Ыбрайым жана Лот

Ыбрайым жана Лот

Ыйык Китеп, Башталыш китеби, 13, 18, 20—33, 19 бөлүмдөр

Бара бара Ыбрайым менен Лот абдан байып кетишти. Алардын майда жана бодо малы, ошондой эле алтын менен күмүштөрү көп болду. Көп өтпөй эле, алардын көйгөйлөрү пайда боло баштады. Малдары ушунча көбөйгөндүктөн, жайыт жетишсиз болуп, алардын малчыларынын ортосунда чыр-чатак чыга баштады.

Ошондо Ыбрайым Лотко мындай деди:

- Экөөбүздүн ортобузда же малчыларыбыздын ортосунда чыр-чатак болгону жакшы эмес - биз тууганбыз да. Кел, бири-бирибизден кандайдыр биз алыстыкка бөлүнөлү! Эгерде сен сол тарапка кетсең, мен оң тарапка кетейин. Эгерде сен оң тарапка кетсең, мен сол тарапка кетейин.

Ыбрайым Лотко каяка баргысы келсе, ошол жакты тандап алуусуна мүмкүнчүлүк берди. Ошондо Лот көз чаптырып, Иордан суусу аккан өрөөндүн абдан жемиштүү экенин көрдү. Ал Теңирдин багындай, бейиштей болчу деп - Ыйык Китепте айтылат. Лот өзүмчүл болгондуктан, ошол кооз жерди тандап алды. Бирок, ал жерди эмне күтүп турганын ал билген жок, Содом менен Амор шаарларынын элдери аябай бузулгандыктан, Кудай ал жерлерди кыйратарын элестете алган жок.

Лот Теңирди урматтаса да, Содомдун бузулган тургундарынын арасындажашоонун өзү туура эмес экенин сезген жок.

Канча бир убакыт өттү. Бир күнү Кудай Ыбрайымга Өзүнүн чечими жөнүндө

айтты:

- Содом менен Амордун элдери оор күнөөлөрдү жасап жатат. Ал жерлерге барып, карап көрөйүн, ал бузулган шаарлар Мен даярдап койгон жазага татыктуу бекен же жокпу?

Теңирдин эки периштеси Содомго жөнөтүлдү. Ыбрайым болсо Кудайдан сурай баштады:

- Балким, бул шаарда элүү адил адам бардыр? Кантип эле Сен ал шаарга алар үчүн ырайым кылбайсың?

Теңир ага ошондой кылаарын убада кылды. Ыбрайым уламдан-улам адил адамдардын санын азайтып, ушул суроосун бере берди: 45, 30, 20 ушинтип онго чейин жетти. Ыбрайым ар бир айткан сайын, Теңир ошол адилдер үчүн шаарды аяй турганын убада ага кылып жатты.

Ошол эки Периште кечинде Содом шаарына келишти, Лот болсо, ошол маалда шаардын дарбазасынын алдында башка кадыр-барктуу адамдар менен чогуу отурган эле. Лот аларды көрүп, ордунан туруп, таазим кылып, үйүнө түнөп кеткиле деп чакырды.

Бирок алар:

- Жок, биз көчөдө эле түнөйбүз, дешти.

Содом тургундары келгиндерге абдан жаман мамиле кылаарын Лот билгендиктен, аларды өзүнүн үйүнө барууга көндүрдү. Алар кечки тамактанууга отура электе эле, көчөдө коркунучтуу ызы-чуу угулду. Бул шаардын тургундары эле, алар Лоттон конокторду аларга чыгарып берүүсүн талап кылып келишиптир. Лот конокторун коргоп жатканын көрүшкөндө, аны коркута башташты. Ошондо Периштелер ал жерге келген Содомдуктарды сокур кылып салышты да, Лотко мындай дешти:

- Бүт үй-бүлөңдү шаардан тезирээк алып чык, анткени кордук көргөндөрдүн зар-муңу Теңирге жеткендиктен, биз бул жерди күнөөлөрү үчүн жок кылабыз.

Тилекке каршы, Лоттун болочок күйөө балдары аны тамашалап жатат деп, ага ишенбей коюшту. Лот өзү да шашпагандыктан, периштелер Теңирдин ага болгон ырайымынан улам аны, аялын жана эки кызын колдорунан жетелеп, шаардын сыртына алып чыгышты, анткени Теңир аларды сактап калууну каалаган. Ошондо Теңир аларга артка кылчактабай качууларын буйруду. Бирок Лоттун аялы Кудайга тил албастык кылып, артка кылчайып шаарды карады эле, ошол замат туз мамыга айланып калды. Ал эми Лот кыздары менен андан ары чуркап кете берди...

Ошондо Теңир Содом менен Аморго асмандан күкүрт менен отту жаадырды. Ошентип, Теңир бул шаарларды, алардын тегерек-четин, ошондой эле Иордан өрөөнүндөгү бардык тирүү жандыктарды жок кылды. Мына ушинтип, бир кездеги кооз өрөөндүн ордунда бүгүнкү күндө чайпалып Өлүк деңиз жатат, аны Ыйык Китепте Туздуу деңиз деп да аташат.

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Лот жердин кайсы бөлүгүн тандап алган?

  2. Ыбрайым Содом менен Аморго ырайым көрсөтөөрүн билиш үчүн Кудайга кандай суроолорду берген?

  3. Теңир бул шаарлардын гүлдөп жаткан жамандыктарын кантип жеңген?

7. Ыбрайым жана Лот00:00 / 04:45