
Ыйсанын Иерусалимге кириши
Ыйык Китеп, Матай, 21-бап, 1-11-аяттар
Пасха майрамы жакындап калган. Ыйса шакирттери менен Бетаниядан Иерусалимге жөнөп кетишти. Аларды көп адамдар коштоп жүрүштү. Буга чейин Ыйса Иерусалимде Аны чоң азап күтүп турганын бир нече жолу айткан. Бирок башында баары салтанаттуу жүрүштү элестишти. Кубанычка толгон эл, жеңиштин жана боштондуктун символу катары эсептелген пальма бутактарын булгалап, Теңирди тосуп алышты. Бул, Ыйсаны тосуп алган Иерусалимдин тургундары, Ал алардын көптөн берки кыялын ишке ашырат деп үмүттөнүшкөнүн билдирет. Кудай пайгамбарлар аркылуу убада кылган Жүйүттөрдүн Падышасы, Машаяк, аларды римдиктердин бийлигинен бошотушу керек болчу! Баарынан Назареттик Ыйса Падыша болгонго татыктуу эле!
Теңир элдин маанайын гана эмес, Кудай Захария пайгамбар аркылуу Ыйса жөнүндө айткан Ыйык Жазуудагы сөздөрдү да билген: «Сага өзүңдүн момун Падышаң келет. Ал ургаачы эшекке, кодикке, минип келет...» Асмандагы Атасынын эркин аткаргысы келген Ыйса, шакирттерин эң жакынкы айылга бир эшикти алып келиш үчүн жиберди. Шакирттери Ыйсанын буйругун аткарышты. Ага бир жаш эшекти алып келишти да, кийимдерин төшөштү, Теңир эшекке отурду. Аны коштоп жүргөндөр кубанып кыйкырып жатышты:
- Осанна! Дөөттүн Уулуна даңк! Теңирдин атынан Келе Жатканга алкыш! Эң жогорудагыга даңк!
«Осанна» деген эврей сөзү: «Теңир, бизге батаңды бер жана сакта!» дегенди билдирет.
Кээ бирөөлөр: «Аллелуя!» деп кыйкырып жатышты, бул «Кудайга даңк!» дегенди билдирет.
Бара-бара бардык эл шаттыкка толду. Баары Кудайды даңктап:
- Ыйса, Сен баарыбызга жардам берүү үчүн Кудай тарабынан жиберилген Кишисиң!
Адамдар Ыйсаны тосуп алуу үчүн пальма бутактарын кесип, мурдагыдан да катуу кыйкырышты:
- Биз Сени даңтайбыз! Сен бизге Кудайдан Жиберилүүчүсүң! Сен биздин Падышабызсың! Сен бизге тынчтык алып келесиң!
Падышанын алдына жайылчу узун килемдин ордуна эл үстүнкү кийимдерин чечип, чаң жерге жайып жатышты. Мындай кылуу менен, алар Ыйсанын убадаланган Куткаруучу экенин көрсөткүсү келген. Ал алардын падышасы болушу керек! Уламдан-улам өтүп бараткандар салтанаттуу жүрүшкө кошулду. Каякты караба, бардык жерде кубанычтуу жүздөр, жылмаюулар, шыктанган үндөр жана кубаныч. Бирок бул кубанычты баары эле тең бөлүшкөн жок.
Фарисейлердин кээ бирөөлөрү бул кубанган элди карап, Ыйсанын жанына келип:
- Буларды тый! Эгер римдиктер элдин Сени падыша деп аташканын билишсе, кыйынчылыкка туш болосуң. Алар эмне деп кыйкырып жатышканын такыр түшүнүшпөйт. Аларга айт, ооздорун жабышсын.
Фарисейлер Ыйсага көрө албастык кылышкан, анткени Ыйсанын кадыр-баркы карапайым элдин арасында алардыкынан күчтүүрөөк жана урматка ээ болуп калган. Алар жүйүттөрдүн арасындагы бийлигин жана таасирин жоготуп коюудан коркушкан.
– Жок, – деп жооп берди Ыйса, – эгерде булар унчукпаса, анда таштар кыйкырышат. Алар Кудайды даңктаашсын!
Бирок, ошол эле учурда, Теңир бүгүн Аны ушунчалык катуу даңктагандардын көбү Ага чыккынчылык кылып, бир нече күндөн кийин Аны таштап кетерин билген. Алардын сүйүүсү бат эле жек көрүүгө айланат да, Аны айкаш жыгачка кадашат.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЭл Ыйсанын артынан Иерусалимге баратканда, Андан эмнени күтүшкөн?
Иерусалимге Ыйса кантип кирген?
Ыйса үчүн эмне маанилүүрөөк болгон: падыша болуубу же Атасынын эркин аткаруубу (айкаш жыгачта азап тартуу)? Эмнеге?