Гетсемани багында

Гетсемани багында

Ыйык Китеп, Лука, 22-бөлүм, 39-46-аяттар

Ыйса он бир шакирти менен Иерусалимдин жанынан агып өткөн Кидрон дарыясынын аркы өйүзүнө өттү. Он эки шакирттин бири Жүйүт, алар менен эмес эле. Караңгы киргенде алар Зайтун тоосуна жөнөштү, бул жерде Ыйса дайыма Асмандагы Атасына сыйынчу. Тоонун этегинде зайтун дарактары өскөн Гетсемани деген бак бар эле. Бактын кире беришинде Ыйса шакирттерине мындай деди:

- Бул жерде отуруп тургула, мен ары барып сыйынайын.

Ал эми Петирге, Жакыпка жана Жаканга Өзү менен кошо барууну айтты.

Ушул учур Ыйса үчүн оор болду, Ал кайгырып, кыйналып жатты. Аны эмне күтүп турганын Теңир билген. Бардык адамдардын күнөөлөрүнүн жүгү Анын мойнуна түшүп, Ыйса айкаш жыгачтагы катуу азапка жана өлүмгө бет алды. Бир эле Анын Денеси жан чыдагыс ооруну көтөрбөстөн, баарынан мурда, Ал рухтун, анын жанынын азаптарына туруштук берүүгө аргасыз болгон. Ал адам болуп туруп, бир дагы күнөө кетирбесе дагы, бардык адамзаттын күнөөлөрүнүн жазасын көтөрүшү керек болчу.

Кайгыга жана капага толуп, Теңир сүйүктүү шакирттерине мындай деди:

"Ата, эгерде Сенин эркиңе туура келсе, ушул чөйчөктү Менин жанымдан кыя өткөрүп жиберчи. Бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун!

Ошондо асмандан бир периште келип, Ага күч берди.

Кыйналып жатканында, Ал бүт күчү менен сыйынды. Анын тери кандын тамчысына окшоп жерге таамп жатты". (Лука 22: 42-44)

- Жаным аябай кыйналып жатат, бул жерде калып Мени менен сергек болгула!

Бизге окшоп эле, Ыйса досторунун колдоосуна муктаж болгон, аларды Аны менен бирге сыйынууга чакырган. Теңир алардан бир нече кадам нары басып барып, чөгөлөп, жүзтөмөндөп жыгылып сыйынды:

- Оо, Атаке! Эгерде мүмкүн болсо, бул чөйчөк Менден кыя өтүп кетсинчи; бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун.

Ар бир адам сыяктуу эле, Теңир келе жаткан азаптан качкысы келди, бирок Атасына тил алчаак Уулу катары Ал мындай деген:

- Менин эмес, Сенин эркиң аткарылсын.

Ыйса ушунчалык кайгырып, сыйынгандыктан, Анын тери кан тамчылары сыяктуу жерге тамды. Ошондо ага асмандан Периште келип, Ага күч берди.

Ыйса сыйынып бүткөндөн кийин, Аны сыйынуу менен колдоп турууну суранган үч шакиртинин жанына барды. Бирок алар сыйынышпай эле, уктап калышкан. Ыйса аларды ойготуп, Петирге мындай деди:

– Шымон! Уктап жатасыңбы? Мени менен бир саат сергек тура албадыңбы?

Бул сөздөр менен Ыйса, Шымон Петир Аны менен бирге өлөм деп айтканын жана Андан эч качан баш тартпай турганын, эскерткиси келген. Ыйса дагы эки жолу шакирттеринен Аны сыйынуу менен колдоону суранды жана эки жолу кайтып келип, алардын уктап жатканын көрдү. Үчүнчү жолу келгенде:

- Силер дагы эле уктап, эс алып жатасыңарбы? Мына, убакыт келип калды, Адам Уулун күнөөкөрлөрдүн колуна салып беришет. Тургула, кетели. Мына, Мага чыккынчылык кыла турган адам жакын келип калды.

СУРООЛОР

1) Кечки тамактан кийин Ыйса кайда барган?

2) Ыйса Гетсемани багында эмне кылган? Ал Атасынан эмнени сурады?

3) Ыйса шакирттеринен эмнени сураган?

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Кечки тамактан кийин Ыйса кайда барган?

  2. Ыйса Гетсемани багында эмне кылган? Ал Атасынан эмнени сурады?

  3. Ыйса шакирттеринен эмнени сураган?

83. Гетсемани багында00:00 / 03:27