Петирдин баш тартуусу

Петирдин баш тартуусу

Ыйык Китеп, Лука, 22-бөлүм, 54-62-аяттар

Жума күнү, таң атты. Ыйсаны башкы ыйык кызмат кылуучу Кайапага алып барышты. Анын үйүндө башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар Ыйсаны суракка алып, соттош үчүн чогулушкан эле.

Петир Устатын алыстан ээрчиди. Ал башкы ыйык кызмат кылуучунун короосуна чейин келди. Суук болгондуктан, сакчылар менен кызматчылар от жагып, жылынып отурушкан. Петир алардын жанына келип отурду.

- Сен дагы ушул Ыйсанын шакирттеринин бирисиң да, же мен жаңылып жатамбы? – деп капысынан ага бир аял кайрылды.

- Жок, жок, - деп Петир шашылыш түрдө аны ишендирди.

Ошентип, жакында эле Андан эч качан баш тартпай турганын билдирген Петир, Ыйсадан биринчи жолу баш тартты.

Болжол менен Петирдин короого келгенинен бери бир саат өткөн. Ал Устаты менен сот учурунда эмне болгонунун баарын көрүп жана угуп жатты. Элдин арасына жашынып, ал Синедриондун аягына чейин болгусу келди. Бир аздан кийин кызматчылардын бири Петирди карап, мындай деди:

- Сен дагы Аны менен жүрбөдүң беле!

Петир каршы чыкты:

- Ыйса мененби? Бул такыр мүмкүн эмес!

Ошентип, ал Теңирден экинчи жолу баш тартты.

Бул учурда сот залында катуу ызы-чуу болуп кетти. Ыйсаны түртүп, шылдыңдашып, кээ бирөөлөр Аны сабай башташты.

Ошондо дагы бирөө Петирге мындай деди:

- Сен да ошолордон экенсиң. Сүйлөгөнүңөн эле билинип турат!

Петир Устатына кандай ырайымсыз мамиле жасалганын көрүп, андай жазага туш болгусу келбей:

- Мен Ал Адамды тааныбайм! – деди.

Ошол маалда жаңы күндүн башталышын кабарлап, короз кыйкырды.

Ошондо Петир мурунку күнү кечинде, Пасахты майрамдап жатканда Ыйсанын айткан сөздөрүн эстеди: «Короз кыйкырганга чейин, сен Менден үч жолу баш тартасың!» Петир жаңы эле баш тартып, Устатын караганда, Ал да аны карап жатканын көрдү.

Петир уялып, аябай кайгыга батты. Катуу ыйлап, короодон чуркап чыкты. Ал Устатынын бул көз карашын эми эч качан унутпайт.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Петирди Ыйсанын шакирттеринин бири катары ким тааныган?

  2. Петир эмне деп жооп берген? Бул канча жолу кайталанды?

  3. Эмнеге Петир ыйлады?

85. Петирдин баш тартуусу00:00 / 02:35