Акыркы Пасах

Акыркы Пасах

Ыйык Китеп, Жакан, 13-бөлүм, 1-32-аяттар

Пасах Ысрайыл эли үчүн эң маанилүү майрам. Бул жолу Ыйса бул майрамды шакирттери менен өткөргүсү келди. Ал Петир менен Жаканга: «Иерусалимге барганда, силер кумурага суу көтөргөн кишиге жолугасыңар. Анын артынан ээрчип, Пасахты каякта тоссок болот деп сурагыла. Ал силерге чоң бөлмөнү көрсөтөт, ошол жака баарын даярдасаңар болот.

Шакирттери баарын Ыйса айткандай жасашты. Кечинде алар Иерусалимдеги бир үйдүн чоң бөлмөсүнө чогулушту, ал жерде Ыйса мурда бул майрамда жасалбаган бир жаңы нерсени жасады. Ал чылапчынды алып, ага суу куюп, шакирттердин биринин алдына чөгөлөп, бутун жууй баштады. Биринин бутун жууп, экинчисине өттү, үчүнчүсүнө…

Шакирттердин көздөрү таң калгандан алайып калды. Бул эмнени билдирет? Көбүнчө барктуу адамдардын үйлөрүндө коноктордун бутун жууган атайын кызматчылар болот. Бирок Ыйса алардын кулу эмес да! Ал алардын Устаты, Кудайдын Уулу! Эмнеге Ал кулдун ишин кылып жатат!

Петирдин бутун жууганга кезек келгенде, ал каршы чыкты:

- Теңир, мен Сага бутумду эч качан жуудурбайм!

Ыйса аны карап, мындай деди:

- Эгерде Мен сенин бутуңду жуубасам, анда сен Мени менен үлүштөш болбойсуң.

Ошондо Петир ойлонуп калды. Анткени кеп бир эле бут жууганда эмес эле. Ыйса бул ишке терең маани берген.

Бардык шакирттеринин бутун жуугандан кийин, кайра алар менен жамбаштап жатты.

- Силерге эмне кылганымды түшүндүңөрбү? – деп сурады Ыйса. Шакирттери унчуккан жок, анткени Ыйсанын бул кылганы баарына түшүнүксүз болду.

- Мен силерге үлгү көрсөттүм, - деп түшүндүрдү Ыйса, силер да ушундай кылгыла.

«Ушундай кылышыбыз керекпи, кулга окшоппу? Ыйса бизден бул нерсени талап кыла албайт!» — деп ойлонушту шакирттер.

Ыйса улантты:

- Силер Мени Устат жана Теңир дейсиңер. Мунуңар туура, анткени Мен чынында эле Ошолмун. Бирок ошого карабастан мен бутуңарды жуудум. Демек, силер да, Мен силерге эмне кылсам, ошону кылгыла.

Эми тамактанууга убакыт келди. Шакирттер тамак-аш алып келип, Ыйсанын бата берүүсүн күтүштү. Бирок сыйынардын алдында Өзүнүн жакындап келе жаткан өлүмүн айткан Ыйса, шакирттерин дагы бир жолу таң калтырды. «Мени шылдыңдашат, сабап өлтүрүшөт. Бирок үчүнчү күнү мен өлгөндөрдүн арасынан тирилем, - бул сөздөр шакирттерди катуу капа кылды, бирок Теңир сөзүн улады, - ошондуктан, Мен азап тартардын алдында бул Пасахты силер менен майрамдагым келген. Анткени кийинки жолу мен аны жаңы дүйнөдө, Кудайдын Падышалыгында белгилейм».

Анан Ыйса нанды алып, ал үчүн ыраазычылык билдирди. Ал нанды сындырып, шакирттерине таратып берди.

- Бул Менин Денем, - деди ал. - Бул нан сындырылгандай, Менин Денем да силер үчүн сындырылат. Муну Мени эскерүү үчүн кылгыла.

Нанды жегенден кийин Ыйса чөйчөктү алып, ага шарап куюп:

- Бул Менин силер үчүн төгүлгөн Каным. Бул — Кудайдын адамдар менен түзгөн жаңы келишими.

Ал чөйчөктү жанында отурганга сунду, шакирттеринин баары кезектешип андан ичишти.

Кечки тамак аяктап калды. Бул күнкү Пасах майрамы мурункуларга окшош болгон жок. Окуучулар ошол күнү Ыйсанын айткандарынын аз гана бөлүгүн түшүнүштү. Бирок бир аз убакыттан кийин алар акыркы Пасах кечинде Теңир аларга айткан сөздөрдүн маанисин түшүнүшөт.

Талкуулоо үчүн суроолор

4 суроо
  1. Пасахты Иерусалимде ким даярдаш керек эле?

  2. Эмнеге Ыйса шакирттеринин бутун жууган?

  3. Ыйса бул үлгү аркылуу шакирттерине жана бардык жолдоочуларына эмнени үйрөткүсү келген?

  4. Теңир шакирттерине кандай осуяттарды калтырды?

82. Акыркы Пасах00:00 / 04:08