Закай менен жолугушуу

Закай менен жолугушуу

Ыйык Китеп, Лука, 19-бөлүм, 1-10-аяттар

Жериходо Закай деген салык жыйноочулардын башчысы жашаган. Ал бай адам болгон жана аны баары таанычу. Анын иштеген жери Жерихо шаарынын дарбазаларынын жанында жайгашкан. Шаарга кирүүнү каалаган соодагерлер ал дарбазалар аркылуу тынымсыз өтүп турушкан. - Токто! – Закай аларды токтотту. – Салык төлөмөйүнчө эч кимдин өтүүгө укугу жок. Акчаңарды алып чыккыла - эки күмүш тыйын - бул Рим бийлиги тарабынан коюлган салык.

Жолоочулар аргасыздан акчаларын алып чыгышканда, Закай сүйүнчү. Анткени ошол учурда анын байлыгы дагы бир канча эсеге көбөйүп турар эле. Ал Рим бийлигине бир күмүш тыйынды өткөрүп, экинчисин өзүнө калтырчу.

Ооба, ал көп учурда жылмайчу, бирок бактысыз болчу, анткени аны эч ким жакшыкөрчү эмес. Жада калса көпчүлүгүнүн ага ачуусу келчү. Албетте, мындай көз карашка өзү күнөөлүү экенин Закай деле түшүнчү. Анткени, ал өзү туура эмес иштерди кылчу да.

Бир күнү Закай, Жерихого Ыйса келерин бир нече адамдардын сүйлөшүүсүнөн угуп калды.

- Ыйса?

Закай кулак түрө калды.

«Ыйса! Мен да Аны көргүм келип жатат, анткени атактуу Адам. Баары Ыйса адамдарды сүйөт дейт, бирок, албетте, Ал мени сүйбөйт, – деп ойлоду Закай. - Мени эч ким сүйбөйт. Бирок мен Аны көргүм келет».

Закай өз ишин кол алдындагыларга тапшырып, Ыйса өтө турган көчөгө чыкты. Бирок ал жерге Теңирди көргүсү келген аябай көп адам чогулуп калыптыр!

Закайдын бою кичинекей болгондуктан, элдин арасынан Ыйсаны көрө албайт болчу.

Закай эми эмне кылат? Көчөдө эмне болуп жатканын көрүү үчүн ага бийик бир нерсеге чыгууга туура келди. Анан жакын жердеги бир даракты көрдү. Мына, чыга турган нерсе табылды! Салыкчылардын башчысы даракка чыгып жатат деп, көргөн эл шылдыңдап күлүп жиберди. Бирок Закай аларга көңүл бурган жок. Ал эмнеси болсо да Ыйсаны көргүсү келди.

Мына, Ал он эки шакирти менен көрүндү. Аларды ээрчиген дагы көп адамдар бар эле. Закай ылдый жакка көз салып, өтүп жаткандарды карап отурду

Бирок, бул мүмкүн эмес! Ыйса анын жанынан токтобой өтүп кетип калган жок! Ал бактын алдына токтоп, өйдө карап, катуу үн менен айтты:

- Закай, тезирээк түш! Мен бүгүн сенин үйүңө конок болуп барам!

«Ал мени кайдан билет? — деп таң калды Закай. Анан эмнеге менин үйүмө баргысы келип жатат?»

Бирок азыр анын ойлонууга убактысы аз эле. Закай дарактан түшүп, Ыйсаны жана анын шакирттерин үйүнө алып барды. Ал үйдөгүлөргө тамак даярдап, дасторконго болгон бардык сыйлуу тамактарды коюуну буйрук кылды. Закай Ыйса менен жеке жолукканына абдан кубанды. Элдин айткандары чын болуп чыкты: Ыйса аны жек көргөн эмес экен. Ал бардык адамдарды сүйөт. Жадагалса, анын кандай жашагандыгы тууралуу элге белгилүү болгон Закай сыяктуу адамдарды да.

Закайдын жүрөгүндө чоң өзгөрүүлөр болуп жатты. Ыйса менен сүйлөшүп жатып, ал күтүлбөгөн жерден туура эмес, күнөөкөр жашоодо жашап жатканын түшүндү да, тобо кылды. Түшкү тамактануу аяктап калганда, Закай Ыйсага мындай убада берди:

- Теңир, мен мал-мүлкүмдүн жарымын жакырларга таратып берем. Эгерде кимдир бирөөнү алдап, акысын жеген болсом, төрт эсе кайтарып берем.

Ыйса анын үйүнө келгенине Закай абдан кубанды. Аны менен жолугушкандан кийин, салыкчы жаңы жашоону баштады. Эми ал Кудай каалагандай жашагысы келди.

Ыйсаны Закайдын үйүнө чейин коштоп баргандардын көбү нааразы болушту:

- Эмнеге Ыйса мындай адамга барат? Биз бул калпычы менен сүйлөшпөйбүз да. Анын үстүнө эч ким аны менен бир дасторкондон тамактангысы келбейт. Бирок Ыйса биздикине эмес, аныкына барды! – деп алар нааразы болушту.

Адамдар Ыйсаны дайыма эле түшүнүшкөн эмес.

Теңир Закайга мындай деп айтты: "Бүгүн бул үйгө куткарылуу келди! Сен куткарылдың жана Кудайга таандыксың. Анткени Адам Уулу сага окшоп, жоголгонду издеп-таап куткаруу үчүн келген!"

Талкуулоо үчүн суроолор

3 суроо
  1. Закай кандай иш кылчу?

  2. Закай Ыйсага эмне убада кылды? Эмнеге ал мындай чечимге келди?

  3. Ыйса бул дүйнөгө эмне үчүн келген?

78. Закай менен жолугушуу00:00 / 04:50