдин алдында колдорун жууп, мындай деди:
- Бул адил Адамдын каны үчүн Мен күнөөлүү эмесмин. Өзүңөр билгиле! Мен Аны айкаш жыгачка кадашты буйруйм, бирок күнөө силердин мойнуңарда болот!
Анан Пилат Бараббаны бошотууну буйруду, римдик аскерлер болсо Ыйсаны кордогонун уланта беришти.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооПилат Ыйсаны элдин өкүмүнөн кантип куткарам деп үмүттөнгөн?
Эмнеге эл Бараббаны тандап алган?
Ыйса кандай азаптуу жазаны башынан өткөргөн?