
Сокур адамдын айыгышы
Ыйык Китеп, Марк, 10-бөлүм, 46-52-аяттар
Ыйса шакирттери жана көп сандаган элдер менен Жерихондон чыгып, Иерусалимди көздөй бара жатканда жол боюнда баарына тааныш Бартымей деген кайырчы отурган. Бартымей сокур болгондуктан, күнүмдүк тамак-ашка каражат таба албай, кайыр сураганга аргасыз эле.
Ошентип, көзү азиз Бартымей күнүгө жол боюнда кайгылуу жүзү менен отурчу. Ал дүйнөнү: элди, гүлдөрдү, тоолорду, өрөөндөрдү көрүүнү эңсеп, абдан кыялданчу!
Бир күнү бирөө ага: «Ыйса сокурларды айыктырат» - деп айтты.
«Менин көзүмдү Ыйса айыктырса, кандай гана сонун болмок, — деп ойлоду Бартымей. Бирок мен Аны сокур көзүм менен кантип таба алам?»
Күндөрдүн биринде Бартымей адаттагыдай эле өз ордунда отурган, анан көчөдөгү угулуп жаткан үндөрдөн бир нерсе болуп жатканын түшүндү. Ал өтүп бараткан бир кишиден эмне болуп жатканын билүүгө аракет кылды:
- Эй, айтып койчу, эмне болуп жатат бул жакта?
Кимдир бирөө жооп берди:
- Ыйса келе жатат!
- Ыйса?!
Бартымей толкунданып кетти да, катуу кыйкырып жиберди:
- Ыйса, мага жардам бер! Ыйса, мага ырайым кыл!
- Акырын! - өтүп бараткандар анын оозун жабууга аракет кылышты. – Катуу кыйкырба! Ыйсанын айланасында, сенсиз эле адамдар топтолуп калды. Ага сенин кыйкырыгың жетишпей жаткансып!
Бирок Бартымей элдин айтканына кулак салган жок.
- Ыйса, мага жардам бер! – деп, ал улантты.
Бартымейдин үнүн уккан Ыйса токтоп калды.
- Мага кыйкырып жаткан адамды алып келгиле! - деп суранды Ал.
Шакирттери Бартымейге келип:
- Ыйса сенин үнүңдү угуп, чакырып жатат. Тур, Ага бар.
Бартымей ордунан секирип туруп, бат-баттан Аны көздөй басты. Кимдир бирөө аны колунан кармап, топтолуп турган элдин арасынан өтүп, Ыйсага алып барды.
- Менин эмне кылышымды каалайсың?
- Бартымей жылуу үндү укту.
- Устат! Көзүм көргөнүн каалайм! –деди мукактана.
Ыйса мындай деп жооп берди:
- Көзүң көрсүн! Сени ишенимиң куткарды!
Ошондо Бартымейдин көздөрү көрө баштады! Бир заматта аны жаркыраган жарык курчап алды! Биринчи жолу өмүрүндө ал дүйнөнүн ар түрдүүлүгүн жана түстөрүн көрдү! Ал ишенип-ишене албай турду! Эми ал бет маңдайында турган Ыйсанын жүзүн көрө алды. Анын жүзүнөн сүйүү жана боорукердик жаркырап турду! Бартымей чоң ырайым көрсөткөн Теңирге кантип ыраазычылык билдирерин билбей калды!
Ал кичинекей бала сыяктуу кубанычтан секирип, Кудайды даңктап жатты. Ошондон кийин, Ыйса шакирттери менен жолун улантты, Бартымей болсо Анын артынан жөнөдү.
Талкуулоо үчүн суроолор
3 сурооЖериходогу сокурдун аты ким болгон?
Сокур киши Ыйсаны ким деп атаган? Ал Андан эмнени сурады?
Көздөрү ачылганда эмне кылган?