Ыйсанын туткундалышы

Ыйсанын туткундалышы

Ыйык Китеп, Лука, 22-бөлүм, 47-54-аяттар

Бакчанын жанына элдер топтолуп калды. Алар шамана менен жолду жарык кылып келе жатышты. Каракчыны же киши өлтүргүчтү кармаганы келгенсип, кылыч, союл менен куралданып алышыптыр. Алардын көбү башкы ыйык кызмат кылуучулардын жана фарисейлердин кулдары болчу, ал эми алардын башында Ыйсанын шакирттеринин бири Жүйүт бар эле.

- Кимди издеп жатасыңар? — деп сурады Ыйса.

- Назареттик Ыйсаны, — деп жооп беришти.

Ыйса мындай деди:

- Ал Менмин.

Жүйүт алдын ала Ыйсаны кармаганы бара жаткандар менен макулдашып алган эле: «Адашып калбашыбыз үчүн, Мен Устатты саламдашуу катары өбөм. Бул белги менен Кимди кармаш керек экенин түшүнөсүңөр».

Жүйүт Ыйсага жакындаганда, ага акырын Теңир мындай деди:

- Мени өөп туруп, салып бересиңби, досум?

Бул сөздөр Жүйүттүн жүрөгүнө бычактай сайылды, бирок ал баары бир Теңирди өптү. Ошенткенден кийин, башкы ыйык кызмат кылуучулардын малайлары алдыга чыгып, Ыйсаны кармашты.

- Эмнеге силер Мени түн жарымында бул жактан кармап жатасыңар? Күн сайын ийбадатканада болдум, бирок силер Мени кармаган жок элеңер, - деди Ыйса жана аларга эч каршылык көрсөтпөстөн, Өзүн байлап алууга уруксат берди.

Устаттын алып кетип баратканын көргөн шакирттери, коркконунан ар тарапка качып кетишти.

Душмандардын коштоосунда Ыйсаны Иерусалимге алып барышты, ал жерде Аны өлүм өкүмү күтүп турган.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Ошол түнү Гетсемани багына Ыйса менен шакирттеринен башка ким келди?

  2. Жүйүт Ыйсага жакын келгенде эмне кылды?

  3. Эмнеге Ыйса Аны кармап жатышканда каршылык көрсөткөн эмес?

84. Ыйсанын туткундалышы00:00 / 01:48