
Жесир аялдын аз гана кошумчасы
Ыйык Китеп, Марк, 12-бөлүм, 41-44-аяттар
Ыйса Иерусалимге келип, шакирттери менен ийбадаткананын сырткы короосуна кирди. Ал курмандыктар салына турган кутунун маңдайында элдин акча салганын карап отурду. Ал көптөгөн бай адамдар көп акча салганын, бирок баары көрүшү үчүн атайылап көрсөтүп салып жатышканын көрдү.
Анан бир байкуш жесир аял келип, казынага эки кичинекей тыйын салды. Теңир ал акча кедей аялга канча турарын билген.
Ал өзүнүн шакирттерин жанына чакырып, мындай деди:
Бул жарды, жесир аял акча салгандардын бардыгынан көп салды. Анткени бардыгы өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял жардылыгына карабастан, колунда болгонун, тамакка деген акчасынын баарын салды!
Бул шакирттерге жакшы сабак болду. Ыйса аларга, Кудай тартуунун көлөмүнө эмес, берүүчүнүн жүрөгүнө карай турганын көрсөткүсү келген! Алар да кийин келечекте, жыйынга кам көрүшкөндо ушундай кылышы керек.
"Ошондо Ыйса шакирттерин жанына чакырып, аларга мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, бул жарды жесир аял акча салгандардын бардыгынан көп салды. Анткени бардыгы өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял жардылыгына карабастан, колунда болгонун, тамакка деген акчасынын баарын салды". (Марк 12:43, 44)
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооИйбадаткананын сырткы короосунда Ыйса менен шакирттеринин көңүлүн эмне бурган?
Ийбадатканадагы чоң тартуулар Ыйсаны эмне үчүн таң калтырган эмес?
Эмнеге Ыйса шакирттерине жакыр жесир аялды үлгү катары көрсөткөн?