
Ыйсанын Бетанияда майланышы
Ыйык Китеп, Жакан, 12-бөлүм, 1-8-аяттар
Пасахка алты күн калганда, Ыйса Бетанияга шакирттери менен келди. Ал, адаттагыдай эле, Мартанын, Мариямдын жана Лазардын үйүнө келип конду. Эртеси кечинде баары чогулуп, Ыйса мурун пес оорудан айыктырган Шымондукуна барышты.
Марта кызмат кылып жүрдү. Мариям нард деген өсүмдүктөн жасалган жыпар жыттуу, таза майдан алып, Ыйсанын жанына келди. Ал май куюлган идиштин оозун аярлык менен ачып, аны Ыйсанын башына жана буттарына куйду. Анан чачын жайып, Анын буттарын чачы менен сүрттү. Үйдүн ичи жыпар жыттуу май жыттанып калды.
Чогулгандардын айрымдары Мариямга ачууланышты. Кымбат баалуу майды ушинтип ысырап кылганын жактырышкан жок. Кийинчерээк Машаякка чыккынчылык кылган Жүйүт Искариот мындай деди:
- Бул майды үч жүз күмүш тыйынга сатып, түшкөн акчаны жакырларга таратып берсе болот эле да?
Ал муну жакырлар үчүн кам көргөндүктөн эмес, ууру болгондуктан айтты. Акча салынуучу кутуча анда болгондуктан, ал ага салынган акчадан анча-мынча уурдап алчу.
Теңир шакирттеринин нааразычылыгын токтотуп, мындай деп айтты:
- Ал мага жакшылык кылды. Анткени жакырлар болсо дайыма жаныңарда болот, Мен дайыма эле боло бербейм! Ал Менин денемди көргө даярдап, алдын ала майлады! Бүткүл дүйнө жүзү боюнча, Жакшы Кабар таратылган жерде, ал Мен үчүн эмне кылганын эстеп айтышат.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЫйса Бетанияда кимдикинде калчу эле? Ал жерге Ал качан барган?
Мариям эмне кылган?
Окуучулардын кимиси Мариямдын кылганына нааразы экенин билдирди?